Жарыяланган 19.04.2024
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
![Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат? Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?](http://socfond.kg/uploads/c/coder/4d187679ff~.png)
Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана:
- Аткарылышы Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлө турган соттук чечимдердин, аныктамалардын, токтомдордун жана өкүмдөрдүн (мүлктүк жаза-чаралары жагында), нотариалдык конторалардын аткаруучу жазууларынын жана башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;
- Социалдык фонддун аймактык органдарынын пенсионер тарабынан кыянаттык кылуунун натыйжасында (атайылап анык эмес жазылган маалыматтары бар документтерди берүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөөнүн натыйжасында) ага ашык төлөнгөн пенсиялардын суммасын өндүрүп алуу үчүн чыгарылган чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.