Жарыяланган 18.04.2024

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-март айларында 2718 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:
- жазуу түрүндө кайрылуулар – 115;
- ооз эки кайрылуулар – 336;
- КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 37 жаран;
- ишеним телефондор аркылуу – 1440;
- уюлдук ишеним телефону аркылуу – 790.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулары боюнча төмөнкү багыттарды бөлүп көрсөтүүгө болот: пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, пенсияларды индексациялоо, пенсияга чыгуу укугу, пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө, пенсиянын кайра эсептөө, пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү акча каражатын төлөө, КР Соцфондунун ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.