Жарыяланган 15.04.2024

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы астында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш болуп өттү, ага министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Отчеттун долбоору 2024-жылдын 26-мартында мыйзам актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун расмий сайтында жана бирдиктүү порталында жарыяланган жана министрликтер, ведомстволор менен макулдашылган.

Жогорудагы Отчет Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттик көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камтыйт.

Бюджетти аткаруу процессинде жасалган чыгашалар максаттуу мүнөзгө ээ жана Социалдык фонддун 2023-жылга такталган бюджетинин алкагында ишке ашырылган.

Мында 2023-жылга жалпы киреше 103 180,0 млн сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 126,5 %га өскөн. Жалпы чыгашалар 90 297,4 млн сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 126,9 %га көп.

Социалдык фонддун 2023-жылга бюджети 12 882,5 миллион сом профицит менен аткарылып, пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылды.