2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтому

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 30-марты № 170

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 364,

2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу,  коррупцияга каршы аракеттенүү институттарын андан ары чыңдоо, коррупциянын түпкү себептерин жоюуда системалуулукту киргизүү, 2015-2017-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Планды белгиленген мөөнөттөрдө милдеттүү түрдө аткаруу  боюнча толук чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин  Планды жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун;

- Иш-чаралар планын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде ишке ашырышсын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты:

- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин  Планды жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына берип турсун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы  № 531-б буйругуна ылайык дайындалган коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар менен өз ара байланышта  коррупциянын алдын алуу саясатын ишке ашыруу жана Планды аткаруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 35-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтому.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2015-жылдын 31-мартында N 5-6 (482-483) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Дж.Оторбаев

 

Тиркеме

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Милдеттер

Чаралар/Аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Жооптуу аткаруучу/кошо аткаруучулар

Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор

1

2

3

4

5

6

I. Саясий коррупциянын деңгээлин азайтуу

1

Саясий партиялардын ишин каржылоонун жана материалдык камсыздоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (шайлоолор менен байланышпаган)

1) "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөрдү караган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү:

- саясий партиялардын алардын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук отчетторун жарыялоосун;

- саясий партиялар тарабынан финансылык отчетторду жарыялоо жөнүндө талаптарды аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөнү;

2015-жылдын ноябры

ЮМ, Өкмөттүн Аппараты

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана саясий партиялардын сайттарында саясий партиялардын каржылоо булактары жана финансылык отчеттору/кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук отчетун жарыялаган саясий партиялардын үлүшү тууралуу жарыялоолор; алардын басылма ЖМКларга өз учурунда жарыяланбагандыгы үчүн жоопкерчилик каралган

2) саясий партияларды каржылоого мониторинг жүргүзүү (БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына ылайык);

жыл сайын

БШК (макулдашуу боюнча ), МСК, Финчалгын

Саясий партияларды каржылоону контролдоо/саясий партияларды каржылоодо аныкталган тартип бузуу фактылары

3) "Саясий партиялар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы саясий партияларды каржылоо тартибин бузгандар үчүн жоопкерчиликти караган ченемдерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

2015-жылдын июлу

ЮМ, МСК, БШК (макулдашуу боюнча)

Саясий партиялар тарабынан саясий партиялардын ишин жана шайлоо кампанияларын каржылоо тартибин бузуулардын алдын алуу/саясий партияларды каржылоо тартибин бузгандыгы үчүн жоопко тартылган саясий партиялардын үлүшү

4) саясий партиялардын күндөлүк (шайлоого байланышпаган) иштерине жеке жана юридикалык жактардын мүчөлүк төгүмдөрүнүн жана бир жолку ыктыярдуу төлөмдөрүнүн чектүү өлчөмүн белгилөө маселеси боюнча саясий партиялар жана жарандык коомдун институттары менен консультацияларды жүргүзүү

2015-жылдын июлу

ЮМ

Саясий партиялардын күндөлүк (шайлоого байланышпаган) иштерине жеке жана юридикалык жактардын мүчөлүк төгүмдөрүнүн жана бир жолку ыктыярдуу төлөмдөрүнүн чектүү өлчөмүн белгилөөнүн максатка ылайыктуулугун караган ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалар берилди.

Саясий партиялардын ири корпорациялардан негизсиз пайдаларды жана жеңилдиктерди алууну көздөгөн ишкердик субъекттерден (ири компаниялардан, финансы компанияларынан) жана иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туруктуулугун туруксуздандырууга жана кыйратууга багытталган экстремисттик уюмдардын жана жактардын финансылык көз карандылыгын жоюу/жүргүзүлгөн таасир этүү чараларынын саны, аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар

2

Шайлоо фонддорунун каражаттарынын ачык-айкындуулугунун жана максаттуу пайдаланылышын контролдоонун иштиктүү механизмдерин жана саясий партияларды, талапкерлерди жана шайлоо кампанияларын каржылоо жөнүндө ачык отчет берүүнү киргизүү

1) Шайлоо компанияларынын каржыланышына мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуунун жана алардын активдүү катышуусунун механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

2) "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына милдеттүү түрдө жыл сайын аудит жүргүзүүнү караган ченемдер менен толуктоолорду киргизүү;

3) Коомдук кызматтарга дайындоодо шайлоо кампанияларын каржылоонун ачык-айкындуулугун күчөтүү боюнча тиешелүү мыйзамдык жана административдик чараларды көрүү

2015-жылдын сентябры

БШК (макулдашуу боюнча), ЮМ

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо кампанияларын каржылоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын жарыялоо/отчеттордун саны жана көрүлгөн чаралар

3

Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук инструментарийлерге ылайык "коомдук кызмат адамдарына" (ККА) карата мыйзамдарда каралган ченемдерди имплементациялоо

ККА түшүнүгүн киргизүүнү эске алуу менен тийиштүү ЧУАларга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана ККАларга карата координациялоочу органды жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктоо

2016-жылдын июлу

ЮМ, Финчалгын, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)

ККАларга карата чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизүү менен байланышкан коррупциялык коркунучтарды азайтуу/ККАлардын кийлигишүүсүнөн же мыйзамсыз чечимдеринен улам келип чыккан коррупциялык коркунучтарды жарыялоо

4

Кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын экономикасына жана улуттук кызыкчылыктарына зыян алып келүүчү мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуусу үчүн жоопкерчиликтерин кеңейтүү

1) Ченемдик укуктук базага жана аны колдонууда келип чыккан практикага зыяндын ордун регресстик толтуруу предметине карата изилдөө жүргүзүү;

2016-жылдын декабры

Стратегиялык изилдөө институту, ЮМ, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

Бюджеттик коромжуларды кыскартуу, кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен келтирилген зыяндын ордун регресстик толтуруу/жүргүзүлгөн чаралардын саны, аныкталган фактылар, көрүлгөн чаралар жана ордун толтурулган зыяндын суммасы, кызмат адамдарынын мыйзамсыз чечимдеринен улам келип чыккан бюджеттик чыгымдарды кыскартуу; мурунку жылга карата %га азайтуу

2) кызмат адамдарынын мыйзамсыз чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилигин караган тийиштүү ЧУАларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

ЮМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)

5

Кызмат адамдарынын иммунитети жөнүндө жоболорду алар коррупциялык кылмыштарды натыйжалуу иликтөөгө жана жазыктык изине түшүүгө тоскоол болбогондой кылып кайра кароо

1) Экс-президенттин кол тийбестигин жокко чыгаруу жөнүндө маселени коомдук талкуулоого коюу;

2) кол тийбестикти пайдаланышкан бардык кызмат адамдары үчүн чектелген (функционалдык) иммунитетти киргизүү жана кылмыш жасап жаткан мезгилде кармалган учурда алып таштоону кайра кароо;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынан (Омбудсменден) кол тийбестикти алуу жол-жоболорун тартипке келтирүү

2015-жылдын декабры

ЮМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)

Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалоодон кутула албастык/укукту колдонуу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ченемдик укуктук актылар, кол тийбестикти пайдаланышкан кызмат адамдары үчүн чектелген (функционалдык) иммунитет киргизилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынан (Омбудсменден) кол тийбестикти алуу жол-жоболору тартипке келтирилген

II. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу

6

Коррупциялык мыйзам бузууларды жасоого түрткү же мүмкүндүк берүүчү алсыздыкты жана тобокелдиктерди аныктоонун жана жоюунун негизинде мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик жаткан сатылбастыгын камсыз кылуу

Коррупция коркунучтарына дуушар болгон мамлекеттик органдарда кесиптик сатылбастыкты тестирлөөнүн принциптерин, каражаттарын, ыкмаларын, жол-жоболорун, укуктук кесепеттерин аныктоо менен "Мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик сатылбастыгын тестирлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу

Иштеп чыгуу жана КР Жогорку Кеңешине киргизүү, 2015-жылдын октябры

АКК, ЮМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдарда кесиптик сатылбастыкты, коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүүнү камсыз кылуу; коррупция актыларын, коррупция менен аралаш актыларды же коррупциялык иш-аракеттеги фактыларды жасоого түрткү же мүмкүндүк берүүчү алсыздыкты жана тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана жоюу/мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу, жүргүзүлгөн иш- чаралардын саны жана көрүлгөн чаралар

7

Коррупцияга байланыштуу кылмыштардын статистикасын чогултуу жана иштеп чыгуу методологиясын алардын жарыяланышын камсыз кылуу менен өркүндөтүү

1) Коррупциялык кылмыштарды аныктоо, иликтөө жана соттук карап чыгуу жана бул багыттагы иштердин абалын объективдүү баалоо жөнүндө ырасталган статистикалык маалыматтарды түзүү;

2) жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратына маалыматтарды берүү менен аналитикалык отчетторду даярдоо;

3) коррупциялык кылмыштар боюнча маалыматтар базасын түзүү;

4) Башкы прокуратуранын сайтындагы маалыматтар базасына жеткиликтүүлүктү берүү

2015-жылдын декабры

Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), укук коргоо органдары

Коррупция менен байланышкан кылмыштардын бирдиктүү тизмеги иштелип чыкты жана бекитилди/коррупциялык кылмыштар боюнча статистиканы чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча нускама кабыл алынды; коррупциялык кылмыштар боюнча статистикалык маалыматтарды жарыялоо камсыз кылынды, отчеттор ЭМга берилди

8

Жазык процессинин күбөлөрүн, жабырлануучуларын жана сот арачыларын жана башка катышуучуларын коргоо системасынын иштиктүү механизмин камсыздоо

1) Укук коргоо органдарында жазык процессинин күбөлөрүн, жабырлануучуларын жана сот арачыларын жана башка катышуучуларын коргоону камсыз кылуу боюнча адистештирилген институттарды түзүү (бюджеттик пландын чегинде);

2) жазык процессинин күбөлөрүн, жабырлануучуларын жана сот арачыларын жана башка катышуучуларын коргоонун Кыргыз Республикасынын шарттарында алгылыктуу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

2015 -жылдын декабры маалыматтарды квартал сайын жаңылап туруу менен

ИИМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), укук коргоо органдары

Жазык процессинин күбөлөрүн, жабырлануучуларын жана сот арачыларын жана башка катышуучуларын коргоону камсыз кылуу боюнча адистештирилген бөлүнүштөр түзүлдү, жазык процессинин кылмыш-жаза катышуучуларын коргоо системасынын укуктук колдонулуучу практикасы иштелип чыкты/жүргүзүлгөн иш-чаралардын саны

9

Маалымат бергендерди (коррупциялык фактылар жөнүндө билдирген кызматчыларды) кызматынан негизсиз бошотуулардан, кысымга алуулардан коргоонун натыйжалуу системасын ишке киргизүү

1) Маалымат бергендерди (коррупциялык фактылар жөнүндө билдирген кызматчыларды) коргоо жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу;

2) мониторинг жүргүзүү, аныктоо, алдын алуу жана маалымат бергендерди (коррупциялык фактылар жөнүндө билдирген кызматчыларды) коргоону камсыз кылуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо (коррупциялык фактылар жөнүндө маалымат берген кызматкерлер)

2015-жылдын декабры маалыматтарды квартал сайын жаңылап туруу менен

ЮМ, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча)

Маалымат бергендерди коргоо жөнүндө Мыйзам кабыл алынды жана кабыл алынган Мыйзамды ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган аныкталды/маалымат бергендерди (коррупциялык фактылар жөнүндө билдирген кызматчыларды) кызматынан бошотуунун жана кысымга алуунун аныкталган фактыларынын саны

10

Коррупциялык кылмыштардын алдын алууда, аныктоодо, бөгөт коюуда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу

1) Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын ченемдик бекитүү жана иштеп чыгуу;

2) Укук коргоо органдары тарабынан ачык, жашыруун ыкчам маалыматтар болгон учурда коррупциялык иштерге тиешеси бар адамдардын жана уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча биргелешкен максатка ылайыктуу ыкчам-изилдөө иш-чараларын өткөрүү;

3) укук коргоо кызматкерлерин мотивациялоонун иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

2015-жылдын декабры, маалыматты жаңылоо (жарым жылда 1 жолу)

Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), укук коргоо органдары

Келип түшкөн маалыматты функциялык жоопкерчилигине жараша конкреттүү укук коргоо органдарынын текшерүү процессинин ыкчамдуулугу/тергөө башталгандан тартып иш сотко берилгенге чейинки орточо убакыт же мындай иштин 90%ы сотко өткөрүп берилүүчү убакыт; кошумча иликтөө үчүн соттон кайра кайтарылган, иликтөөдөгү кемчиликтер башка жол менен сотто аныкталган иштердин пайызы; акталган өкүмдөрдүн пайызы; иштерди кызматкерлерди мотивациялоо боюнча ЧУА кабыл алынды

11

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жеке маалыматтардын тийиштүү түрдө корголушуна кепилдикти камсыз кылуу менен, жазык иши козголгонго чейин банктык сырды, салыктык жана бажылык маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берүү

"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

2015-жылдын декабры

Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Улуттук банк (макулдашуу боюнча), МСК, МБК, Өкмөттүн Аппараты, ЮМ

Коррупциялык кылмыштарды иликтөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу; коррупциялык кылмыштар боюнча чечимдерди кабыл алууда вариативдүүлүк мүмкүнчүлүгүн берүүчү шилтеме жана альтернативдик ченемдердин жоктугу/ укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жазык иши формалдуу козголгонго чейин банктык сырды, салыктык жана бажылык маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча ЧУАлар кабыл алынды же механизми иштелип чыкты

12

Европа Кеңешинин коррупцияга каршы конвенцияларына кошулуу

Коррупциялык кылмыштар үчүн жазык жана жарандык жоопкерчилик жөнүндө Европа Кеңешинин коррупцияга каршы конвенциясын ратификациялоо (Кыргызстанды коррупцияга каршы өлкөлөрдүн тобуна (ГРЕКО) киргизүү)

2015-жылдын декабры

Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ТИМ, ЮМ

Коррупциялык кылмыштар үчүн жазык жана жарандык жоопкерчилик жөнүндө Европа Кеңешинин коррупцияга каршы конвенциясы ратификацияланган (Кыргызстандын ГРЕКОго мүчө болуусу)

13

БУУнын коррупцияга каршы конвенциясынын айрым ченемдерин, жазык мыйзамдарында аларды криминалдаштыруу бөлүгүндө имплементациялоо

Тийиштүү ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:

- коррупциялык мыйзам бузуулар үчүн юридикалык жактардын жазык жоопкерчилигин киргизүү;

- убада берүү жана сунуш кылуу, ошондой эле өтүнүү жана убада берүүнү кабыл алуу/мамлекеттик жана жеке секторлордо кылмыштардын аяктаган курамдары катары мыйзамсыз артыкчылыктарды (параларды же башка сыйлыктарды) сунуштоо үчүн жазык жоопкерчилигин киргизүү;

- жеке секторлордо паракорчулук кылмыштардын курамына материалдык эмес пайдаларды киргизүү

2015-жылдын июну - 2016-жылдын декабры

ЮМ, Башкы прокуратура, мамлекеттик органдар

Ченемдик укуктук актылар БУУнын коррупцияга каршы конвенциясына шайкеш келтирилди/ ыкмалар аныкталды, камсыз кылуучу чаралар каралды, мыйзамдык актылардын долбоорлору иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилди

III. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу

14

Сот бийлигинин көз карансыздыгына кепилдикти күчөтүү

1) Соттордун ишине кийлигишкен фактылар тууралуу кабарлабагандык үчүн сот бийлигинин кызмат адамдарына жоопкерчиликтерди киргизүү;

2) сот иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасын практикада ишке киргизүүнү, мындай бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын жана соттук чечимдерди интернетте жарыялоону камсыз кылуу;

3) сотторго тартиптик материалдарды кароонун ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

4) соттордун кызматтык кабинеттеринде жана сот жыйындарынын залдарында дайыма видео байкоо жүргүзүү системасын, ошондой эле соттордун кызмат телефондору менен сүйлөшүүлөрүн дайыма жазуу системасын орнотуу

2015-жылдын декабры ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды жаңылоо менен

Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Соттор Кеңеши (макулдашуу боюнча)

(*) Маалымат берүү тартибинде отчет

Соттордун көз карансыздыгын, алмашылбастыгын жана кызматынан бошотулбастыгын камсыз кылуу боюнча кепилдиктер түзүлдү/сотторду тартиптик жоопкерчиликке тартуу жол-жоболору кабыл алынды; соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү программасы инсталяцияланды; көзөмөлдөө тартибинде соттук чечимдерди кайра карап чыгуу жол-жоболору тартипке келтирилди

IV. Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу

15

Мамлекеттик бийлик органдарында коррупциялык коркунучтарды азайтуу

1) Коррупциялык зоналарды жана коркунучтарды азайтуу боюнча ведомстволук планды иштеп чыгуу;

2) мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ведомстволор ичиндеги адистештирилген системасын ишке киргизүү;

2015-жылдын декабры

Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдардын Коомдук кеңеши менен макулдашылган ведомстволук пландар бекитилди/ алардын аткарылышын контролдоо ишке ашырылууда

3) Мамлекеттик органдардын ишиндеги коррупциялык зоналарды жана коркунучтарды аныктоо:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратындагы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддо пилоттук долбоорлор;

- калган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО;

2015-жылдын декабры

Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Коррупциялык зоналардын жана коркунучтардын тизмеси бекитилди

4) Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогору болгон зоналардын маалыматтар базасын түзүү

2016-жылдын марты

Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Маалымат базасы түзүлдү

V. ЧУАларга (ЧУА долбоорлоруна ) коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу

16

Негиздүүлүгүн, объективдүүлүгүн жана алардын жыйынтыктарын текшерүүнү чагылдыруу менен ЧУАларга (ЧУА долбоорлоруна) коррупцияларга каршы экспертиза жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүн белгилөө

ЧУА долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнү жана экспертизалардын жыйынтыктарын жарыялоону камсыз кылуу; колдонуудагы укуктук актыларга, биринчи кезекте коррупцияга кыйла көп дуушар болгон жөнгө салуу чөйрөлөрүндө милдеттүү түрдө сектордук коррупциялык коркунучтарды эсепке алуу жана кароо менен коррупцияга каршы инвентаризация жүргүзүү; ЧУАларга (ЧУА долбоорлоруна) коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүчү адамдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу; ЧУАларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын ЖКИлар менен кызматташтыгын камсыз кылуу (коомдук коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү системасы)

2015-жылдын декабры

Өкмөттүн Аппараты, ЮМ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча)

ЧУА долбоорлорунан жана колдонуудагы мыйзамдык актылардан коррупциялык факторлордун өз алдынчалыгынын негизсиз кеңири чегин же жалпы эрежелердеги өзгөчөлүктөрдү негизсиз колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга карата аныкталбаган, аткарууга кыйын болгон жана (же) оор талаптарды камтыган жана муну менен коррупциянын пайда болушуна шарттарды түзгөн жоболорду жок кылуу менен аныктоо/ЧУАлардын саны; экспертизанын жыйынтыктарын жарыялоо

17

"Гильотина принцибин" колдонуунун негизинде ишкердик ишке мамлекеттин административдик жана жөнгө салуу жүгүн азайтуу

Ишкердик ишке таасирин тийгизген ЧУАларга автоматташтырылган системалык талдоо жүргүзүү жана рыноктук экономика үчүн негизсиз жана алгылыксыз жөнгө салуучу тоскоолдуктарды четтетүү (коррупцияга каршы экспертизасын милдеттүү түрдө жүргүзүү менен)

2015-жылдын декабры

Өкмөттүн Аппараты, ЮМ, мамлекеттик органдар, ОБСЕнин жөнгө салуу реформасы боюнча долбоору (макулдашуу боюнча)

Бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттин ишкердик ишти жөнгө салууга кийлигишүүсүн азайтууга көмөктөшүүчү туруктуу мыйзамдарды түзүү/ ЧУАлардын саны

VI. Кызыкчылыктардын кагылышуусун баалоо, алдын алуу жана башкаруу

18

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызыкчылыктардын кагылышын баалоонун жана жөнгө салуунун укуктук жана институционалдык негиздерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

1) Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызыкчылыктардын кагылышын ийгиликтүү башкарууга таасирин тийгизген факторлордун комплексин аныктоо менен "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу;

2015-жылдын октябры

Өкмөттүн Аппараты

"Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды

2) кызыкчылыктардын кагылышы жаатындагы саясатты жана жол-жоболорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча негизги түзүмдү аныктоо;

2015-жылдын декабры

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Өкмөттүн Аппараты

ЧУА долбоору даярдалды

3) кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болгон жагдайлардын жана мамилелердин так жана реалдуу сүрөттөлүшүн камсыз кылуу;

2015-жылдын октябры

Ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), мамлекеттик үлүш катышкан ишканалар

Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү типтүү кырдаалдардын тизмеги иштелип чыкты/кызыкчылыктардын кагылышы боюнча аныкталган фактылардын саны жана алар боюнча көрүлгөн чаралар

4) мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин коомдук жана жеке кызыкчылыктарын декларациялоо боюнча функцияларды статс-катчыларга же мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилерине жүктөө

2015-жылдын декабры

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Өкмөттүн Аппараты

Мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого мамлекеттик кызматчылардын коомдук жана жеке кызыкчылыктарын декларациялоого мониторинг жүргүзүүнү караган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди/мониторинг жүргүзүлүүдө

VII. Мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү жана анын маалымдуулугун жогорулатуу

19

Коррупция, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин бузуулар менен күрөшүү боюнча чечкиндүү аракеттерге багытталган коомдун иш-аракеттерин активдештирүүгө карата механизмдерди түзүү

1) Коррупцияга каршы форум түзүү практикасын региондук деңгээлде жайылтуу;

2) жер-жерлерде коррупция менен күрөшүү көйгөйлөрүн изилдөө үчүн региондордо жергиликтүү ӨЭУлардын, ЖМКнын активисттери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБОлордун кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүү;

3) коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого жер-жерлердеги жарандардын катышуусун активдештирүү

2015-жылдын декабры

Этностор агенттиги, мамлекеттик органдар, ЖӨБО, КК (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча)

Региондордо коррупцияга каршы форумдар; Аймактардагы коррупцияга, мамлекеттик органдардын, ЖӨБОлордун жетекчилеринин, жарандык секторлордун өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен дайыма иштөөчү сүйлөшүү аянтча/өткөрүлгөн иш-чаралардын саны

20

Коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга багытталган жарандык демилгелерди жүзөгө ашыруунун тийиштүү шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн түзүү

1) Коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдар менен ЖКИнын өз ара аракеттенүүлөрү боюнча меморандумдарды түзүү;

2) коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууну талкуулоо боюнча жарандардын катышуусу үчүн аянтчаларды түзүү;

3) заманбап этапта коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүлөрүн өнүктүрүүнүн негизги тенденциясына талдоо жүргүзүү;

4) ЖКО үчүн билим берүү-агартуу программаларын ишке киргизүү

2015-жылдын декабры

ЮМ, мамлекеттик органдар жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча) КК, (макулдашуу боюнча)

Жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча ведомстволук меморандумдар кабыл алынды, кайра байланыш жөнгө салынды жана коррупцияга каршы чараларды жана саясаттарды иштеп чыгууга жарандардын активдүү катышуусу камсыз кылынды/формалар жана жетишкендиктер

21

Коррупцияга каршы чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинин (КК) ролун жогорулатуу жана чыңдоо

1) Мамлекеттик органдардын КК мүчөлөрүн коррупциянын алдын алуунун укуктук жана институционалдык механизмдерине окутуу;

2) мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

3) өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен коммуникациялык пландарын иштеп чыгуу;

4) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын иш-аракеттери үчүн коомдук контролдоону камсыз кылуу

2015-2017-жылдар

ЮМ, мамлекеттик органдар жана ЖӨБО, ӨЭУ (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча)

Окутуучу семинарлар жана тренингдер өткөрүлдү, мамлекеттик органдардын отчеттуулук механизмдери жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдар менен жарандык коомдордун өз ара аракеттенүүлөрү ишке киргизилди, макулдашылган коммуникациялык план бекитилди, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишин иштиктүү коомдук контролдоо түзүлдү

VIII. Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө коррупцияны азайтуу

22

Мамлекеттик органдардын бизнес-коомчулук менен алардын жеке сектор үчүн коррупциялык коркунучтар жана коррупцияга каршы аракеттенүү методдору жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча диалогун белгилөө

1) Мамлекеттик органдардын бизнес-коомчулук менен алардын коррупциялык коркунучтар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча натыйжалуу диалогун жүргүзүү үчүн болгон аянтчаны пайдалануу же жаңы аянтчаларды түзүү;

2) жеке сектордун кызыкчылыгына тиешелүү ЧУА долбоорлорун даярдоодо бизнес коомчулуктун катышуусун жана сунуштарын берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн алар менен кайра байланышуу жол-жобосун иштеп чыгуу;

3) коррупциялык басым кылуу жана рейдерчиликтин конкреттүү учурлары боюнча бизнес өкүлдөрүнүн кайрылууларын ыкчам кароо (каралган кайрылуулардын жана көрүлгөн чаралардын саны)

Дайыма

ЮМ, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ЭМ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик органдардын бизнес-коомчулук менен өз ара активдүү аракеттенүүсү камсыз кылынды, жеке сектордун укуктарын коргоо бөлүгүндө мыйзамдарды жана укукту пайдалануу практикасын жакшыртуу боюнча сунуштар даярдалды жана ишке ашырылды. Ишкерлердин катышуусунда өткөрүлгөн иш-чараларды ЖМКларда кеңири чагылдыруу/коррупцияга каршы аракеттенүүдө бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чараларды сүрөттөө

23

Этикалык стандарттарды жана ак ниет башкарууну жайылтууда бизнес-коомчулукка жана коомдук уюмдарга көмөктөшүү

1) Этикалык стандарттарды жана ак ниет башкарууну иштеп чыгууда бизнес-коомчулукка көмөктөшүү;

2) бизнесте ак ниеттүүлүктү сактоонун корпоративдик эрежелерин колдонууга окутуу;

3) алдыңкы эл аралык практиканы жана стандарттарды, атап айтканда 2009-жылдын 26-ноябрындагы ЭКӨУнун Кеңешинин сунуштамасынын 2-тиркемесин тийиштүү түрдө эсепке алуу менен корпоративдик эрежелерди (compliance) илгерилетүү

2015-жылдын декабры

Өкмөттүн Аппараты, ТПП (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча)

Корпоративдик этикалык стандарттардын болушу/ өткөрүлгөн окутуу семинарларынын саны жана тематикасы/комплайенс (compliance) эрежелерин жана системасын ишке киргизүү

24

Коррупциялык мыйзам бузууларга каршы аракеттенүү максатында экономикалык ишкердик субъекттеринин финансылык көрсөткүчтөрүнүн массивдерин түзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү

1) Мамлекеттик органдардын маалыматтар базасынын деңгээлинде маалыматтарды алмашуу чөйрөсүн кеңейтүү жана механизмин өркүндөтүү;

2) МСКнын жана үчүнчү тараптардын аналитикалык маалыматтарын, анын ичинде маалыматтарды салыштыруу аркылуу пайдалануу боюнча КСБИСтин кошумча мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) аналитикалык иштин заманбап методикасын колдонгон аналитикалык бөлүмдү түзүү

2016-жылдын декабры

МСК, МБК, СФ, Мамкаттоо, Өкмөттүн Аппараты, ИИМ, Финчалгын, УСК, мамлекеттик органдар жана ЖӨБО

Маалыматтык банк иштеп жатат, экономиканын бардык секторлорунда жана тармактарында жашыруун жана мыйзамсыз өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоо жана баалоо боюнча уюштуруучулук жана методологиялык чаралардын комплекси ишке ашырылды, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрү боюнча иштер уюштурулду/жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы

25

Коррупциялык иш-аракеттерге катышкан менчиктин ар кандай формасындагы уюмдарга карата санкцияларды колдонуу механизмин жана жол-жоболорун ишке киргизүү

1) Коррупциялык иш-аракеттер үчүн санкцияларды, анын ичинде кредиттерди алууга, лицензияларды чакыртып алууга тыюу салууну, мамлекеттик жеткирүүлөр боюнча контракттарды түзүүгө мораторийди киргизүүнү караган ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу;

2) коррупциялык иш-аракеттерге катышкан менчиктин ар кандай формасындагы уюмдардын "кара тизмесин" түзүү жана коштоо

Дайыма

ФМ, Өкмөттүн Аппараты, МСК, МБК, ЮМ

Ишкердик чөйрөсүндөгү коррупциялык схеманы жок кылуу/ кабыл алынган санкцияларды көрсөтүү менен аныкталган тартип бузуулардын саны/коррупциялык иш-аракеттерге катышкан уюмдардын тизмегинин болушу

26

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүлөрдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу

1) Айрым мамлекеттик кызматтарды интернет аркылуу көрсөтүүнүн жол-жоболорун жана стандарттарын ишке киргизүү;

2) мамлекеттик органдардын маалыматтарын интернет аркылуу алууну камсыз кылуу;

3) мамлекеттик органдардын, ЖӨБОлордун жана коомчулуктун натыйжалуу өз ара аракеттенүүлөрү максатында электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү;

4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары, окутуунун наркы, мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аларга белгиленген тарифтер жөнүндө маалыматтарды жарыялоо;

5)жалпыга жеткиликтүү жерлерде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жайгаштыруу;

6) кызмат адамдары менен кардарлардын жеке байланышын чектөө механизмин ишке киргизүү (анын ичинде "бирдиктүү терезе" принцибинин негизинде), ошондой эле отчеттуулукту жана санкциялардын белгиленген формасын кыскартуу

2016-жылдын декабры - дайыма

Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

МКТ каражаттары аркылуу калк, жеке секторлор жана ӨЭУлар үчүн мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОлордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды; бюджеттик каражатты үнөмдөө/кыскартылган же автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана түрлөрү/ акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин алар көрсөтүлүүчү жерлерге жарыялоо/онлайндык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу жол-жоболору иштелип чыкты жана бардык жерлерде бирдиктүү терезе принциптери ишке киргизилди

IX. Коррупцияга каршы билим берүү, коррупцияга каршы агартуу жана үгүттөө

27

Коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча маалыматтык - методикалык базаны түзүү

1) Коррупцияга каршы билим берүү, коррупцияга каршы агартуу жана үгүттөө боюнча окуу-методикалык адабияттарды жана окуу китептерин иштеп чыгуу;

2015-жылдын декабры

БИМ, ССМ, ММТМ, Мамбашкаруу академиясы (макулдашуу боюнча)

Коррупцияга каршы билим берүү, агартуу жана үгүттөө боюнча бекитилген окуу-методикалык адабияттар жана окуу китептери

2) коррупцияга каршы тематика боюнча окуу-методикалык адабияттарды жана окуу китептерин басып чыгаруу;

2016-жылдын марты

БИМ, ССМ, КТБА, билим берүү мекемелери

Басып чыгарылган окуу-методикалык адабияттардын жана окуу китептеринин болушу

3) коррупцияга каршы тематика боюнча окуу-методикалык адабияттардын жана окуу китептеринин электрондук базасын түзүү;

2016-жылдын июну

Мамбашкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн Аппараты, БИМ

Коррупцияга каршы билим берүү, агартуу жана үгүттөө боюнча методикалык материалдардын бирдиктүү базасы түзүлдү

4) коррупцияга каршы билим берүү, коррупцияга каршы агартуу жана коррупцияга каршы үгүттөө боюнча билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;

2016-жылдын июну

БИМ, Өкмөттүн Аппараты

Өткөрүлгөн окутуучу семинарлардын жана курстардын саны

5) коррупцияга каршы билим берүү, агартуу жана үгүттөө боюнча иштерди маалыматтык колдоо;

2015-жылдын июну, ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды жаңылоо менен

БИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар

Калктын жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдуулугу

6) коррупцияга каршы агартуу жана үгүттөө боюнча программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү

2015-жылдын июну, ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды жаңылоо менен

ММТМ, Өкмөттүн Аппараты

Ар кандай топтор үчүн коррупцияга каршы үгүттөөнүн бекитилген максаттуу программасы

28

Коррупцияга каршы билим берүүнү, агартууну жана үгүттөөнү жайылтуу

1) Мектепке чейинки, орто, орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелеринде коррупцияга каршы көз карашты түзүүгө багытталган коррупцияга каршы курстарды киргизүү боюнча тийиштүү ЧУАларды кабыл алуу (элективдүү жана факультативдүү курстар, предметтердин, укук багытындагы сабактардын алкагындагы модулдар);

2016-жылдын августу

БИМ, ССМ, КТБА, билим берүү мекемелери

Орто, жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринде жана окуучуларында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестикти калыптандыруу, билим берүү чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү/ өткөн жылга карата коррупциялык мыйзам бузуулардын саны % менен.

Аткарылган иш-чаралар тууралуу отчетторду берүү. Коррупцияга каршы тематикада тегерек столдор, конференциялар, лекциялар, семинарлар, брифингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат/саны, региондордун камтылышы, тематика/чыгаруу

2) мектепке чейинки, орто, орто кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелеринде коррупцияга каршы көз карашты түзүүгө багытталган билим берүү - агартуу программаларын ишке ашыруу (элективдүү жана факультативдүү курстар, предметтердин, укук багытындагы сабактардын алкагындагы модулдар);

2017-жылдын марты

БИМ

3) коррупцияга каршы көз карашты түзүүгө багытталган коомдук чыгып сүйлөөлөрдү, лекцияларды, талкууларды уюштуруу;

Дайыма

ММТМ, БИМ, ЖКИ (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар

4) мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОлордун жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө калкка үзгүлтүксүз отчет берип туруусу;

Дайыма

Мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу калктын маалымдуулугу

5) коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстарынын программаларын иштеп чыгуу;

6) иштелип чыккан программа боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүнү уюштуруу

Дайыма

Мамбашкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

Коррупцияга каршы саясаттын негиздери боюнча жогорулатуу курсунан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны

X. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жогорку этикалык ченемдерди бекитүү, ак ниеттүүлүктү камсыз кылуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү

29

Кадр саясатында коррупцияга каршы механизмдерди ишке киргизүү

1) Коррупциялык байланыштардын пайда болуусун алдын алуу максатында кадрдык ротацияларды жүргүзүү;

2) коррупциялык мыйзам бузуулардын пайда болуу мүмкүндүгү жогору болгон мамлекеттик кызматчылардын ишинин участкаларын изилдөө жана талдоо;

Дайыма

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

Ротациялар жүргүзүлдү/ Этика кодекси бекитилди/ Кадр кызматынын сайтында жүргүзүлгөн талдоолордун жарыяланган жыйынтыктарынын саны/ ишке киргизилген коррупцияга каршы ченемдердин жана талаптардын саны

3) мамлекеттик кызматчыларга карата жарандардын айыптоолорун жана даттанууларын талдоо; кызматтык жүрүм-турум эрежелеринин бузулушун алдын алуу жана четтетүү;

4) ак ниеттүүлүктүн этикалык стандарттарынын жана принциптеринин программаларын жана кодексин ишке киргизүү;

5) мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоого жана жөнгө салууга мониторинг жүргүзүү;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 855 "Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды декларациялоо, жарыялоо жана талдоо маселелери тууралуу" токтомуна, мамлекеттик орган тарабынан административдик кызматтарды ээлешкен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларына толук талдоо жана мониторинг жүргүзүлүшүн караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

7) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү максатында коррупцияга каршы ченемдерди жана талаптарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

 

Өкмөттүн Аппараты, Кадр кызматы, мамлекеттик органдардын АСБ кызматтары

30

Коррупциялык мыйзам бузууларды жасашкан адамдар үчүн мамлекеттик кызматка өтүү укугун чектөө

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына коррупциялык мыйзам бузууларды жасашкан адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууну караштырган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

2015-жылдын июну, ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды жаңылоо менен

Өкмөттүн Аппараты, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

ЧУА долбоорлору даярдалды/кызматтык (коррупциялык) кылмыштарды жасашкан адамдарды 10 жылдан кем эмес мөөнөткө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу жана стигматизациялоо

31

Чыгымдарды контролдоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мүлкүн жана кирешелерин декларациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу

Чыгымдарды милдеттүү түрдө декларациялоону киргизүүнү караштырган жана мындай декларацияларды текшерүү тартибин регламенттештирген ЧУА иштеп чыгуу

2015-жылдын декабры

Өкмөттүн Аппараты, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чыгымдарын контролдоо камсыздалды/мүлктөр жана кирешелер тууралуу декларацияларды бербегендик, ошондой эле көз көрүнө жалган же толук эмес маалыматтарды берүү үчүн иштиктүү санкциялар киргизилди/жарыяланган фактылардын саны жана көрүлгөн чаралар

32

Жогорку мамлекеттик кызматтарга кадрларды тандоо системасын өркүндөтүүнүн эсебинен кесипкөйлүк деңгээлди камсыздоо

1) Талапкерлерди тандоонун жана алардын билимин, жөндөмдүүлүгүн жана компетенттүүлүгүн баалоонун атайын жол-жоболорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

2) Кадр кызматынын алдында баалоо жана өнүктүрүү борборун түзүү

2015-жылдын декабры

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча)

Талапкерлердин билимин баалоо алардын жөндөмдүүлүгүн жана компетенттүүлүгүн эске алуу менен ишке ашырылууда/Кадр кызматынын алдында баалоо жана өнүктүрүү борбору түзүлдү

33

Жарандардын коррупциялык мыйзам бузууларга байланышкан даттанууларын жана арыздарын кабыл алуунун, кароонун жана чечимдерди кабыл алуунун так жол-жоболорун кабыл алуу

1) Жарандарды кабыл алууну ишке ашыруу, жарандардын оозеки жана кат жүзүндөгү кайрылууларын толук өз учурунда карап чыгуу боюнча ведомстволук административдик регламенттерди инвентаризациялоо жана жаңылоо;

2015-жылдын 1-жарым жылдыгы, кийин прогресстер тууралуу маалымдоо менен

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча)

Ведомстволук административдик регламенттердин болушу жана аларды сакталышы; жарандардын алардын кайрылууларынын компетенттүү жана объективдүү каралуусуна ишенимдүүлүгү, аларды кароонун түшүнүктүү жана ачык-айкын эрежелери; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кадыр-баркын көтөрүү; жарандардын коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга жок кылууга катышуусу/саны жана натыйжалуулугу

2) купуялуулуктун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу менен коррупциялык көрүнүштөр жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө туура маалыматтарды берүү үчүн жарандарды колдоонун натыйжалуу механизмин ишке киргизүү

Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), укук коргоо жана контролдоо органдары

XI. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана натыйжалуу ички аудит

34

1. Мамлекеттик сатып алууларга жооп берген негизги органды өзүнүн функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, ошондой эле колдонуудагы эрежелердин жана талаптардын аткарылышын аларды сатып алуучу уюмдарда ички контролдоонун натыйжалуу системасы менен толуктоо менен камсыздоо

1) Сатып алуучу уюмдардын кызмат адамдарын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ак ниеттүүлүк маселелерине үзгүлтүксүз окутуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;

2) тендердик документация боюнча маалыматтарга, ачуу протоколдоруна жана жол-жоболорго, ошондой эле акы төлөмө негизде көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин аныктоо менен, бир булактан сатып алуу методу менен жүргүзүлгөн сатып алуулар жөнүндө маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

3) купуялуулук принциби менен сатып алуулар жөнүндө маалыматтын ачык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу муктаждыгынын ортосунда балансты камсыз кылуу, атап айтканда ар бир адамдын суроо-талабы боюнча тендердик документацияны, сатып алуу жол-жоболору жөнүндө протоколдорду жана бир булактан сатып алуулар жөнүндө негизги маалыматты берүүнү камсыз кылуу;

4) ар бир тармактын квалификациялуу эксперттерин тартуу менен мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча даттанууларды кароонун мыкты практикаларын изилдөө жана ишке киргизүү

2015-жылдын 1-жарым жылдыгы, жетишилген жыйынтык-тар тууралуу маалыматтарды квартал сайын жаңылоо менен

ФМ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча), Монополияга каршы агенттик

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ак ниеттүүлүк маселеси боюнча окутуулар үзгүлтүксүз жүрүп жатат; сатып алуу системасы чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулугуна, атаандаштыгына жана объективдүү критерийлерине негизделүүдө;

эрежелер же жол-жоболор сакталбаган учурда талашуунун юридикалык каражаттарын жана укуктук коргоо каражаттарын камсыз кылуу үчүн даттануунун натыйжалуу системасын кошкондо, ички контролдоонун натыйжалуу системасы түзүлдү; сатып алуулар үчүн жооптуу персоналдарга тиешелүү маселелерди тийиштүү учурларда жөнгө салуу чаралары/аныкталган фактылардын саны жана аларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар

35

Кыргыз Республикасынын ички аудитинин стандартын ишке киргизүү

Ички аудиттин принциптеринин негизи, Кыргыз Республикасынын ички аудиттин стандарттары, ички аудит боюнча колдонмону пайдалануу, активдерди финансылык башкаруунун мамлекеттик сатып алууларынын аудити, каражаттарды сарптоо, бюджеттик эсепке алуу ж.б. боюнча ички аудит адистерин кайра даярдоо

2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы, жетишилген жыйынтык-тар тууралуу маалыматтарды квартал сайын жаңылоо

МФ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Мамлекеттик сектордо жана ЖӨБОлордо ички аудит системасын өнүктүрүү, Ички аудит кызматы түзүлгөн мамлекеттик органдардын үлүшү

XII. Коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо

36 

Кызматташуунун туруктуу түрлөрүн кеңейтүү жолу менен коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө кеңири коомчулукту тартууну камсыз кылган жол-жоболорду иштеп чыгуу

1) Жарандык коом менен мамлекеттик органдардын ортосунда кызматташуунун туруктуу формаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү (Коррупцияга каршы форум, Башкы прокуратуранын алдындагы координациялык кеңеш, мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер ж.б.);

2) коомдук консультацияларды жана угууларды өткөрүү практикасын ишке киргизүү, онлайн режиминде комментарийлерди берүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен мыйзам долбоорлорун жарыялоо

Дайыма

Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча)

Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө кеңири коомчулуктун тартылышы (тематика, формалар жана жетишкендиктер); макулдашылган коммуникациялык пландардын болушу, кайра байланыш

37  

Жарандык коом институттарын жана донорлук уюмдарды тартуу менен Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын ишке киргизүү

1) Мамлекеттик жана ведомстволук деңгээлде коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына үзгүлтүксүз мониторинг практикасын ишке киргизүү;

2) жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы саясатты (пландарды) ишке ашыруусуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдерин иштеп чыгуу;

3) коррупцияга каршы мониторинг чараларын ишке ашыруунун натыйжалуулугунун критерийлерин жана көрсөткүчтөрүн түзүү;

4) ишке ашырылуучу чаралардын натыйжалуулугун баалоого жана верификация жана валидация системасы аркылуу коюлган индикаторлорго жетүүгө багытталган механизмдерди жана критерийлерди ишке киргизүү

2015-2017-жылдардын ичинде календарлык пландарга ылайык

Өкмөттүн Аппараты, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КК (макулдашуу боюнча), ӨЭУ (макулдашуу боюнча)

Жалпысынан Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын жоболорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер пландарын ишке ашыруу жөнүндө отчетторду жарыялоо, атап айтканда, ага ЖКИ, КК, ЭУ жана жарандык жана эксперттик коом тарабынан даярдалган альтернативдүү отчеттор кирет; коррупцияга каршы аракеттенүү механизмдеринин улуттук комплекстик системасынын иштеши; мамлекеттик органдар тарабынан коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышын баалоонун иштиктүү системасынын болушу

 

 

Кыскартуулардын тизмеси

ККК

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы

КТБА

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттик

ЖСТТ

Жөнгө салуучу таасирди талдоо

КИК

Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши (коомдук уюм)

Өкмөттүн Аппараты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

Мамлекеттик башкаруу академиясы

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы

ЖОЖдор

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары

ДСУ

Дүйнөлүк соода уюму

Монополияга каршы агенттик

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги

Геология агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик

Курулуш агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

Этностор агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттиги

Башкы прокуратура

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

Кадр кызматы

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы

МСК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясы

Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы

Мамлекеттик органдар

Бул термин кызыкдар аткаруучулардын саны 5тен жана андан көп мамлекеттик орган болгон учурда колдонулат

Финкөзөмөл

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы

ГРЕКО

Европа Кеңеши тарабынан түзүлгөн Коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттердин тобу

Мамкаттоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы

ЭККМК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)

ЖАМК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

БКМК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат

Финчалгын

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

МБК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

ЖККББ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы

ЕРӨБ

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы

КР Жогорку Кеңеш

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

МКТ

Маалыматтык- коммуникациялык технологиялар

ЖКИ

Жарандык коом институттары

КСБИС

Кыргызстандын салыктык башкаруусунун интеграцияланган системасы

ИИМ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

ТИМ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

СММ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ЮМ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

ММТМ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

ЭМЖМ

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги

ЭУ

Эл аралык уюмдар

БИМ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

СӨМ

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги

ТКМ

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

(43-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

ЭӨМ

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги

Улутстатком

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

КРУБ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

УСИИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту

ЧУА

ченемдик укуктук актылар

ӨЭУ

өкмөттүк эмес уюмдар

ЖӨБО

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

КК

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештери

КТРК

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы

ЭКӨУ

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму

ККА

Коомдук кызмат адамы (БУУ Коррупцияга каршы конвенциясынын 2-беренеси)

КРӨ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Укук коргоо органдары

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Президент

Кыргыз Республикасынын Президенти

ЖМК

Жалпыга маалымдоо каражаттары

Эсеп палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы

КЖС

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасы

АРБ

Адам ресурстарын башкаруу кызматы (кадрлар бөлүмү)

FATF

Капиталдардын изин жашыруу менен күрөшүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия (Financial Action Task Force on Money Laundering - FATF)

ММБФ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

БШК

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЮНСИТРАЛ

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укугу жаатындагы системасынын юридикалык органы