КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ЭСКЕРТКИЧ

 


КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ – бул мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, уюмдардын жана жеке жактардын өз ыйгарым укуктарынын чектериндеги төмөнкү иши:

1) коррупциянын алдын алуу, анын ичинде коррупцияны табуу жана андан ары коррупциянын себептерин четтетүү (коррупциянын алдын алуу) боюнча;

2) коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча;

3) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу боюнча;

4) коррупциялык укук бузууларды табууга, алардын алдын алууга, аларга бөгөт коюуга, ачууда жана териштирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча.

 

 

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮНҮН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ

 

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкү негизги принциптерге негизденет:

1) адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга жана коргоого;

2) мыйзамдуулукка;

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгына жана айкындуулугуна;

4) теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жана абалдары боюнча кандайдыр бир кодулоого, укугун жана эркиндигин кемсинтүүгө жол бербөөгө;

5) инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону камсыз кылууга;

6) мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин регламенттөөнү, алардын ишинин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөөнү укуктук жөнгө салууну камсыз кылууга;

7) мамлекеттик аппараттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын түзүмүн, кадр иштерин жама мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүүгө;

8) жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөөгө;

9) коррупциялык укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтин шексиздигине;

10) коррупция менен байланышкан укук бузуулар менен күрөшүүдө көмөк көрсөткөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга;

11) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, жарандык коом институттары жана жеке жактар менен өз ара кызматташуусуна.

 («Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)