"2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2019-жылдын 13-сентябры № 474

2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, коррупцияга каршы аракеттенүү институттарын андан ары чыңдоо, коррупциянын түпкү себептерин жоюуда системалуулукту киргизүү, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Планды белгиленген мөөнөттөрдө талаптагыдай аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Планды жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук иш-чаралар пландарын аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун;

- Планды Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде ишке ашырышсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү:

- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар менен бирге аракеттешүү аркылуу коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана Планды аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;

- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коррупцияга каршы саясатты жана Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында кароо үчүн берип турсун.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы N 79 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

Милдеттер

Иш-чаралар/иш-аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор

Жооптуу аткаруучу/кошо аткаруучулар

 

1-глава. Коррупцияга каршы саясат

 

1

Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү

1. Колдонуудагы мыйзамдардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана аларды "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө", "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө", "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү.

Январь,

2020-жыл

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы системасын жаңылоо.

Бийликтин бардык бутактарынын жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн так тартибин регламенттөөчү жөнгө салынган коррупцияга каршы механизм ишке киргизилди

КР ӨА, КР КК катчылыгы (макулдашуу боюнча),

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

 

2. "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу жана жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Февраль,

2020-жыл

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциядагы долбоорун киргизүү

Июнь,

2020-жыл

 

КР ӨА

 

2

Коррупцияга каршы улуттук саясатты институтташтыруу

Төмөнкү функцияларга (укук коргоо функцияларынан тышкары) ээ өзүнчө мамлекеттик органды түзүү (же аныктоо) мүмкүндүгүн кароо:

- мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын иштеп чыгуу;

- превентивдик жана алдын алуучу коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик институттарды координациялоо;

- талдоонун негизинде коррупциялык тобокелдерди аныктоо жана алдын алуу;

- мамлекеттик органдар жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү;

- коррупциянын деңгээлине/абалына жалпы мамлекеттик баалоо жүргүзүү;

- коррупцияга каршы пропагандалоону уюштуруу жана өткөрүү;

- мамлекеттик органдар тарабынан коррупцияга каршы иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү, талдоону жана баалоону уюштуруу жана жүргүзүү;

- коррупцияга каршы пландарды жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды тиешелүү түрдө же өз убагында аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чет элдик өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө илимий-изилдөөчүлүк жана маалыматтык-аналитикалык ишти уюштуруу;

- мамлекеттик кызматчыларга жана коомчулукка коррупцияга каршы билим берүүнү жана агартууну уюштуруу

Декабрь, 2019-жыл

Коррупцияга каршы органды түзүүнүн максатка ылайыктуулугуна жана практикалык натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде коррупцияга каршы органды түзүү же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо жөнүндө чечим кабыл алынды

КР ӨА,

КР КК катчылыгы (макулдашуу боюнча)

 

3

Эл аралык коррупцияга каршы ченемдерди имплементациялоо

1. Кыргыз Республикасынын Европа Кеңешинин Коррупция менен күрөшкөн өлкөлөрүнүн тобуна (ГРЕКО) кирүү жана Европа Кеңешинин Коррупция үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө конвенциясын ратификациялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелерди изилдөө боюнча ишти улантуу.

Декабрь,

2021-жыл

Кыргыз Республикасынын Европа Кеңешинин Коррупция менен күрөшкөн өлкөлөрүнүн тобуна (ГРЕКО) кирүү жана Европа Кеңешинин Коррупция үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө конвенциясын ратификациялоо мүмкүнчүлүгүнө толук талдоо жүргүзүлдү, анын ичинен мүмкүн болгон сунуштарга жана аларды ишке ашырууга талдоо жүргүзүлдү.

Талдоонун жыйынтыктары кызыкдар мамлекеттик органдар менен талкууланды.

Тиешелүү чечим кабыл алынды.

 БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына сереп жүргүзүүсүнө өлкөнүн катышуусу жана алынган сунуштар ишке ашырылды

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча),

ТИМ, ЮМ

 

2. Кыргыз Республикасынын БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын ишке ашырылышынын жүрүшүнө сереп салуу механизмине 2-циклдин алкагында толук кандуу катышуусун камсыз кылуу жана сереп жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Катчылыгынан, ошондой эле чет мамлекеттердин (сереп жүргүзгөн мамлекеттердин) өкмөттүк эксперттеринен алынган сунуштарды андан ары аларды учурдагы керектөөрдү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына имплементациялоо бөлүгүндө талдоо

Декабрь,

2021-жыл

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

 

4

Коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталган жарандык демилгелерди ишке ашыруу

1. Коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгууга жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун кеңири жана ачык катышуусун камсыз кылуу.

Дайыма

 

Министрликтер жана ведомстволор

 

2. Мониторингдин жыйынтыктарын үзгүлтүксүз коомдук угууларды/талкууларды өткөрүү.

Дайыма

 

 

 

3. Жарандык демилгелерди натыйжалуу кароо боюнча кайра байланыштын жол-жоболорун иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдарда киргизүү.

Декабрь,

2019-жыл

 

КР ӨА,

КР КК катчылыгы

(макулдашуу боюнча)

 

4. Коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууда жана анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүдө бизнес-ассоциацияларды сурамжылоонун маалыматтарын жана сунуштарын, ошондой эле бизнес үчүн диалогдук аянтчаларды пайдалануу.

Дайыма

 

 

 

5. 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча биринчи Улуттук иш-аракеттер планынын милдеттенмелерин ишке ашыруу

Декабрь,

2020-жыл

 

Министрликтер жана ведомстволор,

КР ӨА

 

5

Коррупцияга каршы билим берүүнү, агартууну жана пропагандалоону өркүндөтүү

1. Коррупцияга каршы билим берүү, агартуу жана пропагандалоо боюнча комплекстүү окуу программаларын, окуу-методикалык адабияттарды иштеп чыгуу жана бекитүү, анын ичинен жогорку, орто окуу жайларынын жана мектепке чейинки мекемелердин окуучулары үчүн да.

Декабрь,

2019-жыл

 

БИМ, КМЮА, ЮМ, Кадр кызматы,

КР Президентине караштуу МБА (макулдашуу боюнча),

 

2. Коррупцияга каршы билим берүү жана агартуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо методикасын/ колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү.

Февраль,

2019-жыл

 

КР ӨА

ЮМ

 

3. Сапаттуу коррупцияга каршы билим берүүнү, агартууну жана пропагандалоону камсыз кылуу.

Дайыма

 

ЮМ, БИМ

 

 

 

 

 

4. Мамлекеттик заказдын алкагында коррупцияга каршы окутуунун натыйжалуулугун баалоо.

Мамлекеттик заказды ишке ашырууга жараша

 

Кадр кызматы жана

КР Президентине караштуу МБА (макулдашуу боюнча), БИМ

 

6

Эл аралык стандарттарга ылайык маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарды реформалоо

1. Маалыматтарга жетүү чөйрөсүндө эл аралык тажрыйбага талдоо жүргүзүү.

Декабрь,

2019-жыл

Эл аралык стандарттарга ылайык маалыматтарга жетүү жөнүндө улуттук мыйзамдар жаңыланды.

Маалыматтарды алып жүрүүчүлөр окутулду.

Маалыматтарды берүү жөнүндө калктын аткарылган суроо-талаптарынын, ошондой эле жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө грифи алынып салынган документтердин саны көбөйдү.

Калктын суроо-талаптары боюнча маалыматтарды берүү жөнүндө статистикалык маалыматтардын мамлекеттик органдар тарабынан жарыяланышы

ММТМ, МТБМК, УКМК, министрликтер жана ведомстволор

 

2. Маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү, анын негизинде мыкты эл аралык практиканы эске алып тыянактар жана сунуштар менен талдоо даярдоо.

Декабрь,

2019-жыл

 

3. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана демилгелөө.

Март,

2020-жыл

 

4. Маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү маалыматтарга жетүү укугун сактоо маселелери боюнча окутуу, ошол укукту ишке ашыруунун механизмдери жөнүндө калк үчүн маалыматтык кампаниялары өткөрүү.

Октябрь,

2019-жыл

 

5. Жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген документтерди (анын ичинде "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифиндеги) инвентаризациялоо жана жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө зарылдыгы жок болгон же актуалдуу эмес документтерден мындай грифтерди алып салуу боюнча сунуштарды киргизүү.

Дайыма

Министрликтер жана ведомстволор

 

6. Маалыматтарга суроо-талаптарды эсепке алууну жана каралып чыккан суроо-талаптар, алардын жыйынтыктары боюнча мындай статистиканы мамлекеттик органдардын ведомстволук сайттарына жарыялоону камсыз кылуу

Дайыма

 

7

Электрондук өкмөткө өтүү

1. Ачык маалыматтар улуттук порталынын иштешин камсыз кылуу (ачык маалыматтарды интернетке жарыялоонун стандарттарын жана эрежелерин иштеп чыгуу, аларды эркин кайра пайдалануу үчүн эрежелерди, маалыматтардын милдеттүү топтомдорунун минималдык тизмесин белгилөө).

Декабрь,

2021-жыл

 

МТБМК,

министрликтер жана ведомстволор

 

2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда коррупциялык тобокелдерди азайтуу максатында "электрондук өкмөттүн" заманбап инструменттерин ишке киргизүү.

Декабрь,

2021-жыл

 

МТБМК

 

3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын ишке киргизүү.

Декабрь,

2021-жыл

 

 

 

4. Бардык тартылган мамлекеттик органдардын толук кошулушун камсыздоо менен, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизүүнү аяктоо.

Декабрь,

2021-жыл

 

МТБМК,

министрликтер жана ведомстволор

 

5. Мамлекеттик электрондук төлөмдөр (төлөм шлюзу) системасын толуктап иштеп чыгуу жана коштоону камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү үчүн акы төлөө механизмин ишке киргизүү

Декабрь,

2021-жыл

 

 

 

8

Мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупцияны өлчөө боюнча методологиялык негизди түзүү

1. Эл аралык индекстерди эске алуу менен мамлекеттик органдардагы коррупцияны өлчөө боюнча улуттук методологияны иштеп чыгуу.

Декабрь,

2019-жыл

Даярдалган методологиянын негизинде мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин аныктоо

УСИИ, КР ӨА,

КР КК катчылыгы (макулдашуу боюнча),

Улутстатком (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

 

2. Иштелип чыккан методологиянын негизинде коррупциянын деңгээлин баалоо боюнча пилоттук изилдөө жүргүзүү.

Январь,

2020-жыл

 

3. Пилоттук изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алуу менен коррупцияны өлчөө боюнча методологияны толуктап иштеп чыгуу.

Март,

2020-жыл

 

4. Мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүү

Апрель,

2020-жыл

 

УСИИ,

министрликтер жана ведомстволор

 

9

Коррупциянын алдын алуунун жана мамлекеттик органдарда антикоррупциялык ишке көзөмөл жүргүзүүнүн иштеги механизмдерин өркүндөтүү

1. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерди жумушка кабыл алуунун жана жумуштан бошотуунун атайын регламентин иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү.

Январь,

2020-жыл

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкердин көз карандысыз статусун бекемдөө.

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкердин функциялары жана милдеттери унификацияланды.

Коррупциянын алдын алуу жаатында иштөөгө жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу үчүн шарттарды түзүү жана кадрлардын келип-кетүүсүнүн алдын-алуу

КР ӨА,

министрликтер-деги жана ведомстволордогу коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер,

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

 

2. Коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкердин функцияларын жана милдеттерин кайра карап чыгуу.

Июнь,

2020-жыл

 

3. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкердин ишин стимулдаштыруунун механизмдерин киргизүү

Июнь,

2020-жыл

 

10

Жарандардын антикоррупциялык аң-сезимин калыптандыруу жана жогорулатуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясына толуктоолорду киргизүү

Январь,

2020-жыл

Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясына коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында кошумчалар киргизилди.

Калк арасында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча билимдерди кеңейтүү жана жайылтуу иш-чаралары туруктуу негизде өткөрүлүүдө

ЮМ

 

2-глава. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат

 

11

Статс-катчылар институтун өркүндөтүү

1. Статс-катчылардын милдеттерине, функцияларына жана ишине талдоо жүргүзүү.

Ноябрь,

2019-жыл

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына статс-катчылардын функцияларын так регламенттөөгө багытталган, өзгөртүүлөр киргизилет.

Статс-катчылардын ички/ локалдык ченемдер менен аныкталган, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларындакаралбаган айрым функциялары алынып салынды

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

 

2. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде иштелип чыгып жаткан 2019-2023-жылдарга карата мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү стратегиясынын долбооруна статс-катчылар институтун өркүндөтүү маселесин кошуу.

Июнь,

2020-жыл

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

 

3. Статс-катчылардын функцияларынын ички/локалдык ченемдер менен аныкталган, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралбаган бөлүгүн жокко чыгаруу

Декабрь,

2019-жыл

Министрликтер жана ведомстволор

 

12

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн тестирлөө системасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын гана билүүдөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин интеллектуалдык жөндөмдөрүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн баалоого карата кайра багыттоо.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерин ротация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого бир түзүмдө 10 жылдан ашык убакыт бир эле мамлекеттик же муниципалдык кызмат орунду ээлеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди милдеттүү ротациялоо жөнүндө ченемди киргизүү

Декабрь,

2020-жыл

Тестирлөө системасына кызмат орунга талапкерлерди тажрыйбасы жана ой жүгүртүү деңгээли боюнча баалоого мүмкүндүк берүүчү суроолор кошулду.

Бир түзүмдө бир кызмат орунду 10 жылдан ашык убакыт ээлеген адамдарды ротациялоо жөнүндө ченем киргизилди

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

 

13

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кызыкчылыктардын кагылышын баалоонун жана жөнгө салуунун мыйзамдык жана институттук негиздерин киргизүү

1. "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу үчүн керектүү мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу.

Декабрь,

2019-жыл

Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруунун механизмдери иштелип чыкты жана киргизилди.

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта кызыкчылыктардын кагылышы жаралган кырдаалдар жокко чыгарылды/минималдаштырылды.

Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар кызыкчылыктардын кагылышы болуучу учурлардын алдын алуу, жөнгө салуу жана башкаруу боюнча окутуудан өтүштү.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары тарабынан милдеттүү тартипте жыл сайын жеке кызыкчылыктар тууралуу декларация тапшырылат

КР ӨА,

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

 

2. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана жеке кызыкчылыктардын декларациясын толтуруу маселелери боюнча дайыма окутуу

Дайыма

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча),

министрликтер жана ведомстволор

 

14

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ак ниеттүүлүктү камсыздоо

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өркүндөтүү максатында антикоррупциялык стандарттарды жана ак ниеттүүлүк принциптерин киргизүү жаатында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын этикасы кодексин жаңыртуу.

Январь,

2019-жыл

Этика кодекси жаңыланды.

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын этикалык ченемдеринин жана ак ниеттүүлүк принциптеринин деңгээли жогорулатылды, ошол ченемдерди бузгандык үчүн тартиптик жоопкерчилик күчөтүлдү.

Бардык мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар жумушка кирүүдө ант беришет. Этикалык ченемдерди бузган ар бир учур милдеттүү түрдө этика боюнча комиссия тарабынан мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүн же жарандык коомдун башка өкүлдөрүн тартуу менен каралат. Жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын 30% кем эмес бөлүгү этикалык ченемдерди сактоо маселелери боюнча окуудан өтүшөт.

Окуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны көбөйдү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан этикалык ченемдерди бузуулардын саны азайды. Кылмыш жоопкерчилигине негизсиз тартуу фактыларынын саны азайтылды.

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер этика боюнча комиссиянын курамына кошулду

Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

 

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын этика кодекси тууралуу маалыматтарды кеңири чагылдырууну уюштуруу, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын арасында мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө жазуу жүзүндө да, ошондой эле оозеки түрдө да ант берүү практикасын милдеттүү киргизүү менен этика кодексинин беделин жогорулатууну камсыз кылуу.

Март,

2020-жыл

 

 

3. Этикалык ченемдерди сактоо маселелери боюнча мамлекеттик кызматкерлерди дайыма окутууларды өткөрүү.

Мамлекеттик

заказдын алкагында

Министрликтер жана ведомстволор, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча)

 

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына жарандардын алдында, аларды негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартуу орун алган учурларда, көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен расмий эл алдында кечирим суроонун милдеттүүлүгүн караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүү.

Июнь,

2020-жыл

 

ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

 

5. Этика боюнча комиссиянын коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер менен натыйжалуу бирге аракеттешүүсүн камсыз кылуу

Дайыма

 

Министрликтер жана ведомстволор

 

3-глава. Коррупцияны болтурбоо/алдын-алуу. Административдик процедуралар, коомдук сектордогу отчеттуулук жана ачык-айкындуулук

 

15

Мамлекеттик сатып алуулардагы ачыктыкты камсыздоо

1. Мамлекеттик сатып алуулар системасынын реформасын анын туруктуулугун, сатып алуулардын электрондук системасын гана пайдаланууну, атаандаштыкты жогорулатууну, толук ачык-айкындыкка жана ачыктыкка жетишүүнү (ачык маалыматтар системасына толук өтүүнү) камсыз кылуу үчүн аягына чыгаруу.

Декабрь,

2021-жыл

Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн эл аралык таанылган шарттарга жана стандарттарга ылайык келген стандарттуу тең салмакталган системасы түптөлдү.

Бардык маалыматтар (сатып алуулардын планы, документтерди ачуунун протоколдору, тендердик комиссиялардын чечимдери, контракттар, товарларды/
жумуштарды/ кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары) ачык кирүү мүмкүнчүлүгү каралган форматта сатып алуулар порталына жайгаштырылат.

Даттануулардын жана нааразычылыктарды кароонун, алардын санын азайтуунун механизмдери жаңыланды. Алдын алуучу чараларды киргизүүнүн эсебинен мамлекеттик сатып алуулар жаатында коррупциялык кылмыштын саны азайтылды

ФМ

 

2. Стандарттуу конкурстук документтерде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу келишимдердин стандарттык формаларын кайра карап чыгуу.

Июнь,

2020-жыл

ФМ

 

3. Мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору боюнча даттанууларды жана арыздарды кароонун механизмдерин жаңыртуу

Декабрь,

2020-жыл

ФМ

 

16

Бизнестин тазалыгын камсыздоо

1. Юридикалык жактардын бенефициардык менчик ээлери тууралуу маалыматтарды борборлоштуруп топтоону жана ведомстволук сайтка жарыялоону камсыз кылуу, мындай маалыматтарды тандалма түрдө, ведомостторду тапшырбоо же аларды туура эмес тапшыргандык үчүн санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен, дайыма иргеп текшерүүдөн өткөрүү.

Март,

2020-жыл

Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан юридикалык жактардын түпкү менчик ээлери тууралуу маалыматтарды ачыктоо жолу менен ачык-айкындык камсыздалды.

Жагымдуу инвестициялык чөйрө түзүлдү, инвестициялардын келиши көбөйдү. Жеке ишканалардагы директорлор кеңешинин жана аудиттик комитеттин курамы тууралуу, комплаенс системасы тууралуу маалыматтарды ачыктоо боюнча талаптар ишке киргизилди.

 Бенефициар менчик ээлери боюнча маалыматтар ачыкталган юридикалык жактардын саны көбөйдү.

ISO 37001:2016 "Паракорчулук менен күрөшүүнүн менеджмент системасы. Пайдалануу боюнча талаптар жана көрсөтмө" эл аралык стандарты ишке киргизилди. Бизнес-омбудсмен иштеп жатат. Ак ниеттүүлүк жөнүндө хартияга кошулган мамлекеттик органдардын саны көбөйтүлдү. АРВнын жарыяланган жыйынтыктарынын саны көбөйдү.

ЮМ, ММБФ, Финчалгын

 

2. Директорлор кеңешинин жана аудитордук комитетинин курамы тууралуу, ачык компаниялардагы комплаенс системалары тууралуу маалыматтарды ачыктоо боюнча талаптарды бекитүү.

Сентябрь,

2019-жыл

Финкөзөмөл

 

3. Кыргыз Республикасында ISO 37001:2016 "Паракорчулук менен күрөшүүнүн менеджмент системасы. Пайдалануу боюнча талаптар жана көрсөтмө" эл аралык стандартын кабыл алуу.

Декабрь,

2019-жыл

ЭМ

 

4. ISO 37001:2016 "Паракорчулук менен күрөшүүнүн менеджмент системасы. Пайдалануу боюнча талаптар жана көрсөтмө" КМС улуттук стандартын киргизүү.

Декабрь,

2020-жыл

Министрликтер жана ведомстволор

 

5. Акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду ISO 37001:2016 коррупцияга каршы эл аралык стандарт боюнча сертификаттоо механизмин киргизүү.

Май,

2020-жыл

ММБФ

 

6. Бизнес-омбудсмен институтун түзүүнү камсыздоо.

Сентябрь,

2019-жыл

ЭМ

 

7. Ак ниеттүүлүк тууралуу хартиянын катышуучуларынын санын орчундуу көбөйтүү ("Кыргызстандын бизнеси коррупцияга каршы").

Дайыма

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий сайтында жөнгө салуучу таасир этүүнүн жүргүзүлгөн талдоолорунун бардык жыйынтыктарын жарыялоо

Дайыма

 

 

17

Коррупцияга каршы экспертизаны өркүндөтүү

1. Ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертизаны жүргүзүү боюнча иштеп жаткан мыйзамдарды талдоо.

Декабрь,

2019-жыл

Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана иштеп жаткан мыйзамдарга коррупциогендик факторлорду натыйжалуу аныктоого жана жок кылууга мүмкүндүк берүүчү коррупцияга каршы экспертизаны жүргүзүүнүн жаңы механизми иштелип чыкты жана ишке киргизилди.

Коррупцияга каршы экспертизанын жыйынтыктарынын транспаренттүүлүгү камсыз кылынды.

Экспертизалардын жарыяланган жыйынтыктарынын саны көбөйдү.

Ченемдик укуктук актылардын бардык долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча портал иштеп жатат. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленди

ЮМ,

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

 

2. Коррупциогендик факторлордун жана тобокелдиктердин практикалык мисалдары менен коррупцияга каршы экспертизаны жүргүзүүнүн методикасын кайра иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.

Декабрь,

2019-жыл

 

 

3. Жүргүзүлгөн коррупцияга каршы экспертизалардын бардык жыйынтыктарын үзгүлтүксүз негизде интернетке жарыялап туруу.

Дайыма

ЮМ,

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), министрликтер жана ведомстволор

 

4. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коомдук талкуулоонун жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү (өткөрүлгөн талкуунун жыйынтыктары жана сунуштарды четке кагуунун негиздемелери жөнүндө так отчетту жарыялоо)

Декабрь,

2019-жыл

 

ЮМ,

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

 

5. Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы экспертизаны жүргүзүү ченемдерин бекитүүчү "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу

Декабрь,

2019-жыл

 

Башпрокуратура

(макулдашуу боюнча), ЮМ

 

18

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулукту камсыз кылуу

1. Кен казуучу тармактын ачык-айкындуулук демилгелеринин сунуштарын аткарууну жана анын стандарттарына толук шайкештикти камсыздоо.

Декабрь,

2021-жыл

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугу жогорулатылды.

Кен казуучу тармактын ачык-айкындуулук демилгелеринин сунуштары ишке ашырылды, стандарттарга шайкеш келтирилди.

Бенефициардык кожоюндар жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү саясий маанилүү жактар тууралуу маалыматтарды ачыктоо боюнча жол картасы белгиленген мөөнөттөргө ылайык аткарылууда

ОЭЖМК

 

2. Бенефициардык кожоюндар жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү саясий маанилүү жактар тууралуу маалыматтарды ачыктоо боюнча жол картасын аткаруу чараларын көрүү

Декабрь,

2021-жыл

 

19

Курулуш секторундагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу

1. Курулуш секторунун ачык-айкындуулук демилгесине кошулуу.

2. Режимдик жана стратегиялык маанилүү объекттерден сырткары, калктуу пункттардын генералдык планы жана башка шаар куруу документтери боюнча маалыматтарды онлайн жарыялоо жана маалыматтарды эркин пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылуу

Январь,

2020-жыл

Дайыма

Кыргыз Республикасы Курулуш секторунун ачык-айкындуулугу демилгесине кошулду.

Курулуш чөйрөсүндөгү юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугу жогорулатылды.

Калктуу пункттардын генералдык планы жана башка шаар куруу документтери боюнча онлайн режимде маалыматтарды алуу мүмкүндүгү камсыз кылынды.

Бардык калктуу пункттар тиешелүү маалыматтарды жайгаштырууда

Курулуш агенттиги

 

20

Бажы органдарынын системасын өркүндөтүү

1. Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Кайра каралган Киот конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусунун максатка ылайыктуулугун карап чыгуу, оң чечим кабыл алынган учурда кошулуу боюнча чараларды көрүү.

Декабрь,

2020-жыл

Тышкы экономикалык иштеги жол-жоболор жеңилдетилди. Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жогорулатылды.

 Анык эмес декларациялоо менен күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын планы иштелип чыкты жана кабыл алынды. Электрондук декларациялоо жана декларацияларды МБКнын кызматкерлеринин ортосунда автоматтык бөлүштүрүү жол-жоболору ишке киргизилди.

Система тарабынан түзүлгөн талаптардын чыныгы аткарылышын контролдоо элементтери киргизилди. МБКнын ички коопсуздугун башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары кайра каралып чыкты.

Жетекчилик кызматтарды кошуп алганда, коррупциогендик кызмат орундарынын тизмеси жаңыртылды.

Адам факторун жокко чыгаруу менен ички аудит кызматы күчөтүлдү

ЭМ, МБК

 

2. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн товарларды анык эмес декларациялоо менен күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу.

Сентябрь,

2019-жыл

 

3. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн товарларды электрондук декларациялоонун жана кызматкерлердин арасында бажы декларацияларын автоматтык бөлүштүрүүнүн жол-жоболорун киргизүү. Башка функцияларды жана бизнес-процесстердеги бажы операцияларын автоматтык бөлүштүрүүнү киргизүү мүмкүндүгүн карап чыгуу. Тобокелдиктерди автоматташтырып башкаруу системасын өнүктүрүүнү улантуу жана анда түзүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоо элементтерин киргизүү.

I этап - 2020-жылдын

31-мартына чейин;

II этап - 2020-жылдын

31-декабрына чейин;

III этап - 2021-жылдын

31-декабрына чейин

МБК

 

4. Ички коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын кайра карап чыгуу.

Декабрь,

2019-жыл

 

5. Коррупциогендик кызмат орундарынын тизмесин жогорку, орто жана кенже звенодогу жетекчилик кызмат орундары менен толуктап, кеңейтүү.

Декабрь,

2019-жыл

 

6. Ички аудит кызматын күчөтүү, анын ичинде бажы ишин жүзөгө ашырууда адам факторунун ролун талдоо жана төмөндөтүү

Декабрь,

2019-жыл

 

21

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу

1. РӨФ ишинин натыйжалуулугун талдоону, РӨФ иши тууралуу маалыматтарды ачыктоо боюнча талаптарды аткарууну жана РӨФ веб-порталынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо.

Ноябрь,

2019-жыл

РӨФ иши жөнүндө маалыматтарды ачыктоо боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталды.

Региондорду өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугу жогорулады жана ачык-айкындуулугу камсыздалды. Калкка жеткиликтүү болгон РӨФ бирдиктүү порталы иштеп жатат

ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги,

КРӨ облустардагы өкүлдөрү

 

2. Түшкөн арыздар, ал арыздарды жана РӨФ каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетторду баалоонун жана тандоонун жыйынтыктары тууралуу маалыматтарга РӨФ бирдиктүү порталы аркылуу коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Март,

2020-жыл

ЭМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ облустардагы өкүлдөрү

 

3. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун бирдиктүү веб-порталын иштеп чыгуу жана пилоттук режимде аны апробациялоо.

Март,

2020-жыл

ЭМ, МТБМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КРӨ облустардагы өкүлдөрү

 

4. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун бирдиктүү веб-порталын ишке киргизүү.

Сентябрь,

2020-жыл

 

5. Келип түшкөн арыздарды баалоонун жана тандоонун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү

Октябрь,

2019-жыл

КРӨ

Ысык-Көл облусундагы өкүлү,

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду (макулдашуу боюнча)

 

22

Лицензиялоо системасын жакшыртуу

1. Лицензиялар менен уруксаттамаларга талдоо жүргүзүү жана алардын санын кыскартуу, ошондой эле аларды алуунун жол-жоболорун жеңилдетүү (адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү же улуттук коопсуздук маселелерине тиешелүү чөйрөлөрдө гана лицензиялоонун зарылдыгын калтыруу менен)

Март,

2021-жыл

Лицензиялардын жана уруксаттамалардын саны кыскартылды, аларды алуу боюнча жол-жоболор жеңилдетилди

ЭМ,

министрликтер жана ведомстволор

 

4-глава. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоо

 

23.

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан мүлкү, кирешелери, чыгымдары жана активдери жөнүндө декларацияларды өз убагында жана сапаттуу берүүсү

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген же ал орунда убактылуу иштеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI - 155) (мындан ары - декларация) толтуруусу жана тапшыруусу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин окутуу.

Отчеттук жылдан кийинки календарлыкжылдын

1-кварталы

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын бардык кызматкерлери декларацияларды толтуруу жана тапшыруу боюнча окуудан өтүштү.

Отчеттук мезгилде декларацияларды толтуруу боюнча методикалык жардам үзгүлтүксүз негизде көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияларын өз убагында тапшырышты.

Декларацияларды толтуруудагы каталарды жана так эместиктерди кыскартуу.

Тармактык мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары интеграцияланды

МСК

 

2. Декларацияларды толтуруу жана тапшыруу боюнча мамлекеттик жарандык жана муниципалдык органдарга методологиялык жардам көрсөтүү.

Отчеттук жылдан кийинки календарлык жылдын

1-кварталы

 

 

3. Мамкаттоонун (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк), ММБФнын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалымат базаларына кошулуу

Декабрь,

2019-жыл

МСК, Мамкаттоо ММБФ, Финкөзөмөл

 

24

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгымдарын контролдоо

1. Бирдиктүү салык декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтарды талдоо менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларын сапаттуу текшерүүнү камсыз кылуу.

Дайыма

Декларацияларды верификациялоонун жана валидациялоонун натыйжалуу системасы иштеп жатат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялоодогу бузуулары үчүн мыйзам менен ага шайкеш жоопкерчилик бекитилди. МСКнын бардык аймактык түзүмдөрүндө БСДны сапаттуу жана ыкчам текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү штаттык саны менен адистештирилген бөлүмдөр түзүлдү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин Бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздемелердин саны накталай түрдө же банктык эсептерде ири акча каражаттары бар болгон учурду кошуп алганда 2ден 7ге чейин көбөйтүлдү

МСК

 

2. Төмөнкүлөр үчүн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилик чараларын колдонуунун таасирдүү механизмдерин ишке киргизүү:

- декларацияны тапшырбагандыгы;

- декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы;

- декларацияда атайын жалган же толук эмес маалыматтарды бергендиги.

Январь,

2020-жыл

МСК, Кадр кызматы (макулдашуу боюнча),

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча),

 

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларацияларын толук текшерүү үчүн негиздемелердин тизмесин кеңейтүү

Январь,

2020-жыл

МСК, ЭМ

 

25

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоо системасын өркүндөтүү

1. Кирешелерди жана чыгымдарды декларациялоо системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана аны талдоо.

Ноябрь,

2019-жыл

Кирешелерди жана чыгымдарды декларациялоо системасын өркүндөтүү боюнча чаралар иштелип чыкты жана ишке ашырылды.

Институттук алкактар кайра каралып чыкты

МСК

 

2. Институттук алкактарды эл аралык стандарттарга жана алдыңкы практикага ылайык кайра карап чыгуунун максатка ылайыктуулугун карап чыгуу

Декабрь,

2019-жыл

 

5-глава. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо иши

 

26

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы кылмыш мыйзамдарын жакшыртуу

1. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине аныктамасында мүлктүк да, ошондой эле башка пайдаларды да (анын ичинде мүлктүк эмес жана материалдык эмес) камтуу менен коррупциялык кылмыштардын предмети катары мыйзамсыз артыкчылыктын так аныктамасын киргизүү.

Июнь,

2020-жыл

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине мыйзамсыз артыкчылык үчүн жоопкерчиликти караган ченем киргизилген.

Коррупциялык кылмыштар үчүн юридикалык жактардын жоопкерчилик режиминин кемчиликтери жоюлган. Коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын сөзсүз аткарылуу принцибин камсыздоо

УКМК, ЭККМК, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), КР КК катчылыгы (макулдашуу боюнча), КР ӨА

 

2. Эл аралык стандарттарга ылайык натыйжалуу жана таасирдүү жоопкерчиликти камсыздоо максатында, мындай жоопкерчиликтин автономдуу мүнөзүн камсыздоо менен коррупциялык кылмыштар үчүн юридикалык жактардын жоопкерчилик режиминин кемчиликтерин жоюу

Июнь,

2021-жыл

УКМК, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), ЭККМК

 

27

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды кайра карап чыгуу

1. Сот практикасын талдоонун жыйынтыктары боюнча жазык мыйзамдарында акчаларды легалдаштыруу (адалдоо) үчүн, предикаттык кылмыштарды жасаган адамдарды алдын ала же ошол убакта кылмыш жоопкерчилигине тартуунун зарылдыгы жок туруп жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгүн белгилөө

Декабрь,

2020-жыл

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы системасын жаңыртуу.

Акчаларды легалдаштыруу (адалдоо) үчүн, предикаттык кылмыштарды жасаган адамдарды алдын ала же ошол убакта кылмыш жоопкерчилигине тартуунун зарылдыгы жок туруп жоопкерчиликке тартуу мүмкүндүгү белгиленди

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), ФЧМК, УКМК, ЭККМК

 

28

Жазык-процесстик мыйзамдарды жакшыртуу

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде "кылмыш ишин имитациялоо" тергөө аракетин так регламенттөөнү кароо, ошондой эле ушул аракетти көрүүнүн тартибин Кодекстин негизинде мыйзам алдындагы актыда жөнгө салуу.

Июнь,

2020-жыл

Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы системасын жаңыртуу.

"Кылмыш ишин имитациялоо" тергөө аракети кылдат регламенттелген.

Жазык иштери боюнча эл аралык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболору жаңыртылган.

Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу ишин кеңейтүү. Европа Кеңешинин Кылмыш ишинен жана терроризмди каржылоодон түшкөн кирешелерди адалдоо, аныктоо, алып коюу, конфискациялоо жөнүндө 2015-жылдагы конвенцияга кошулуу/кошулбоо тууралуу чечим кабыл алынды

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча),

УКМК, ЭККМК, ИИМ, ЮМ

 

2. Кылмыш иштери боюнча эл аралык кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболорун кеңейтүү, анын ичинде чет мамлекеттин компетенттүү органынын сурамы боюнча, анын ичинде видео же телефондук конференциянын жардамы менен сурак жүргүзүүнүн тартибин, издөөнүн, камакка алуунун жана мүлктү конфискациялоонун тартибин, биргелешкен тергөө топторун түзүүнүн жана макул болуудан баш тартуу үчүн негиздерди алдын ала кароо менен иштин тартибин жөнгө салуу менен.

Июнь,

2020-жыл

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча),

УКМК, ЭККМК, ИИМ, ЮМ

 

3. Эл аралык стандарттарга ылайык чет элдик кызмат адамдарын аныктоону кеңейтүү.

Июнь,

2020-жыл

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) УКМК, ЭККМК, ЮМ

 

4. Чет элдик кызмат адамдарына пара берүү жана башка коррупциялык кылмыштар болгон учурларда универсалдуу юрисдикцияны белгилөө мүмкүндүгүн карап чыгуу (кылмыштарга, кылмышты жасаган адамдын жарандыгына же кылмыш жасалган жерге карабастан, юрисдикцияны белгилөө).

Июнь,

2020-жыл

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

УКМК, ЭККМК, ЮМ

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) УКМК, ЭККМК, ФЧМК, ЮМ

 

5. Европа Кеңешинин Кылмыш ишинен жана терроризмди каржылоодон түшкөн кирешелерди адалдоо, аныктоо, алып коюу, конфискациялоо жөнүндө 2015-жылдагы конвенцияга кошулуу маселесин кароо

Декабрь,

2019-жыл

 

29

Укук колдонуу практикасын жакшыртуу

1. Коррупциялык кылмыштар үчүн, анын ичинде жеке сектордо санкциялардын натыйжалуулугун, пропорционалдуулугун жана коррупциялык опурталын жоюу менен алардын таасирдүүлүгүн камсыздоо аркылуу карап чыгуу.

Сентябрь,

2020-жыл

Коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн бирдей жоопкерчиликти белгилөө.

Коррупциялык мыйзам бузуулар боюнча статистикалык маалыматтарды калктын алуу мүмкүндүгү камсыздалды. Коррупциялык мыйзам бузуулардын тенденцияларына талдоо жүргүзүлдү жана сунуштар иштелип чыкты

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

УКМК, ЭККМК

 

2. Коррупциялык кылмыштар боюнча дайыма жаңыланган, атап айтканда арыздардын жана катталган иштердин саны, иликтөөнүн, кылмыштын артынан түшүүнүн жана соттук териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча (колдонулган жазалар жана айыпкерлердин кызматына жана кызмат ордуна жараша категориялары тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен) статистикалык маалыматтарды топтоону, жалпылоону жана интернетте жарыялоону камсыз кылуу.

Дайыма

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

 

3. Коррупциялык мыйзам бузуулардын тенденцияларына талдоо жүргүзүү

Дайыма

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) УКМК, ЭККМК

 

30

Укук коргоо органдарын реформалоо

1. Коррупциялык иштерди иликтөө менен алектенген укук коргоо органдарынын ыкчам жана натыйжалуу иштеши үчүн алардын көз карандысыздыгын камсыздоо.

Декабрь,

2019-жыл

Укук коргоо органдарынын көз карандысыздыгы камсыз кылынды. Коррупциялык кылмыштарды иликтөөнү жүзөгө ашырып жаткан кызматкерлердин натыйжалуу адистешүүсү жаатында эл аралык стандарттар ишке кийирилди.

Конфискациялоого жаткан, анын ичинде чет жердеги мүлктү табуу, издөө, камакка алуу жана башкаруу үчүн жооптуу түзүм аныкталды (түзүлдү).

Камакка алынган/конфискацияланган активдерди башкаруунун, баалоонун жана ишке ашыруунун ачык-айкын жол-жоболору киргизилди

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

УКМК, ЭККМК

 

2. Коррупциялык кылмыштарды иликтөөдө жана кылмыштын артынан түшүүдө эл аралык стандарттарга ылайык натыйжалуу адистешүүнү камсыздоо.

Декабрь,

2020-жыл

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча)

УКМК, ЭККМК

 

3. Конфискациялоого жаткан, анын ичинде чет жердеги мүлктү табуу, издөө, камакка алуу жана башкаруу үчүн жооптуу органды же бөлүмдү түзүү (аныктоо); камакка алынган/ конфискацияланган активдерди башкаруунун, баалоонун жана ишке ашыруунун ачык-айкын, мүмкүн болгон тармактарда конкурстук жол-жоболорун бекитүү жана практикада колдонуу

Июнь,

2021-жыл

ЭККМК, УКМК, ФЧМК, КР БП (макулдашуу боюнча),

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча)

 

6-глава. Мамлекеттик органдардын калк менен өз ара аракеттенүүсү

 

31

Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жарандардын активдүү катышуусуна багытталган өлкөнүн региондорунда коомчулук менен иштөөнүн сапатын жогорулатуу

1. Региондордо коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик/муниципалдык органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына талдоо жүргүзүү.

Октябрь,

2019-жыл

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекет менен калктын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерине талдоо жүргүзүлгөн, анын негизинде аталган механизмдер өркүндөтүлгөн.

Калктын жер-жерлерде пландаштырылган жана ишке ашырылып жаткан коррупцияга каршы чараларды талкуулоого активдүү катышуусу камсыздалган

ЖӨБ жана этностор агенттиги, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

 

2. Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде калк менен өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу.

Декабрь,

2019-жыл

 

 

3. Аймактарда жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын активисттери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ЖӨБО кызматкерлери менен жер-жерлерде коррупция менен күрөшүүнүн проблемаларын изилдөө үчүн жолугушууларды өткөрүү.

Дайыма

Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

 

4. Туруктуу негизде коомдук угууларды өткөрүү жолу менен коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышын талкуулоо боюнча жер-жерлерде жарандардын катышуусун камсыздоо

Дайыма

 

 

Кыскартуулардын тизмеси

 

КР ӨАф

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

КР КК катчылыгы

-

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы

КР Президентине
караштуу МБА

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы

КРӨ облустардагы
өкүлдөрү

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

КМЮА

-

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы

ЖӨБ жана
этностор агенттиги

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик

Курулуш агенттиги

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

ӨЭЖМК

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

МТБМК

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

Башпрокуратура

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы

Кадр кызматы

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы

МСК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

Министрликтер жана
ведомстволор

-

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, агенттиктер, кызматтар, фонддор, инспекциялар

Финкөзөмөл

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы

ММБФ

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

Мамкаттоо

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы

ЭККМК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)

ЖАМК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

ФЧМК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

МБК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

ИИМ

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

ТИМ

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

ФМ

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ЭМ

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

ММТМ

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

УСИИ

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту

УКМК

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

ЖӨБО

-

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Улутстатком

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

РӨФ

-

Региондорду өнүктүрүү фонду