Жарыяланган 8.04.2024

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч кичи районундагы №73чү орто мектептин мугалимдер жамааттарына пенсия тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү лекциясы окулду.  Лекцияны Окуу борбордун башкы адиси Бактыгул Сарымсакова окуду.

Суроолор: Архивден буга чейинки документтерибиз такыр табылбай калса кандай болот? Топтомо фондундагы каражатыбызды жер иштеткенге колдонсок болобу? Мураскорум жок болсо топтомо фондундагы каржатты ким алат? Жашаган жерим бийик тоолуу аймакта катталган, бирок шаарда иштейм,  айылдан пенсияга чыксам болобу? Кайсыл учурда пенсия токтотулат?

Ушул өңүттөгү суроолор дайыма берилип турат, ага жараша жоопторун да кенен ала алышты.  «Өзгөчө архивден документтерибиз табылбай, издеп убара болобуз. Убагында менчик ишканаларда иштеп же социалдык төлөмдөр которулбай калгандыктан пенсияга чыгаарда кыйынчылык жаралууда» дейт, окууга катышкандар. 

Мугалимдер бүгүнкү өтүлгөн окуулар абдан пайдалуу болгонун билдиришип, ыраазычылыктарын айтышты.