Эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо

2019-жылы 20-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюлган.

Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө тең укуктарды камсыз кылуу, эмгекчилер мүчө мамлекеттердин аймагында ээ болгон пенсиялык укуктарын коргоо, ошондой эле өлкөлөр ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү макулдашуунун долбоорунун негизги максаты болуп эсептелет.

Макулдашуунун долбоору боюнча жарандар ээ болгон пенсиялык укуктарынын көлөмүнө жараша пропорционалдуу принциби боюнча пенсияларды чектөө жана төлөп берүү боолголонууда, б.а. ар бир мамлекет анын аймагында ээ болгон стажга ылайык пенсия чегерет жана төлөп берет (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөнүнө жараша).

Макулдашуунун долбоорунун күчүнө кириши ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

Макулдашуунун долбоорунун күчүнө кириши ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

  •  эмгекке орноштурган мамлекеттин жарандары менен барабар пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө эмгекчилердин тең укуктарын түзүү жана ишке ашыруу;
  • ар бир мамлекет аймагында иш стажынын мезгили үчүн төлөп берет  (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөнүн эске алып);
  •  ар бир мамлекет өз мыйзамдарына ылайык пенсияга укугун аныктайт жана өлчөмүн эсептейт;
  •  пенсияга укугун аныктоо үчүн камсыздандыруу стажын жалпылоо каралган;
  • ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден баштап камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгил үчүн пенсияларды экспорттоо.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттер үчүн Макулдашуунун кабыл алынышынын артыкчылыктары:

  • Эмгек стажын жана пенсиясын жоготпостон ЕАЭБ каалаган мамлекетинде иштөө мүмкүнчүлүгү
  • Аймактардын теңдиги жана пенсияларды экспорттоо
  • Легалдуу ишке орношууга дем берүү

 

ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттердин ортосунда эмгекчилердин пенсиялык укуктарын жана активдерин толук кандуу жана тобокелсиз ɵткɵрүп берүү мүмкүнчүлүгү эмгекчилердин ɵзүлɵрү үчүн дагы, ошондой бул ɵлкɵлɵрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү үчүн да ɵтɵ маанилүү экендигин белгилей кетүү зарыл. Пенсиялардын мобилдүүлүгү жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүшүнүн жана макулдашылган пенсиялык социалдык саясаттын ажырагыс бөлүгү болуш керек.

Макулдашуу ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттер ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. Тагыраак айтканда, бул Макулдашууга кол коюлганга чейин, мисалы,  РФ иштеп жаткан Кыргызстандын жараны россиялык пенсиялык системага чегерүүлөрдү жасап, бирок бул мезгилдер үчүн пенсиялык укуктарга ээ болгон эмес.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин эмгекчилердин ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттерде иштеген мезгили эсепке алынып, анын пенсиялык стажы эсептелинип баштайт. Алар пенсиялык төлөмдөрүн башка пенсиялык системалардан  ала алышат, анын үстүнө акчалары туруктуу жашаган өлкөгө экспорттолушу мүмкүн. Же болбосо эмгекчинин келишими боюнча ал бул каражаттарды башка өлкөлөрдөн ала алышат. Бул жарандардын социалдык корголушунун бир кыйла жогорку деңгээлине жана адилеттүүлүккө алып келет.

Ар бир ЕАЭБге мүчɵ мамлекет ишке орноштурган өлкөдөгү иштеген мезгилине жана чегерген пенсиялык төгүмдөрүө шайкеш пенсиясынын бир бөлүгүн төлөп берээрин эске алып, эмгекчилер ЕАЭБге мүчɵ мамлекеттердеги иш берүүчүлөр менен эмгек мамилелелерин расмий тариздеши керек, тактап айтканда эмгектик, жарандык-укуктук келишимдерди түзүп, ошону менен пенсиялык укуктарын түзүшү керек. 

 

Түркия

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге кол коюлган.

Келишим социалдык камсыздоо жаатындагы эки республиканын жарандары үчүн бирдей укуктарды түзүүнү карайт.

Кыргыз Республикасы тараптан аталган Келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 23-январында кол коюлган.

Ушул тапта бул Келишимди ратификациялоо жөнүндө маалымат Түркия Республикасы тараптан түшкөн эмес.

 

Корея.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык фонду менен Корея  Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын пенсиялык каражаттарды төлөө маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын (мындан ары - УПК) ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында кызматташууда. Меморандум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрында № 579 буйругу менен бекитилген.

Пенсиялык каражаттарын бир жолку төлөмдөр Меморандумга ылайык Корея Республикасынын  Улуттук пенсиялык кызматы тарабынан ишке ашырылат. Корея Республикасынын аймагында иштеген мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан түзүлгөн жана Кореянын аймагында алар талап кылбаган пенсиялык топтоолор бир жолку төлөм түрүндө (камсыздандыруу төгүмдөр жана аларды инвестициялоонун натыйжалары боюнча алынган киреше) төлөнүүгө тийиш. Ошондой эле жарандар, эгерде алар Кореяда иштеген жана Кореядан кетип жатканда пенсиялык төлөмдөрүн албаган адамдын мураскорлору болсо бул пенсиялык төлөмдөрдү алууга укуктуу.

 

Сауд Арабиясы.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун Сауд Арабиясы Королдугуна расмий визитинин алкагында 2019-жылы 16-декабрда Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Сауд Арабиясы Королдугунун Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Меморандумдун алкагында пенсиялык системаны өнүктүрүү; бенефициарлар үчүн пенсияларды жана төгүмдөрдү эсептөө; пенсиялык камсыздоо системасында маалыматтык технологияларды колдонуу; актуардык изилдөөлөр ж.б. сыяктуу маселелер боюнча кызматташуу каралган.

Азыркы кезде анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор жүргүзүлүүдө.

 

Өзбекстан.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Өзбекстан Республикасынын бюджеттик эмес Пенсиялык фонду менен социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Последние новости

Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга болобу?
Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга болобу?

Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар адамдарга алардын тандап алуусу боюнча бир...

Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюу жөлөкпулу төлөнөбү?
Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюу жөлөкпулу төлөнөбү?

  Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан...

Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?

Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок...

Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?
Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?

Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары...

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...