Жарыяланган 11.04.2024

Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:

• “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:

• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

3. Мураскорлор:

• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

4. Аскер кызматкерлерине төлөө:

• Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

5. Ипотекалык насыялоо:

• Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздук:

• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

7. Оор ооруларды дарылоо:

• Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме: https://www.instagram.com/p/Czs7j-PsF93/?img_index=1).

01.04.2024-жылга карата Статистика:

Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 136 780 адам (3486,7 млн. сом суммасында), анын ичинде:

- Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө - 116 211 адам (1 971,5 млн. сом);

- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө - 3 867 адам (182,3 млн. сом);

- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө  - 10 372 адам (260,9 млн. сом);

- Аскер кызматчыларына төлөө - 577 адам (7,7 млн.сом);

- Ипотекалык кредит алып жаткандарга - 354 адам (71,9 млн.сом.);

- Ипотекалык кредит алгандарга - 4 815 адам (934,4 млн.сом.);

- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) - 62 адам (6,6 млн. сом);

- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө - 193 адам (3,2 млн.сом.);

- Оор оорулары бар адамдарга төлөө  - 329 адам (48,2 млн. сом).

Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз.

Токтомго шилтеме: https://cbd.minjust.gov.kg/93993