Жарыяланган 6.04.2024

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин созулган чоң Чүй каналынын боюндагы чоң ишембиликке катышып, Бишкек шаарын тазалоого жана жашылдандырууга активдүү салым кошту. Иш-чара шаардагы санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында өттү.

Иш-чарага 183 кызматкер жигердүү катышып, Бишкектин кооздугуна жана экологиясына биргелешип камкордугубуздун айкын далили болуп калды. Биз биргеликте Бишкекти таза жана көрктүү кылабыз!

Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.