Жарыяланган 6.04.2024
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
![Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында](http://socfond.kg/uploads/c/coder/b63ea92ac2~.jpg)
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин созулган чоң Чүй каналынын боюндагы чоң ишембиликке катышып, Бишкек шаарын тазалоого жана жашылдандырууга активдүү салым кошту. Иш-чара шаардагы санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында өттү.
Иш-чарага 183 кызматкер жигердүү катышып, Бишкектин кооздугуна жана экологиясына биргелешип камкордугубуздун айкын далили болуп калды. Биз биргеликте Бишкекти таза жана көрктүү кылабыз!
Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.