Жарыяланган 4.05.2024
Биз биргеликте Бишкекти таза жана көрктүү кылабыз!
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 4-майында Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин созулган чоң Чүй каналынын боюндагы чоң ишембиликке катышып, Бишкек шаарын тазалоого жана жашылдандырууга активдүү салым кошту. Иш-чара шаардагы санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында өттү.
Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.