Жарыяланган 17.04.2024

Электр тармагында эмгектенгендер үчүн пенсия тууралуу кызыктуу окуулар өтүлдү

Электр тармагында эмгектенгендер үчүн пенсия тууралуу кызыктуу окуулар өтүлдү

“Кыргызстан электр тармагы” ААК филиалынын  Чүй электр тармактар ишканасында эмгектенген жамаатка жана ушул эле тармактын Аламүдүн районунун электр энергия сатуу кызматынын Лебединовка бөлүмүндө иштеген кызматкерлерге пенсия тууралуу сабактар өтүлдү. Бул иш-чаралар мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин пенсиялык укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Семинар өзгөчө пенсия курагына жакындап калган кызматкерлердин арасында чоң кызыгууну жаратты. Көптөгөн суроолор берилди, анын ичинде, жаңы мыйзамдар алар үчүн кандай шарттарды камтыды жана топтомо фондундагы каражаттарды насыя төлөгөнгө, жер сатып алганга же контракт төлөгөнгө болобу, кайсы жылы чыккандарга топтомо фонду болот деген өңүттөгү бир нече кызыктуу суроолорун беришип, талкуу жаратышты.

 

Өтүлгөн окуу тууралуу ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери пайдалуу маалымат жана практикалык кеңештер үчүн ыраазычылык билдиришти.