Пара талап кылынып жатса

Пара талап кылынып жатса

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОЦИАЛДЫК ФОНДУ

КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ – БААРЫБЫЗДЫН БИРГЕЛЕШКЕН ИШ АРАКЕТИБИЗ

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ЭСКЕРТКИЧ

КОРРУПЦИЯ –  кызмат адамынын кызмат орду боюнча ага берилген укуктарды жеке баюу максатында түз пайдалануусун билдирген кылмыш. Ошондой эле, кызмат адамдарына пара берүү, алардын сатылып кетүүсү коррупция болуп эсептелет.

ПАРА БЕРҮҮ ЧАГЫМЫ – пара берүүчү адамдын кызыкчылыгы үчүн Социалдык фонд кызматкерлери тарабынан белгиленген аракеттерди же аракетсиздикти аткаруу максатында, Социалдык фонд органынын кызмат адамына анын макулдугусуз мүлктүк жана башка дөөлөттөрдү, анын ичинде акча, же болбосо ага мүлктүк жана мүлктүк эмес мүнөздөгү кызмат көрсөтүү аракети.

ПАРА ТАЛАП КЫЛУУ – кызмат адамы берүүчүнүн кызыкчылыктарында анын мыйзамдуу укуктарын бузган өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткарганы же аткарбаганы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кызмат адамы жеке өзү же ортомчулар аркылуу опузалап талап кылганда, ошого тете аны өзүнүн укук тарабынан корголгон кызыкчылыктарына зыян келтирген кесепеттер келип чыгышынын алдын алуу максатында пара берүүгө мажбур болгондой шарттарга коюу. Пара талап кылуу түздөн-түз талап коюу түрүндө дагы, кыйыр түрүндө дагы болот.

 

ПАРА ДЕП ЭСЕПТЕЛЕТ:

– акча, анын ичинде валюта, банктык чектер жана баалуу кагаздар, кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жсалган зергер  буюмдар,  автоунаалар, батирлер, дачалар жана үйлөр, тамак-аш азыктары, турмуш-тиричилик техникалары жана приборлору, башка товарлар, жер участкалары жана башка кыймылсыз мүлктөр;

мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр – дарылануу, курулуш жана оңдоо иштери, санатордук жана туристтик жолдомолор, чет өлкөгө алып баруу, көңүл ачуу иш-чараларынын жана башка чыгымдарын кайтарымсыз төлөп берүү же төмөндөтүлгөн баада төлөтүү;

паранын башка түрлөрү – акчаны жалган карыз түрүндө, карызга банкттык ссуда же болбосо жок насыяны төлөп жаткан  түр көрсөтүү менен берүү, товарларды төмөнкү баада сатуу жана аныкталган бир сатуучудан товарларды жогорку баада сатып алуу, жалган эмгек келишимин түзүү менен эмгек акыны ал көрсөткөн адамдарга (туугандарына, досторуна) төлөп берүү, пайдалуу же болбосо жеңилдетилген насыя алуу, окуган лекциялары, китептери жана макалалары үчүн жогорулатылган өлчөмдөгү гонорарды алуу, карта, бильярд жана б.у.с. оюндарынан атайылап утулуу, карызды кечүү, ижара акысын төмөндөтүү, жалган камсыздандыруу, банктык салымдын пайыздык ставкасын жогорулатуу же болбосо насыянын пайыздык ставкасын төмөндөтүү, акысыз же болбосо төмөндөтүлгөн баада алынган башка пайдалар.

ПАРА БЕРҮҮ – Социалдык фонд органынын кызмат адамы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызматтык адамы кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчул аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү.

ПАРАКОРЛУК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК.  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси паракорлук боюнча төмөнкү кылмыштардын түрлөрү каралган:

 

    пара алуу (КР КЖК 342-беренеси);

    опузалап пара талап кылуу (КР КЖК 343-беренеси);

    пара алуудагы ортомчулук (КР КЖК 344-беренеси);

    пара берүү (КР КЖК 345-беренеси).

ПАРАКОРЛУК БОЮНЧА КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕ КИМДЕР ТАРТЫЛАТ?  Паракорлук боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат:

    пара берүүчү;

    пара алуучу;

    пара алуудагы ортомчу (параны алынышынын же болбосо паранын берилишинин макулдалышына жана жүзөгө ашуусуна көмөктөшкөн жак).

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!  Пара берүү коркунучтуу, анткени мыйзам менен Социалдык фонддун кызматкерлери коррупциялык кылмышты жасоого тартуу фактылары боюнча иш берүүчүгө жана укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттендирилген.

Эгерде Социалдык фондунун  кызматкерлери пара берүүгө мажбурлап жатса бул ишеним телефондору аркылуу кайрылууңузду суранабыз: (0312) 54-33-16, (0312) 57-66-61 же болбосо укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот. Сиздин кайрылууңуз кароосуз калтырылбайт!

МУНУ БИЛГЕН МААНИЛҮҮ! ПАРАКОРЛУК БОЮНЧА КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИНЕН БОШОТУЛАТ, эгерде:

пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу-көмөкчү болуп саналган адам, эгерде ал бул тууралуу кылмыш ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу түрдө билдирсе;

пара берген адам, эгерде кызмат адамы тарабынан опузалап пара талап кылуу жасалса, же адам алдыдагы пара берүү жөнүндө кылмыш-жаза ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу билдирсе.

ЭСКЕРТҮҮ! Эгерде пара берилгендиги укук коргоо органдарына башка булактардан белгилүү болуп, пара берген адамга бул кылмыш фактысы коюлгандан кийин берилген пара бергендиги жөнүндө билдирүүсүнүн ыктыярдуулугу жокко чыгарылат.

СИЗДЕН ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТАТ: ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

СИЗДЕН ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТСА:

сизге сунушталган шарттарды көңүл коюп угуп, эстеп калуу керек (сурап жаткан сумма, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана мүнөздөрү, сураган параны берүү мөөнөттөрү жана жолдору, маселенин чечилишинин ирээти, ж.б.);

өзүңүздүн кыймыл-аракетиңизге этият болуп, демилгени  өзүңүзгө албастан, коюлган шарттары боюнча маалыматтарды мүмкүн болушунча көбүрөөк айттырууга аракеттениңиз; 

талап кылынган параны бере турган жерди жана убактысын белгилөөнү башка убакытта жолугушуп сүйлөшүүгө көндүрүңүз.

талап кылынган параны берүү менен маселеңиздин чечилишинин кепилдиктерин сураңыз. Ошол эле учурда параны алуу демилгеси талап кылып жаткан кызмат адамынан болушу зарыл. Демилге Сиз тараптан болуп калса пара берүү аракетин көрдү деп күнөөнү Сизге оодарышы мүмкүн.

Укук коргоо органдарына оозеки же жазуу түрүндө арыз менен кайрылыңыз.

ПАРА ТАЛАП КЫЛГАН ФАКТ БОЮНЧА АРЫЗ КАНДАЙ ЖАЗЫЛАТ?  Пара талап кылган факт боюнча арызда төмөнкүлөрдү так көрсөтүп жазуу керек:

Сизден пара талап кылган кызмат адамды (Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүгүнүн аталышы, кызматынын ордунун аталышы, аты-жөнү) же пара берүүгө үндөп жаткан адамды;

    талап кылынган паранын өлчөмү жана мүнөзү;

    талап кылынган пара кайсы иш аракети (же аракетсиздиги) үчүн;

    талап кылынган пара кайсы убакта, кайсы жерде жана кандай шартта берилет;

    Сиздин оюңуз боюнча укук коргоо органдарына зарыл болуучу башка кошумча маалыматтарыңыз.