Жарыяланган 19.04.2024

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана:

- Аткарылышы Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлө турган соттук чечимдердин, аныктамалардын, токтомдордун жана өкүмдөрдүн (мүлктүк жаза-чаралары жагында), нотариалдык конторалардын аткаруучу жазууларынын жана башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;

- Социалдык фонддун аймактык органдарынын пенсионер тарабынан кыянаттык кылуунун натыйжасында (атайылап анык эмес жазылган маалыматтары бар документтерди берүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөөнүн натыйжасында) ага ашык төлөнгөн пенсиялардын суммасын өндүрүп алуу үчүн чыгарылган чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.