Джуматаева Гулнура Муратовна
КР Социалдык фондунун башкармасынын мүчөсү,
КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары
КАБЫЛ АЛУУ КҮНДӨРҮ:
КҮНҮ: |
Бейшемби |
УБАКТЫСЫ: |
16:00дөн 18:00гө чейин |
КАБЫЛ АЛУУГА ЖАЗЫЛУУ ТЕЛЕФОНУ: |
0(312) 54-15-54 |
Джуматаева Гульнура Муратовна
КР Социалдык фондунун башкармасынын мүчөсү,
КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары
Жеке маалыматтар
Туулган жылы: 1978.27.06.
Туулган жери: Фрунзе ш.
Үй-бүлөлүк абалы:
Эмгек ишмердиги
2000-ж. сентябрь - 2002-ж. сентябрь - Кыргыз-Россия билим берүү академиясынын информатика жана эсептөөчү техника кафедрасында окутуучу.
2001-ж. январь-июль - И. Раззаков ат. Кыргыз техникалык университетинин информатика жана эсептөөчү техника кафедрасында ага окутуучу.
2002-ж. сентябрь - 2003-ж. июнь – Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик жана тарифтик саясат башкармалыгынын бюджетти түзүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2003-ж. июнь – 2007-ж. сентябрь - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик жана тарифтик саясат башкармалыгынын бюджетти түзүү бөлүмүнүн башчысы.
2007-ж. май-август – Европалык бирликтин каржылоосундагы Агриконсалтинг Европа консорциуму ишке ашырган «Топтомо пенсиялык системанын операциялык базасы» долбоорунун эксперти.
2007-ж. сентябрь - 2011-ж. февраль - «КырКазГаз» кыргыз-казак биргелешкен ишканасында корпоративдик өнүктүрүү боюнча башкы менеджер.
2011-ж. июнь-июль – КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда илимий кызматкер (КР СИУИ).
2012-ж. декабрь - 2013-ж. июль - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасында доценттин м.а.
2012-ж. июль-ноябрь - эксперт - социалдык блоктун жетекчиси.
2014-ж. апрель – 2015-ж. август - Кыргызстан эл аралык университетинин «Менеджмент жана маркетинг» кафедрасында доценттин м.а.
2012-ж. май - 2016-ж. июль - КР Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси.
2016-ж. 14-июль - КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары.
2018-ж. 22-майда Премьер-министр М. Абылгазиевдин буйругу менен мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
2021-ж. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Билими
1985-1995 - Бишкек ш. № 58 орто мектеп (артыкчылык менен аяктаган).
1995-2000 - И. Раззаков ат. кыргыз техникалык университети «Эсептөөчү машиналар, комплекстер, системалар жана тарамдар» адистиги боюнча диплому бар инженер (Диплом ГВ №28828).
1999-2002 - Кыргыз-Россия билим берүү академиясы, «Финансы жана кредит» адистиги боюнча дипломдуу адис (Артыкчылык диплому ЕВВ №00216).
Кандидаттык диссертация жактаган. Экономикалык илимдердин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган, 08.00.05 - «Экономика жана эл чарбасын башкаруу» адистиги.
Квалификациясын жогорулатуу:
2003-ж. апрель-июнь - Дүйнөлүк Банктын «Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын иштеп жаткан тутумдары үчүн пенсиялык реформалардын варианттары» окуу семинары, Бишкек ш., тастыктама.
2004-ж. июнь-июль - Дүйнөлүк Банк Институтунун «Борбордук Азияда пенсиялык институттарды реструктуризациялоо: Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан» окуу семинары, Бишкек ш., тастыктама.
2006-ж. май-июнь - ЭЭУ (ILO) Эл аралык Билим берүү Борбору өткөргөн «Социалдык камсыздоо фонддорун башкаруу жана инвестициялоо» социалдык камсыздандоону каржылоо маселелери боюнча окуу (Workshop on Social Security Financing) Италия, Турин ш., тастыктама.
2006-ж. июль – Бириккен Вена Институту (БВИ). Курс: Макроэкономикалык башкаруу жана салыктык-бюджеттик саясат маселелери. Вена ш., Австрия, тастыктама.
2008-ж. май - Бухгалтерлер жана аудиторлор бирикмеси (БАБ). Курс: Финансылык эсеп 1. Бишкек ш., күбөлүк.
2009-ж. март-июнь - Кыргыз-Жапон адам өнүктүрүү борбору (KRJC - JICA) Бизнести башкаруу боюнча практикалык курс (мини МВА), Бишкек ш., тастыктама.
2004-ж. март – 2012-ж.- КР Финансы министрлигине караштуу Экономикалык жана социалдык реформалар борборунда изденүүчү. Профессор Ш.Мусакожоев атындагы инновациялык экономика илимий изилдөө институту, Кыргыз экономикалык университети.
Кошумча маалымат
2004-ж. КР Социалдык фондунун отличниги.