"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" КР мыйзамы


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 12-декабры № 206 (11)

Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары

     Ушул Мыйзам мамлекеттик, муниципалдык жана ушул Мыйзамда каралган башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктайт жана алардын ишинде кызматтык милдеттерди аткарууда өздүк (жеке) кызыкчылыктарды (таламдаштыкты) жокко чыгаруучу коомдук кызыкчылыктарды камсыз кылууга багытталган.

 

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам кызыкчылыктардын кагылышуусу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат жана ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын ишиндеги тыюу салууларды жана чектөөлөрдү белгилейт.

2. Башка мыйзамдарда же болбосо башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Ушул Мыйзам менен башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

 

3-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдар

Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

 

4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттарын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн компетенциясынын чегинде көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн документ;

2) аффилирленген жак - мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда аныкталган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак;

3) верификация - кызыкчылыктардын кагылышын табуу, четтетүү жана жөнгө салуу максатында ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар берген маалыматтарды ыйгарым укуктуу жактардын тактоосу же талаптагыдай текшерүүсү боюнча иш-чаралар;

4) дипломатиялык белек - протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белек;

5) кызыкчылыктардын кагылышуусу - ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын коомдук-укуктук милдеттери менен өздүк (жеке) кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн. Кызыкчылыктардын кагылышуусу потенциалдуу, реалдуу жана болуп өткөн болушу мүмкүн;

6) өздүк (жеке) кызыкчылык (таламдаштык) - материалдык жана/же башка пайда, анын ичинде ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында өзү жана/же жакын адамдары үчүн алууга умтулган артыкчылык;

7) жакын адамдар - ушул Мыйзамдын мааниси боюнча жубайы, атасы жана апасы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, кандаштыгы боюнча жакын туугандары, ошондой эле багуусунда же болбосо толук көзөмөлүндө турган башка адамдар;

8) коомдук кызыкчылык - өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар калыс жана мыйзамдуу чечимдерди кабыл алышына коомдун кызыкчылыгы;

9) сыйакы:

а) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга жана/же алар менен байланышкан адамдарга акысыз же төмөндөтүлгөн акыга буюмдарды, анын ичинде финансылык каражаттарды берүү;

б) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга жана/же алар менен байланышкан адамдарга акысыз же төмөндөтүлгөн акыга кызмат көрсөтүүлөр;

10) белек - ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын жана/же алар менен байланышкан адамдардын пайдасына кандай болбосун мүлктүк жана мүлктүк эмес жыргалчылыктар, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөр, укуктарды өткөрүп берүү, милдеттерден/милдеттенмелерден бошотуу, кандайдыр бир укуктардан баш тартуу, ошондой эле алар аркылуу ушул адамдарга кандайдыр бир жыргалчылыктарды берүүчү башка аракеттер;

11) кайрымдуулук - финансылык каражаттарды, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз берүү (өткөрүп берүү, төгүм);

12) кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусу - ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын жеке кызыкчылыктары белгилүү бир шарттарда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон кырдаал;

13) кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу - ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын өздүк (жеке) кызыкчылыктары, алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тикелей таасирин тийгизген кырдаал;

14) кызыкчылыктардын болуп өткөн кагылышуусу - ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын актылары же келишимдери кызыкчылыктардын кагылышуусу болушу менен кабыл алынган же түзүлгөн кырдаал;

15) ишкана - иши мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же болбосо уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъект.

 

5-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруунун принциптери

Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу төмөнкү принциптерге негизделет:

1) коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгы;

2) ачык-айкындыкты жана контролду камсыз кылуу;

3) жеке жоопкерчилик жана жеке үлгү.

 

6-берене. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөрдүн ишине жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын;

2) иши мамлекеттен же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган же болбосо алардын уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулардын;

3) мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдардын.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тизмекке кирбеген, бирок өзүнүн кесиптик ишин республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай сыйакы алуу менен жүзөгө ашырган жактардын кызыкчылыктарынын кагылышуусун башкаруу мындай жактардын иши жөнүндө ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

Эскертүү: Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдар деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери же ордунда жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыны же болбосо муниципалдык кызматчыны убактылуу алмаштырган адамдар түшүнүлөт.

 

7-берене. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар жана адамдар

Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;

2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилери;

3) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын этика боюнча комиссиясы;

4) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды башкаруу кызматы;

5) судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иштөөчү судьялык өз алдынча башкаруу органы.

 

8-берене. Коомдук кызыкчылыктын артыкчылыгы

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен жана өздүк (жеке) кызыкчылыктарды жокко чыгаруу менен тиешелүү чөйрөдө мыйзамдарга жана мамлекеттик саясатка таянуу менен чечимдерди кабыл алууга жана сунуштамаларды берүүгө милдеттүү.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) өздөрү жүзөгө ашырып жаткан иштерге байланыштуу кызматтык маалыматтарды өздүк (жеке) кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга же пайдаланылышына жол берүүгө;

2) өзүнүн кызматтык абалын кирешелерди, артыкчылыктарды же башка пайдаларды алуу үчүн тикелей же кыйыр түрдө пайдаланууга;

3) кандай болбосун мамлекеттик же муниципалдык мүлктөрдү өздүк (жеке) кызыкчылыктарда тикелей же кыйыр түрдө пайдаланууга;

4) мурда ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын артыкчылыктарын өздүк (жеке) кызыкчылыктарда пайдаланууга.

 

9-берене. Ачык-айкындыкты жана контролду камсыз кылуу

1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык-айкын жана коомдук контролдоого жеткиликтүү болууга тийиш.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар же ишканалар кызыкчылыктардын кагылышын башкарууда ачыктыкты камсыз кылууга тийиш.

 

10-берене. Жеке жоопкерчилик жана жеке үлгү

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар:

1) өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруунун үлгүсү болууга;

2) кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, табуу жана чечүү үчүн өзүнө жеке жоопкерчиликти алууга тийиш.

 

2-глава. Тыюу салуулар жана чектөөлөр

 

11-берене. Көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга жана келишимдерди түзүүгө карата чектөөлөр

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда алардын жана жакын адамдарынын өздүк (жеке) кызыкчылыгы бар көзөмөлдөө, контролдоо, функцияларын жүзөгө ашырууга, келишимдерди түзүүгө тыюу салынат.

 

12-берене. Белектерди кабыл алууга карата чектөөлөр

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, наркы он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адаттагы белектерди кошпогондо, белектерди алуусуна тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу расмий протоколдук иш-чаранын алкагында гана дипломатиялык белектерди алууга уруксат берилет.

3. Дипломатиялык белектер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын балансына өткөрүп берилүүгө тийиш.

4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурда жана тартипте дипломатиялык белекти сатып ала алат.

Белектерди баалоо, эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана сатып алуу, ошондой эле белектерди каттоо журналынын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

 

13-берене. Кайрымдуулуктарды кабыл алууга карата чектөөлөр

1. Эгерде кайрымдуулук жеке же юридикалык жактарга карата чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга жеке же юридикалык жактардан кайрымдуулуктарды, ошондой эле мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн башка түрдөгү мүлктүк жардамдарды талап кылууга же кабыл алууга тыюу салынат.

2. Эгерде ал кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кырдаалда берилсе, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды окутууга же эмгекти уюштурууну жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртууга тиешелүү кайрымдуулукту кабыл ала алат.

Кайрымдуулуктар, алардын наркына карабастан, мамлекеттик менчикке же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын менчигине өткөрүп берилүүгө тийиш.

 

14-берене. Өкүлчүлүк функцияларын жүзөгө ашырууга чектөөлөр

1. Мыйзамдарда кызмат адамынын үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын билдирүү милдети тикелей каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана ишканаларда үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адам же өкүл болууга укуксуз.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын өкүлү болууга тыюу салынат:

1) эгерде ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жана/же жакын адамдары каралып жаткан ишке мүлктүк же болбосо башкача түрдө кызыкдар болсо же алардын кызыкчылыктары алар анын атынан иш алып баруучу ошол органдын, мекеменин, уюмдун же ишкананын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе;

2) мындай адамдар менен мамилелерден ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жана/же жакын адамдары кандай болбосун түрдөгү кирешелерди, артыкчылыктарды алса;

3) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар же жакын адамдары катышуучу, акционер, көзөмөлдөө, контролдоо же аткаруу органынын мүчөсү болуп саналган мындай юридикалык жак менен мамилелерде турса.

 

3-глава. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби

 

15-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жоопкерчилигин өзүнө алуу боюнча аларга коюлган талаптар, ошондой эле мындай кагылышуунун бар экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү же ачык (оозеки) арызды жогору турган жетекчиге билдирүү аркылуу жүрүп жаткан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, кийин кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү жоопкерчилигин ушул жетекчиге өткөрүп берүү менен билдирилет.

2. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн органдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишиндеги мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун талдоо, кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендиги жөнүндө ушул адамдардын арыздарын карап чыгуу, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу же болбосо аныктоо үчүн контролдоо, текшерүүлөр, кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматтарды изилдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу же тийиштүү органдарга маалымдоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун коомчулук тарабынан башкаруу ушул Мыйзамдын 7-беренесинде белгиленген органда кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө үчүнчү жактарды кабарлоо жолу менен, андан соң, кагылышуу бар экендиги ырасталган учурда, ушул органдын жетекчиси же болбосо жогору турган жак тарабынан ушул кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен жүзөгө ашырылат.

 

16-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусун табуу

1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:

1) кызматка кирүүдө, ыйгарым укуктардын башка көлөмү бар кызматта жаңы кызмат ордун ээлөөдө өздүк (жеке) кызыкчылыктарды декларациялоо;

2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды ишке кабыл алууда, анын ичинде шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтерди кабыл алууда иш берүүчүнүн жана кол алдындагылардын тууганчылыгы бар экендигин изилдөө;

3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар менен аффилирленген субъекттерди табуу;

4) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо;

5) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарда кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккандыгы жөнүндө тийиштүү органдын жогору турган жетекчилигине же болбосо этика боюнча комиссиясына маалымдоо;

6) ушул Мыйзамга ылайык контролдоо функцияларын аткаруучу органдар жана адамдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, табуу, верификациялоо, четтеттүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;

7) уюмдун дарегине келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыгуу жана изилдөө;

8) жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалаларды жана билдирүүлөрдү талдоо.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны верификациялоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын этика боюнча комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

17-берене. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусун жөнгө салуу

1. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусун жөнгө салуу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардан өзүнүн кызматтык милдетин өздүк (жеке) кызыкчылыктары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн табуу жана жоюу аркылуу жүзөгө ашырылат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон кырдаалда ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүүнү;

2) өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны верификациялоону, кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусу мүмкүн болгон кырдаалдарды табууну, талдоону жана аларды чечүүнүн варианттарын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга бул кырдаалдарды түшүндүрүүнү;

3) кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусун жоюу үчүн ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын жетекчилиги жүзөгө ашыруучу чараларды;

4) кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусун жоюу үчүн ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн жактар өз алдынча жүзөгө ашыруучу чараларды.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусунун бар же жок экендигин белгилей албаган учурда, алар ушул кырдаал боюнча түшүндүрүүлөр үчүн этика боюнча комиссияга кайрылууга милдеттүү.

3. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусу келип чыгышына жараша ал өз алдынча же этика боюнча комиссиянын жардамы менен табылганына карабастан, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар бул тууралуу белгилүү болгон учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчилигине бул жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусу жөнүндө билдиргенден кийин, түздөн-түз жетекчилик менен макулдашылган, бирок отуз жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө аны өз алдынча жоюуга милдеттүү.

5. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн жана кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусу бар кырдаал жөнүндө кабар берген адамдар түздөн-түз жетекчилигинен мындан аркы аракеттер тууралуу көрсөтмө алганга чейин өзүнүн кызматтык милдеттеринин кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусу менен байланышкан бөлүгүн аткарууну убактылуу токтотууга милдеттүү.

6. Эгерде түздөн-түз жетекчиликтен мындан аркы аракеттер тууралуу кандайдыр бир көрсөтмө беш жумушчу күндүн ичинде келип түшпөгөн болсо, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн органдарга түшүндүрмөлөр үчүн кайрылууга укуктуу.

7. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышуусун жоюу боюнча чаралар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кызматтык милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан кызматтык милдеттерди аткаруудан четтетүү;

2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан өздүк (жеке) кызыкчылыктарды жоюу;

3) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыгышына алып келген конкреттүү маалыматты алуусун чектөө;

4) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан маселелер боюнча чечим кабыл алууга катышуудан баш тартышы;

5) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык милдеттерин кайрадан кароо жана өзгөртүү;

6) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кызыкчылыктардын кагылышуусу менен байланышпаган кызматтык милдеттерди аткаруу каралган кызмат ордуна которуу.

 

18-берене. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу

1. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу кызыкчылыктардын кагылышуусунун кырдаалын карап чыгуу, аны чечүү үчүн чечимдерди табуу жана колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн этика боюнча комиссияга кайрылат.

4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу келип чыккандыгы жөнүндө түздөн-түз жетекчиге жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

5. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу түзүлгөн кырдаал тууралуу жазуу жүзүндө кабарлаган, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар аны жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлгөнгө чейин кеминде беш жумушчу күндүн ичинде кызыкчылыктардын кагылышуусу менен байланышкан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу карманууга милдеттүү.

6. Түздөн-түз жетекчи өзүнө ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адам өз алдынча кайрылганына же реалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусу тууралуу башка булактардан белгилүү болгонуна карабастан аны жөнгө салуу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

7. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга түздөн-түз жетекчи тарабынан кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу боюнча кандай чаралар көрүлөрү тууралуу жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

8. Эгерде ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын түздөн-түз жетекчиси кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу тууралуу ага жазуу жүзүндө кабар берилген учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде аларга көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жазуу жүзүндө кабар бербесе, алар өз ыктыяры боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде аткарууну уланта алат.

9. Түздөн-түз жетекчиден кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу бар кырдаалдарда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кабар албаган учурда, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар бул тууралуу маалымат менен этика боюнча комиссияга же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.

10. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чара катары ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.

11. Мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги, уюмдардагы же ишканалардагы кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуу кырдаалдары милдеттүү түрдө катталууга, ал эми документтер архив иши жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте сакталууга тийиш.

 

19-берене. Кызыкчылыктардын болуп өткөн кагылышуусунун укуктук кесепеттери

1. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу менен, ушул Мыйзамдын  6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан чыгарылган же түзүлгөн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын козгогон актылар же келишимдер жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу менен кабыл алынган же түзүлгөн актыларды же келишимдерди жараксыз деп таанышы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, прокуратура органдары же болбосо укуктары бузулган адам сотко кайрылат.

 

20-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) кызыкчылыктардын кагылышуусу чөйрөсүндөгү ченемдик укук актылардын, методикалык сунуштамалардын долбоорлорун иштеп чыгуу;

2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча окутууну уюштуруу;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендиги жөнүндө кырдаалды баалоодо иш жүзүндө жардам көрсөтүү;

4) этика боюнча комиссиялардын ишине мониторинг жүргүзүү жана алардын ишине көмөктөшүү.

 

21-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин, мекеменин, уюмдун же ишкананын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын милдеттери

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) кызыкчылыктардын потенциалдуу жана реалдуу кагылышуусун башкаруу боюнча чаралардын өз убагында көрүлүшүн камсыз кылуу;

2) этика боюнча комиссияны түзүү жана анын натыйжалуу ишин камсыз кылуу;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча ведомствонун ичиндеги актыларды бекитүү;

4) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишин текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

5) кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн тартиптик жаза чараларын колдонуу;

6) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда кызматтык ак ниеттүү жүрүш-турушу үчүн сыйлоо чараларын көрүү;

7) кызыкчылыктардын болуп өткөн кагылышуусунун кесепеттерин жоюу боюнча, анын ичинде коомдук ишенимди калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан табылган бузуулары жөнүндө, ошондой эле бул фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу тез арада, үч жумушчу күндүн ичинде маалымдоо.

 

22-берене. Этика боюнча комиссиянын милдеттери

1. Мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында, мекемеде, уюмда же ишканада этикалык ченемдерди сактоо, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышуусу тууралуу маселелерди кароо үчүн милдеттүү түрдө этика боюнча комиссия түзүлөт.

2. Этика боюнча комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы тууралуу келип түшкөн арыздар жана даттануулар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалалар жана билдирүүлөр боюнча сунуштамаларды кароо жана чыгаруу;

2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилерине кызыкчылыктардын потенциалдуу, реалдуу же болуп өткөн кагылышууларынын фактылары жөнүндө маалымат берүү;

3) кызыкчылыктардын потенциалдуу же реалдуу кагылышуусунун кырдаалдары жана аларды жөнгө салуунун варианттары боюнча кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча мыйзамдар жана аларды иш жүзүндө колдонуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

5) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү;

6) өздүк (жеке) кызыкчылык жөнүндө декларацияларды верификациялоо жана анын натыйжалары жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисине кабарлоо;

7) Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары, ошондой эле ушул фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу тез арада, алар аныкталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымдоо.

 

23-берене. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын милдеттери

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кызматка киришүүдө кызыкчылыктардын кагылышуусуна байланыштуу өздүк (жеке) кызыкчылыктарын декларациялоо жолу менен алардын кызматтык милдеттерди аткарышына карама-каршы келиши мүмкүн болгон өздүк (жеке) кызыкчылыктарды ачып көрсөтүүгө;

2) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыгышынын ыктымалдуулугун баалоо жана мындай кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү максатында чараларды көрүү үчүн суратылуучу маалыматты берүүгө;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан учурда ал жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул тууралуу этика боюнча комиссияга жана түздөн-түз жетекчиге билдирүүгө;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө.

 

4-глава. Өздүк (жеке) кызыкчылыктарды декларациялоо тартиби

 

24-берене. Өздүк (жеке ) кызыкчылыктарды декларациялоо

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызмат ордуна шайланган, дайындалган же бекитилген же болбосо ыйгарым укуктардын бөлөк көлөмү бар башка кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте толтурууга милдеттүү.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация жазуу жүзүндө же электрондук түрдө иштеген жери боюнча берилет.

3. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү, кирешелерди, чыгымдарды, мүлктү жана милдеттерди декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык адамды башка декларацияларды берүү милдетинен бошотпойт.

 

25-берене. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү мөөнөттөрү

1. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген адамдын кызматка киришкен (ыйгарым укуктары башталган) күндөн тартып он беш жумушчу күндүн ичинде, ошондой эле ыйгарым укуктардын башка көлөмү бар кызмат ордуна которулган учурда ушундай эле мөөнөттө берилет.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларациялоо субъекттеринин маалыматтары өзгөргөндө, жазуу жүзүндөгү арызын берүү жолу менен, өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

 

26-берене. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларациялардын ачык мүнөзү

1. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларда камтылган маалыматтар ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өзүнүн ишин жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын расмий сайтына жайгаштырылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык декларациясы ачык мүнөзгө ээ эмес адамдардын маалыматтарына карата колдонулбайт.

 

27-берене. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар иштеген мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда персоналды башкаруу кызматынын кызматчыларынын ичинен декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар дайындалат.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:

1) арыз ээсинин талабы боюнча өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларациялардын бланктарын берет;

2) өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды кабыл алат жана каттайт;

3) декларацияны алган күнү декларация алынгандыгы жөнүндө декларантка тил кат берет;

4) маалыматтар өзгөргөн учурда, декларанттар бере турган жаңы маалыматтардын бар экендиги жөнүндө арыздарды кабыл алат жана каттайт;

5) декларацияны туура толтуруу жана өз убагында берүү боюнча консультацияларды берет;

6) декларанттын өтүнүчү боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды колдонуу боюнча консультацияларды берет.

3. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация декларанттын өздүк ишине тиркелет.

 

5-глава. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилиги

 

28-берене. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилиги

1. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамдын    6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды бузуу менен алган кирешелер жана мүлктүк жыргалчылыктар мамлекетке келтирилген зыян болуп эсептелет жана мамлекетке орду толтурулууга тийиш.

 

29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 29-декабрында N 132-133 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков

 

2017-жылдын  7-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган