Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 7-декабры ПЖ N 434
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн
Эл аралык күнү жөнүндө
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, аны түп тамырыман жоюуга багытталган, жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка ылайык, ошондой эле коррупцияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясы жөнүндө Бириккен Улуттар уюмунун башкы Ассамблеясынын 2003-жылдын 31-октябрындагы N А/58/422-резолюциясын көңүлгө алуу менеп токтом кылам:
1. 9-декабрь жыл сайын белгиленүүчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыялансын.
2. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев