Жарыяланган 16.04.2024

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин Педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо институтунун жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы үчүн бир катар лекцияларды өткөрүштү. Жолугушуулар пенсия менен камсыз кылуунун маанилүү аспектилерине арналды.

Өзгөчө көңүл Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу ипотекалык насыяны төлөө үчүн пенсиянын топтолгон бөлүгүн пайдалануу шарттарына бурулду. Мугалимдер үчүн болгон эрежелерди жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңири түшүндүрдүк.

Ошондой эле катышуучулар өздөрүнүн топтомо эсебиндеги акчасынын суммасын кантип текшерип, ипотеканы алуу үчүн кандай шарттар бар экенине кызыгышты.

Социалдык фонддун окуу борборунун адистери ар дайым ар тараптуу маалымат берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даяр.