Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд системасындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планынын аткарылышы боюнча 2019-жылдын 1-ноябрындагы абалына карата маалымат


Кыргыз Республикасынын Президентинин «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө»  2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган КР Социалдык фондунун системасында мүмкүн болгон коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планы 51 пункттан туруп, анын ичинде 7 коррупциялык тобокелчилик зоналарынын 63 иш-чаралары аныкталган.

Азыркы учурда коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун 2018-жылдын 15-мартындагы № 18-3 РГ протоколунун тапшырмаларына ылайык калган иш-чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эксперттери менен коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планын актуалдаштыруу жана кайрадан түзүп-чыгуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Коррупцияга каршы иш-аракеттердин жыйынтыктарындаКыргыз Республикасынын Социалдык фондунун системасында мүмкүн болгон коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планында каралган иш-чаралардын негизинен аткарылып, мындан аркы жүргүзүлүүчү иштер коррупцияга каршы механизмдердин иш-жүзүндө аткарууга, коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоого багытталып жатат:

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин автоматташтыруу. “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ““Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” Мамлекеттик ишканасынын ортосунда 2018-жылдын 5-сентябрында ““Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө” Макулдашуу түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин 2018-жылдын 15-августундагы өткөргөн кеңешмесинин № 18-82 протоколу менен бекитилген мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан  “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына маалыматтарды жайгаштыруу иштери аткарылды жана “Ордо” мекемелер аралык өз ара аракеттенүү каталогунун тиешелүү бөлүктөрү толтурулду.  Бул иштердин жыйынтыгында  “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төмөндөгү электрондук түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрүнүн иштеши камсыздалды:

1. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын абалы жөнүндө маалымат;

2. Пенсия алуучу жөнүндө маалымат;

3. Милдетүү медициналык камсыздоо фонду (ФОМС) боюнча камсыздалышы жөнүндө маалымат;

4. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жөнүндө маалымат;

5. Камсыздандырылган адамдын иш мезгилдери жөнүндө маалымат.

          Коррупцияга каршы аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу максатында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо тармагында сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн жарандарга ыңгайлуу төмөндөгү электрондук кызматтар түзүлдү жана алардын дайыма иштеп турушу камсыздалат:

1. Жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматты каалаган убакытта өздүк электрондук дарегине берүү.

2. Пенсиялык калькулятор, келечектеги пенсиясынын божомолдуу эсебин чыгарууга.

3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулуктун электрондук системасы.

4. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн банк жана төлөм терминалдары аркылуу алуу боюнча Социалдык фонддун билинг системасы.

5. Депозиттик аукциондор – катышуучуларды он-лайн түрүндө каттоо.

6. Кайрылуулар жана даттануулар.

7. Милдетүү медициналык камсыздоо фонду (ФОМС) боюнча камсыздалышын аныктоо.

8. Төлөөчүнүн реквизиттери.

9. “Call-центр” он-лайн кызматы 1202 кыска телефон номеринде.

Жеке камсыздандыруу эсебинен каалаган убакытта жеке электрондук дарекке маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаран өзүнүн жашаган  жери боюнча тийиштүү КР Социалдык фондунун райондук, шаардык башкармалыгына кайрылып, башында бир жолу арыз тапшырат. КР Социалдык фондунун www.socfond.kg расмий сайтында өзүнүн жеке электрондук дарегин көрсөтүү менен каттоодон өтүүгө болот жана жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтар көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлүп турат. Муну менен Социалдык фондко жүргүзүлгөн чегерүүлөр жана пенсиянын болжолдуу алдын-ала өлчөмү, топтоолор боюнча маалымат  алып туруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.  

Келечектеги пенсиянын өлчөмүн пенсиялык калькулятор аркылуу алдын-ала, болжолдуу эсебин чыгарып көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Болжолдуу пенсиянын эсебин чыгарып берүүчү пенсиялык калькулятор КР Социалдык фондунун www.socfond.kg расмий сайтында жайгаштырылган. Жарандарга өзүнүн пенсиясынын болжолдуу эсебин мекемелик расмий сайтында тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен алууга болот, андан тышкары пенсия чектөөдө зарыл болгон иш-кагаздары боюнча керектүү маалыматты түздөн-түз алууга болот.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулуктун электрондук системасы иштелип чыкты, муну менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө отчетторун интернет байланыш каражаттары аркылуу электрондук формада тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилип, төлөөчүлөрдү отчетторун мындай түрдө тапшырууга кызыктыруу иштери жүргүзүлүп жатат, бул кызмат көрсөтүү акысыз. 

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттарын жөнөкөйлөтүү максатында Социалдык фондунун билинг системасы иштелип чыгып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү банктар жана төлөм терминалдары аркылуу алынат.

Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлүүчү накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйүүдө. Пенсияларды төлөө үчүн улуттук төлөм системаларынын ыңгайлуулугу, артыкчылыктары тууралуу калк арасында дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет, анткени пенсионерге пенсиясын каалаган күнү колдонуу ыңгайлуулугу бар жана “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнөн айырмаланып кызмат акылары төмөн.  

Пенсия, пособие жана башка төлөмдөр транзиттик эсеп аркылуу пенсионерлердин коммерциялык банкттардагы жеке эсептерине которулат, пенсияларды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча 22 коммерциялык банкттар менен келишимдер түзүлүп, иштер жүргүзүлүп жатат.

Банк жана башка кредиттик мекемелер аркылуу пенсия жана пособие алуучулардын санын жогорулатуу максаттуу жүргүзүлүп төмөндөгү иш пландарына киргизилген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын максаттарын жана милдеттерин аткаруу боюнча 2016-жылга иш-чаралар планы менен 40% чейин жогорулатуу (КРСФ Башкармалыгынын 2016-жылдын 9-мартындагы токтому менен бекитилген);  КРСФ 2017-жылга иш планы боюнча 43% чейин жеткирүү (КРСФ Башкармалыгынын 2017-жылдын 9-январындагы токтому менен бекитилген);  КРСФ 2018-жылга иш планы боюнча 50% чейин жеткирүү (КРСФ Башкармалыгынын 2018-жылдын 25-июнундагы токтому менен бекитилген);  КРСФ 2019-жылга иш планы боюнча 53% чейин жеткирүү (КРСФ Башкармалыгынын 2019-жылдын                         21-январындагы токтому менен бекитилген).

2016-жылдын 1-январына карата алганда банк аркылуу пенсия алуучулардын саны 232,1 миң пенсионер болуп, жалпы санынын 38% түзгөн, 2017-жылдын 1-январында 264,8 миң пенсионер (43%), 2018-жылдын                            1-январында 296,9 миң пенсионер (47%), 2019-жылдын 1-январында 329,2 миң пенсионер (51%), 2019-жылдын 1-ноябрында 361,2 миң пенсионер (54%).

Банк аркылуу пенсия алуучулардын саны 2016-жылдан бери 16% өстү. 

Пенсияны чектөөдө бир катар жөнөкөйлөтүүлөр каралды – пенсия чектөө тартиби өзгөрүлдү, жарандар үчүн пенсияга чыгууда тапшыруучу документтерди топтоо жана тапшыруу процедуралары жеңилдетилди. Пенсияны чектөө үчүн керектүү болгон  1996-жылдан берки мезгилге жылдык маалыматтар  жеке эсепке алуу базасында бар болгон учурда жарандардан суратып алуу токтотулду.

КР Социалдык фондунун регионалдык башкармалыктарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамалары, жоболору, пенсия чектөөгө арыздарды каттоо, пенсиялык күбөлүктү жана пенсиянын өлчөмү тууралу маалым катты берүү тартиби бекитилди.

Жаңы дайындалган пенсиялык иштер боюнча маалыматтарды базага киргизүү функциясы КР Социалдык фондунун регионалдык башкармалыктарына өткөрүлүп берилди.

Пенсия чектөө үчүн зарыл болгон айлык акылары боюнча маалымкатты тапшыруу тартибин жөнөкөйлөтүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилди («Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2017-жылдын 6-майы, № 76), ага ылайык жарандын мурда иштеген мекемесинен же болбосо архив агенттигинен айлык акылары боюнча маалымкатты алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп калган учурунда, пенсионердин макулдугу менен пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү айлык  акынын белгиленген эң аз өлчөмүнөн камсыздандыруу стажына жараша пайыздарда көбөйтүлүп алынат.

 “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 43 Мыйзамы менен  пенсия чектөө тартиби өзгөрүлүп жарандар үчүн пенсияга чыгууга тапшыруучу документтерди топтоо процедуралары жеңилдетилди:                                1. Жарандар негизги документтерди гана тапшырат (паспорт, эмгек китепчеси, айлык акылары жөнүндө маалымат); 2. Пенсияга чыгуу укугуна 6 ай калган мезгилде кайрыла алат; 3. Пенсия чектөөгө керектүү документтерди жарандын катышуусуз топтоо милдети Социалдык фондго жүктөлөт; 4. Пенсиясы боюнча толук маалыматты берүү максатында пенсионердин колуна  пенсиясынын чектөө протоколу берилет, анын ичинде пенсиянын өлчөмүн аныктоодо эсепке алынган стаж жана эмгек акылары көрсөтүлөт; 5. КРСФ маалымат системасынан электрондук жеке кабинети аркылуу чектелген пенсиясы тууралу маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү.

Пенсияны чектөөгө зарыл болгон документтерди башка мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынан топтоону камсыздоо үчүн маалымат алмашуу жөнүндө мекеме аралык келишимдер, бирдиктүү буйруктар иштелип чыгып бекитилди:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен;

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиги менен;

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Архивдик агенттиги менен.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен маалыматтарды алмашуу боюнча колдонуудагы мекемелер аралык макулдашуулар бар.

Мекемелер аралык макулдашуулардын негизги максаты болуп Социалдык фонд тарабынан пенсия чектөө иштерин жүргүзүүдө жарандардын катышуусуз керектүү маалыматтарды суратып алуудагы иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана кызматташуу эсептелет, муну менен арыз тапшыруучулар маалымат чогултууга убарачылык тартышпайт. Пенсия чектөөгө берилүүчү маалыматтардын формаларынын бирдиктүү бекитилиши менен анын тууралыгына жана аныктыгын көзөмөлдөөгө, жасалмалуулукка жол бербөөгө мүмкүндүк берет жана аткаруучулардын жоопкерчилиги жогорулайт.

Азыркы учурда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 43 Мыйзамын аткаруу максатында “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” электрондук кызмат көрсөтүү иштелип жатат.

2019-жылдын 1-ноябрындагы абал боюнча 9654 жаран “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” электрондук кызматынын колдонуучулары болуп, ар кандай маселелер боюнча 532 арыз менен кайрылышты (пенсия, пенсиянын топтомо фонду, пенсиянын төлөнүшүнүн орду жана жолу, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө жана башкалар боюнча).

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти жана КР Социалдык фондунун ортосунда маалыматтарды автоматташтырылган түрдө алмашуу камсыздалды. Маалыматтык коопсуздук жактан корголгон электрондук байланыш каналы түзүлдү. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан “ЗАГС” автоматташтырылган маалыматтык системасы республиканын бардык аймактарына жайылтылып, калктын эсебин жүргүзүү иш жүзүндө электрондук форматка өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө КР Социалдык фонду каза болгон жарандар боюнча маалыматты Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин бардык бөлүмдөрүнөн электрондук түрдө алып турат, муну менен пенсияларды чектөөдө жана кайра эсептөөдө катачылыктарды кетирбегенге мүмкүн болуп, каталарды табууда ыкчамдуулук жогорулады.

Республиканын бардык аймактары боюнча пенсиянын чектелишин жана кайра эсептелишин автоматташтырылган программада жүргүзүү камсыздалды. «ELeed» программасында пенсиялык иштерди актуалдаштыруу жүргүзүлдү. 2015-жылдын августунан 2016-жылдын апрелине чейин бардык райондук, шаардык башкармалыктарда “Пенсияны чектөө жана кайра эсептөө” блогу ишке киргизилген. 2016-жылдын апрелинен тартып бардык райондук, шаардык башкармалыктар пенсиялык иш-кагаздарын каттоону жана пенсияны чектөөнү жаңы маалыматтык системада жүргүзүп жатат. Бардык региондор боюнча кызматкерлер тиешелүү окуулардан өтүшүп, эски пенсиялык иш-кагаздары «ELeed» программасына которулду.

Мөөнөттөрү өтүп кеткен карыздар менен иш алып барууда айкындуулук камсыздалды. КР Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан “КР Социалдык фондунун камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды жана финансылык санкцияларды өндүрүү тартиби жөнүндө” Жобо бекитилип, кепилдин финансылык абалын баалоо процесси, күрөөгө коюлган мүлктүн бааланышы жана эсепке алынышы регламенттештирилди.

Активдер менен иш алып барууда айкындуулук камсыздалды. Депозиттик аукциондун комиссиясынын сандык жана сапаттык курамы аныкталып, комиссия отурумунун кворуму кайрадан каралып чыгып, коммерциялык банкттардын жана башка жактардын депозиттик аукциондорго байкоочу катары катышуусу каралды. КР Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан “КР Социалдык фондунун депозиттик аукциондорун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. “Депозиттик аукцион” деген модуль иштелип чыгып, банктардан буйрутмаларды кабыл алууга жана каттоого алууга жалпыга жеткиликтүү жерге айнек ящик орнотулган.

КР Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан “КР Социалдык фондунун убактылуу бош акча каражаттарын банктык депозиттерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө” Жобо бекитилип, КР Социалдык фондунун убактылуу бош акча каражаттары банктык депозиттерине жайгаштыруу депозиттик аукциондорду өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

Жеке идентификациялык номер (ПИН) ыйгаруу функциясы  КР Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментине өткөрүлүп берилди. 2016-жылдын 1-августунан тартып КР Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарга жеке идентификациялык номерди ыйгаруу иштерин Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЗАГС) аркылуу жүргүзөт. КР Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана КР Социалдык фонд ортосунда мекеме аралык маалымат алмашуу келишими түзүлүп, онлайн режиминде электрондук маалымат алмашуу иштери жүргүзүлөт.

Жарандар үчүн Социалдык фонддун иши боюнча маалымат алып турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун “www.socfond.kg” расмий интернет-сайты калк үчүн колдонууга ылайыктуу болуп иштейт. Бул сайт аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздоо жана пенсиялык камсыздалышы боюнча келип чыккан суроолорду онлайн режиминде берүүгө жана жообун алууга мүмкүнчүлүк берилет. Жарандардын түздөн-түз таанышуусу үчүн мамлекеттик социалдык камсыздоо жана пенсиялык камсыздалышы багытындагы укуктук-ченемдик актылар, маалыматтар, иш графиктери, жарандарды кабыл алуу графиги, 0(312) 54-33-16, 57-66-61 ишеним телефондорунун жана 1202 Call-борборунун номерлери, help@sf.kg электрондук почтасынын дареги жайгаштырылган.

Калктын пенсиялык сабаттуулугун жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу. Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу жолу менен коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо багытындагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында маалыматтык-түшүндүрүү лекциялар, тренингдер, техникалык окуулар жүргүзүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасынын окуп жаткан жаштарынын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу жөнүндө” 2012-жылдын 16-майындагы № 108 бирдиктүү буйрук чыгарылган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармалыгынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 90 токтому менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобосу бекитилген.

2018-жылдын окуу мезгилдеринде окуулар студенттер, окуучулар жана мугалимдер үчүн өткөрүлдү:

  • 15 жогорку окуу жайында 2326 угуучу үчүн;
  • 5 орто-атайын окуу жайында 1570 угуучу үчүн.

          2019-жылдын башынан бери 28 окуу жайында 2962 угуучу үчүн лекциялар өткөрүлдү. Ошондой эле, маалыматтык-түшүндүрүү лекциялары 25 министрликтердин, мекемелердин, ишканалардын 1171 кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо, Социалдык фонд системасында коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жана пенсия чектөөгө тапшыруучу документтерди жарандардын катышуусуз мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда топтоо маселелери боюнча  маалыматтык-түшүндүрүү лекциялар, тренингдер, техникалык окуулар жүргүзүлдү:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана социалдык тармактын органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдер (август 2018-ж., 126 адам);
  • жергиликтүү калк менен жолугушууларда жарандар, дыйкан-фермердик чарбалардын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциялары (Нарын областынын Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор райондору, Ысык-Көл областынын Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондору, сентябрь 2018-ж., 782 адам);
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун райондук, шаардык башкармалыктарынын кызматкерлерине техникалык окуулар: пенсиянын төлөнүшүн көзөмөлдөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине (май-июнь 2018-ж., 102 адам); кирешелер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине (сентябрь 2018-ж., 48 адам); райондук, шаардык башкармалыктарынын башчыларына (октябрь 2018-ж., 53 адам); Бишкек шаарынын жана Чүй областынын райондук башкармалыктарынын пенсиялык бөлүмдөрүнүн башчыларына (декабрь 2018-ж., 12 адам), кирешелер, пенсиялык, пенсияны төлөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине (январь-июль 2019-ж., 243 адам).

          “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы  № 1 Жарлыгына ылайык 2019-жылдын башынан бери Жалал-Абад, Ош жана Талас областтарында пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу максатында калк менен жолугушуулар өткөрүлүп, жалпысынан 3437 угуучу үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциялары окулду (Токтогул району – 130 угуучу, Кара-Көл шаары – 80, Ноокен району - 150, Базар-Коргон району - 180, Сузак району – 450, Кара-Суу району – 480, Өзгөн району – 387, Ноокат району – 620, Араван району – 530, Талас району – 80, Кара-Буура району – 120, Бакай-Ата району – 130, Манас району - 100).