Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматы

Коррупцияны алдын-алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2019-жылдын башынан бери төмөндөгү иштер аткарылды:

Коррупцияга каршы иш-чаралардын арасында окуу пландарына ылайык окуу жайларда, мекемелерде калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү каралган.

Окуу жайлардын окуучулары жана мугалимдеринин арасында. Окууларды өткөрүү күндөрү жана убактылары сабактарына жараша окуу жайлар менен макулдашылат. 2019-жылдын башынан бери 28 окуу жайларында 2962 угуучулар үчүн окуулар өткөрүлдү.

Эмгек жамааттарында. Окуулар мекеме, уюм, ишканалардын эмгек жамааттарында өткөрүлүп турат: жалпысынан 2019-жылдын башынан тартып 29 эмгек жамааттарында 1354 угуучу үчүн окуулар өткөрүлдү.

Жергиликтүү калк арасында. “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы  № 1 Жарлыгына ылайык 2019-жылдын башынан бери Жалал-Абад, Ош жана Талас областтарында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу максатында калк менен жолугушуулар өткөрүлүп, жалпысынан 3437 угуучу үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциялары окулду (Токтогул району – 130 угуучу, Кара-Көл шаары – 80, Ноокен району - 150, Базар-Коргон району - 180, Сузак району – 450, Кара-Суу району – 480, Өзгөн району – 387, Ноокат району – 620, Араван району – 530, Талас району – 80, Кара-Буура району – 120, Бакай-Ата району – 130, Манас району - 100).

 

№  

Окуу жайлардын, мекеме,

ишканалардын аталышы

Окуу жайлардын, мекеме, ишканалардын саны

Угуучулардын саны

1

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Бизнес башкаруу факультети,  Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети (2 факультет), Туризм академиясы, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,  И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Россия билим берүү академиясы, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колледжи, Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжи, С.Чуйков атындагы Кыргыз көркөм академиясы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин колледжи орто кесиптик билим берүү бөлүмү, Коммерциялык-экономикалык колледж (МАУПФиБ), М.Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык училище, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледж, М.Абдраев атындагы Бишкек музыкалык училище – мектеп-интернат, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдин училищеси, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Агротехникалык колледжи, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Техника-экономикалык колледжи, Бишкек компьютердик технологиялар жана системалар колледжи,

Бишкек архитектура, менеджмент жана курулуш колледжи

28

2962

 

“Креатор” ЖЧК, Жеке тигүүчү ишканасы, “РСК Банк” ААК, “Аалам-Галакси” ЖЧК, “РСК Банк” ААК Сактык кассасы, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жерди пайдалануу, кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, “Северэлектро” ААК, “Газпром Кыргызстан”,  ЖЧК “Бишкекгаз” филиалы, “Тартуга” Фитнес клубу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы,  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун №13 Муниципалдык аймактык башкармалыгы, КТРК, “Бишкектеплосеть” ААК, КР Саламаттык сактоо министрлиги,  Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы, Бишкек шаарынын Мэриясынын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, Бишкек шаарынын Свердлов райондук мамлекеттик администрациясы, Свердлов районунун № 17, № 18, № 19, № 20, № 21 Муниципалдык аймактык башкармалыктары, Октябрь районунун № 6, № 7, № 8, № 9, № 10 Муниципалдык аймактык башкармалыктары

29

 

1354

 

          Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу окууларын өткөрүүгө кызыкдар тараптар (адамдар) уюштуруу маселелери боюнча  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборуна төмөндөгү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, М.Горький көчөсү, 1, тел.: 53-17-64, 53-02-76.