Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби
- Пенсионерлер карылар жана майыптар үйүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурларда пенсионерлер же мекеменин администрациясы пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды зарыл болгон документтер менен бирге пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына берет.
- Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрү кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.
- Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн кайрадан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде Социалдык фонддун башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.
- Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсияга мурда жүргүзүлгөн бардык кайра эсептөөлөр сакталат, пенсионер тарабынан стажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча документтер берилгенде пенсия жаңы дайындоонун шарттарында эсептелет.
- Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөн пенсионерлер кийин пенсиянын мурунку түрүнө өтүү тууралуу арыз менен кайрылса, анда мурунку өлчөмүндө калыбына келтирилет.
- Социалдык фонддун органдары тарабынан “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионерлер дагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча пенсия өтүү жөнүндө зарыл болгон бардык документтер менен арыз менен кайрылууга укуктуу.
Последние новости
Биз биргеликте Бишкекти таза жана көрктүү кылабыз!
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 4-майында...
“Жашыл Мурас” улуттук акциясынын алкагында ишембилик
КР Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана...
Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга болобу?
Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар адамдарга алардын тандап алуусу боюнча бир...
Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюу жөлөкпулу төлөнөбү?
Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан...
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок...
Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?
Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары...
Бишкектин тазалыгына салым кошобуз!
2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын...
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...
Электр тармагында эмгектенгендер үчүн пенсия тууралуу кызыктуу окуулар өтүлдү
“Кыргызстан электр тармагы” ААК филиалынын Чүй...
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...
Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...
Камсыздандыруу полисин онлайн режиминде кантип оңой жана ыңгайлуу сатып алууга болот?
Видеону көрүү үчүн тиркемени басыңыз - видео
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...