Жарыяланган 13.04.2024

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги ишембиликке катышты. Социалдык фондунун кызматкерлери ишембиликтин алкагында чоң Чүй каналынын Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейинки аймагын тазалашты. Бул иш-чара шаардагы санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында өттү.
Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.