Жарыяланган 20.04.2024

Бишкектин тазалыгына салым кошобуз!

Бишкектин  тазалыгына салым кошобуз!

        2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Борбордук аппаратынын, Социалдык фондго караштуу «Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду» мекемесинин жана “Окуу борбору” мекемесинин  жалпы эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарды иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Социалдык фонддун 2024-жылдын 14-мартындагы № 77 “Аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө” буйругунун негизинде кезектеги ишембиликке чыгышты.

         Ишембиликтин жүрүшүндө Социалдык фондунун кызматкерлери  Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин созулган чоң Чүй каналынын жээгин, мындан тышкары Бишкектин четиндеги айланма жолдун (трасса А365) “Бишкек” ЭЭАнын бурулушунан Озерное айылынын бурулушуна чейинки аймагын тазалап, бак-дарактарга кам көрүп, борборубуз Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө, санитардык тазалоого жана жашылдандырууга активдүү салым кошушту.

           Ишембиликке Социалдык фондунун 200дөн ашуун кызматкери жигердүү катышты.