КР пенсиялык системасынын негизги көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары

Кыргызстандын пенсиялык системасынын толук кандуу жана натыйжалуу иштешине терс таасирин тийгизип жаткан республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар өңүттөрү бар

Кыргыз Республикасынын экономикасында айыл чарба, ири формалдуу эмес сектор, массалык эмгек миграциясы олуттуу үлүштү ээлейт. Ушунун баары пенсиялык системанын ишине таасир этип, анын келечектеги финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирүүдө.

Азыркы кезде башка өлкөлөргө жумуш издеп кетип жаткандарды кошуп эсептегенде иштеп жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан адамдардын саны пенсионерлердин санынан бир аз эле көп. Уюшулган сектор үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чени экономиканын уюшулган секторунан түшкөн төгүмдөрдөн алдын канча аз.

Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын алдында системага катышкан бардык жарандар үчүн бирдей укуктарды камсыздоо жолу менен пенсияны түзүүнүн камсыздандыруу принцибин күчөтүү аркылуу пенсиялык камсыздандыруунун адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча абдан олуттуу милдет турат.

Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо иштери жүрүүдө, Кыргыз Республикасынын  пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүу концепциясы иштелип чыгып, ишке ашырылууда. Аны ишке ашырууда шарттуу-топтолуучу система (ШТС) негизги (доминанттык) катары болот жана анын үлүшү жалпы пенсиянын өлчөмүндө көбүрөөк болуп, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн жалпы жана милдеттүү мүнөзгө ээ.

Топтолуучу компонент милдеттүү, ошондой эле ыктыярдуу да мүнөздө болуп, негизги пенсиянын өлчөмүнө кошумча  иретинде болот. Эгерде пенсионердин камсыздандыруу пенсиясынын өлчөмү белгилүү минимумга жетпесе, аларга мамлекеттик бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгү төлөнөт. Мында пенсиялык системанын деңгээлдери так чектелип, аларды каржылоо булактары да так бөлүштүрүлөт.

Ошентип, пенсиялык системанын көп компоненттүүлүгү жетишилет, ал адекваттуу жана жетиштүү пенсия менен камсыздап, тандоо укугун берип жана ага катышууга жарандарга дем берүүсү зарыл.

Пенсиялык системаны рреформалоо боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн аталган Концепциянын долбоору менен төмөнкү багыттар боюнча иш чаралар белгиленүүдө:

  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифдик саясатты өркүндөтүү
  • Пенсия менен камсыз кылууга РБ чыгымдарынын эфективдүүлүгүн жогорулатуу
  • Пенсиялык камсыздандыруу саясатын өркүндөтүү
  • Пенсиялык системанын топтолуучу компонентинин ишин өркүндөтүү
  • Мамлекеттик эмес пенсиялык тейлөө рыногун өнүктүрүү
  • Пенсиялык камсыздандыруу системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү
  • Калктын пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу

 

Камсыздандыруу принциптерин күчөтүү идеяларын ишке ашырууда шартуу-топтолуучу эсептердеги төгүмдөрдү индексациялоо системасы, ошондой эле пенсияларды жыл сайын индексациялоо формуласы да өзгөрүүгө дуушар болот.

Улгайган жарандарды өтө жакырчылык чегинен коргоо үчүн  мамлекеттик бюджеттин каражаттары мамлекет тарабынан белгилүү минимумду камсыздоого багытталышы керек, ошол эле учурда бул иш чара эмгектенүү стимулдарын төмөндөтпөшү зарыл.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары  жарандардын алдындагы камсыздандыруу милдеттемерди төлөөгө гана багытталышы керек.

Концепцияда каралган бардык чараларды кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасы, эң оболу социалдык камсыздандыруунун негизги принциптери болгон – адилеттүүлүккө жана теңдүүлүккө (баланстуулукка), ошондой эле анын натыйжасында пенсиялык камсыздандыруу системасынын эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна  жетишүүгө умтулуусу зарыл.

 

Последние новости

Нооруз майрамыңыздар менен!
Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу Кыргызстандыктар!   Баардыгыңыздарды – Нооруз майрамы менен...

8-март майрамыңыздар менен!
8-март майрамыңыздар менен!

  Урматуу айымдар !   Сиздерди 8-март Аялдардын эл аралык майрамы...

2020-ж. январь-февраль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 7 млрд 895,2 млн сом каржыланды.
2020-ж. январь-февраль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 7 млрд 895,2 млн сом каржыланды.

- Бишкек ш.  — 1 млрд 292,4 млн сом - Чуй обл. — 1 млрд 229,5млн сом...

"Ак калпак" майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
"Ак калпак" майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

"Ак калпак" майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-февраль айларында 8137 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь-февраль айларында 8137 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Бишкекте КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.
Бишкекте КР Соцфондунун Башкармасынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Бишкекте (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, дареги: Бишкек ш.,...

Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.
Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети.

2019-жылдын 1-июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын ɵздүк кабинети» иштеп...

Пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай эрте алса болот.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай эрте алса болот.

2010-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына 2 % өлчөмүндө...

Бишкекте 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү
Бишкекте 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 2020-жылдын 20-февралында “City...

Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү
Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал...

Кыргызстандын Соцфонду менен Өзбекстандын пенсиялык фондунун эксперттери Бишкекте жолугушту
Кыргызстандын Соцфонду менен Өзбекстандын пенсиялык фондунун эксперттери Бишкекте жолугушту

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин...

2020-ж. январ айына пенсия жана жөлөкпулга 3 млрд 931 млн сом каржыланды
2020-ж. январ айына пенсия жана жөлөкпулга 3 млрд 931 млн сом каржыланды

- Бишкек ш.  — 635,7 млн  сом - Чуй обл. — 609,1 млн сом -...

М. Ирсалиев КР бизнес-Акыйкатчысы Р. Орд-Смитт менен жолугушту
М. Ирсалиев КР бизнес-Акыйкатчысы Р. Орд-Смитт менен жолугушту

2020-жылдын 4 январында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев...

КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь айында 3994 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Call-борбору 2020-ж. январь айында 3994 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети...

Кыргызстан менен Корея ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Меморандум
Кыргызстан менен Корея ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Меморандум

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык...

Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди
Социалдык фонддун 2020-жылга карата бюджети бекитилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык...

КР Соцфондунун Call-борбору 2019-ж. 24024 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Call-борбору 2019-ж. 24024 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...