КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ

 

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ бул мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, уюмдардын жана жеке жактардын өз ыйгарым укуктарынын чектериндеги төмөнкү иши:

1) коррупциянын алдын алуу, анын ичинде коррупцияны табуу жана андан ары коррупциянын себептерин четтетүү (коррупциянын алдын алуу) боюнча;

2) коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча;

3) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу боюнча;

4) коррупциялык укук бузууларды табууга, алардын алдын алууга, аларга бөгөт коюуга, ачууда жана териштирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮНҮН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ.

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкү негизги принциптерге негизденет:

1) адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга жана коргоого;

2) мыйзамдуулукка;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгына жана айкындуулугуна;

4) теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жана абалдары боюнча кандайдыр бир кодулоого, укугун жана эркиндигин кемсинтүүгө жол бербөөгө;

5) инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону камсыз кылууга;

6) мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин регламенттөөнү, алардын ишинин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөөнү укуктук жөнгө салууну камсыз кылууга;

7) мамлекеттик аппараттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын түзүмүн, кадр иштерин жама мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүүгө;

8) жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөөгө;

9) коррупциялык укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтин шексиздигине;

10) коррупция менен байланышкан укук бузуулар менен күрөшүүдө көмөк көрсөткөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга;

11) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, жарандык коом институттары жана жеке жактар менен өз ара кызматташуусуна.

 («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)


КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ УКУКТУК-ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАР

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

“Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентин 2004-жылдын 7-декабрындагы № 434 Жарлыгы

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун Мамлекеттик стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген)

“Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 Жарлыгы

“2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому

“2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474 токтому


КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ТЕМАТИКАДАГЫ ЭСКЕРТКИЧТЕР

Коррупцияга каршы аракеттенүү

Коррупцияга каршы экспертиза

Пара талап кылынып жатса

Пара берүүгө мажбурлап жатса


КОРРУПЦИЯЛЫК ФАКТЫЛАР БОЮНЧА КАЙРЫЛУУГА БАЙЛАНЫШ ЖОЛДОРУ


КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ИШ-ЧАРАЛАР БОЮНЧА МААЛЫМАТТАР

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд системасындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планынын аткарылышы боюнча маалыматы (кыскача)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд системасындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планынын аткарылышы боюнча маалыматы (таблица)  /ТЕКСТИ РАСМИЙ ТИЛДЕ БЕРИЛЕТ/


 

КАЛКТЫН ПЕНСИЯЛЫК САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупцияга каршы иш-чаралардын алкагында калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупцияга каршы декларациясы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун  кызматкеринин коррупцияга каршы жүрүм-туруму боюнча сунуштама (мамлекеттик кызматкерлердин мисалында)

2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун иш-аракеттеринин стратегиялык планы (ИСП)