Жарыяланган 4.04.2024

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондук башкармалыктарынын башчыларынын жана кызматкерлиринин катышуусунда үч негизги багыт боюнча ишти жакшыртуу максатында семинар уюштурду:

Кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген зыянга же багуучусунан ажырап калгандыгына байланыштуу Социалдык фонддон төлөнгөн пенсиянын суммасын иш берүүчүлөрдөн өндүрүп алуу.

Иш берүүчүнү жоюуда пенсия жана компенсациялоо үчүн каражаттарды капиталдаштыруунун тартибин сактоо.

Өндүрүштүк кырсыктан жапа чеккен текстиль өнөр жайынын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн мамлекеттик ченемдик укуктук актыларга ылайык пенсия менен камсыздоо жана компенсациялоо.

Бул чаралар эмгекчилердин социалдык укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жабыр тарткандарга өз убагында колдоо көрсөтүүгө багытталган.