Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары – Социалдык фонд) өз алдынча башкаруу принциптеринде иштеген, Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын аткаруучу органы болуп эсептелет, ал мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашырат жана мамлекеттик саясатты жүргүзөт. Социалдык фонд өз алдынча бюджетке ээ жана республикалык бюджеттин курамына кирбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген Социалдык фонддун өздүк киреше булактарынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин негизги өз алдынчалыгы болуп эсептелет.

Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына ылайык Социалдык фонддун ишин Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеши координациялайт (мындан ары – Байкоочу кеңеш).  

Байкоочу кеңеш – мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын өз алдынча башкаруучу органы болуп саналат, анын корпоративдик башкаруусун камсыз кылат жана системанын бардык катышуучуларынын, б.а. мамлекеттин, жалдоочулардын, профсоюздардын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында жарандардын кызыкчылыктарын билдирген коомдук уюмдардын бирдей өкүлчүлүк принциби боюнча түзүлөт.

Байкоочу кеңеш социалдык жана пенсиялык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгат, ошондой эле Социалдык фонддун финансылык жана укуктук аудитин контролдойт, ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бюджети боюнча сунуштарды даярдайт.

Байкоочу кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» жобо жана Байкоочу кеңештин чечимдери менен жөнгө салынат.

Жобого ылайык бардык коомдук маанилүү, тармактык документтер:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзамдарынын, указдарынын, токтомдорунун, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча концепциялардын, стратегиялардын, мамлекеттик жана тармактык программалардын долбоорлору Байкоочу кеңеште каралууга тийиш жана анын корутундусунан кийин гана андан ары кароого жана бекитүүгө жиберилет.

 

Байкоочу кеңеш төмөнкүдөй курамда түзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү;

- пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, финансы, экономика, юстиция, санариптештирүү, салык салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү;

- профсоюздардын жана коомдук уюмдардын, жалдоочулардын, пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу бөлүгүндө жарандардын кызыкчылыктарын билдирген уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Байкоочу кеңештин жекече курамын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы бекитет.

Байкоочу кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары эсептелет.

Байкоочу кеңештин курамына Социалдык фонддун штатында турган Байкоочу кеңештин бошотулган жооптуу катчысынын кызмат орду киргизилген.

Байкоочу кеңештин отурумдары зарылдыгына жараша жылына төрт жолудан кем эмес өткөрүлөт.

Байкоочу кеңеште кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бардык катышуучуларынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

 

Байкоочу кеңештин курамы:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 677 тескемеси менен Байкоочу кеңештин курамы бекитилген.

Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин курамында:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы;

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

«Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги» юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);

«Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу  боюнча);

«Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).


Юридикалык документтерге шилтеме:

Кыргыз Республикасынын  1996-жылдын 17-июнунундагы № 20 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамы.

5-бөлүм. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу.

28-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу органдары.

 

Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 103 «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө» Мыйзамы.

8-статья. Социалдык фонддун ишин координациялоо.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 «Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө» токтому.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 «Кыргыз Республикасынын Министрлер  Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген «Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө» жобо.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы №677 «Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңешинин курамы жөнүндө» тескемеси.