Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупцияга каршы иштердин жалпы маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы боюнча маалыматы (2019-жылдын ноябрь айы үчүн)


Коррупцияны алдын-алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишмердүүлүгүн 2019-жылга түзүлгөн Медиа-планга ылайык маалыматтык жактан колдоо жана чагылдыруу боюнча 2019-жылдын ноябрь айында төмөндөгү иштер аткарылды:

  1. Пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө тартибин керектүү документтерди жарандардын катышуусуз топтоо жагынан коррупцияга каршы иш-чаралардын алкагында аткарылган жеңилдетүү маселелери боюнча:
  • “КТРК” телеканалынын “Биринчи радиосунун” “Күзөт” программасында пенсиялык маселелер боюнча интервью (11.11.2019-ж.);
  • “КТРК” телеканалынын “Ала-Тоо 24” программасында пенсияга чыгуу маселелери боюнча түз эфир (22.11.2019-ж.);
  • “Пирамида” телеканалынын “Акцент” программасында пенсияга чыгуу маселелери жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасындагы пенсиялык камсыздоо келишими боюнча түз эфир (22.11.2019-ж.).

 

  1. Пенсияларды төлөө маселелери боюнча:
  • Социалдык фонддун расмий сайтында, “фейсбук”, “одноклассники”, “twitter” социалдык баракчаларында 2019-жылдын январь-август айларында пенсиялардын жана жөлөкпулдардын каржыланышы жөнүндө маалымат даярдалып, жайгаштырылды (12.11.2019-ж.).

 

  1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо функцияларын салык кызматына өткөрүп берүү маселелери боюнча:
  • Социалдык фонддун расмий сайтында жыл башында бекитилген планга ылайык, калган эки айда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чогултулушу боюнча маалымат жарыяланды (18.11.2019-ж.).

 

  1. Пенсиялык саясаттын маселелери боюнча:
  • Социалдык фонддун расмий сайтында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкулоого арналган парламенттик  угуунун өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалымат жарыяланды (14.11.2019-ж.);
  • Социалдык фонддун расмий сайтында Кыргыз  Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө маалымат даярдалып, жайгаштырылды (19.11.2019-ж.);
  • Социалдык фонддун расмий сайтында, “фейсбук”, “одноклассники”, “twitter” социалдык баракчаларында жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “фейсбук” социалдык баракчасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрагасы М.Ирсалиевдин Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоорунун кирешелер бөлүмүнүн түзүлүшү боюнча маалыматы жарыяланды (21.11.2019-ж.);
  • “КТРК” телеканалынын “Биринчи радиосуна” Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча интервью (22.11.2019-ж.);
  • “Слово Кыргызстана (В конце недели)” газетасында Кыргыз Республикасы боюнча 2020-жылга орточо айлык эмгек акы темасында маалымат берилип, жарыяланды (22.11.2019-ж.).

 

  1. Коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча:
  • Социалдык фонддун расмий сайтында, “фейсбук”, “одноклассники”, “twitter” социалдык баракчаларында,  “АКИпресс”, “24.kg” жана “Кабар” маалыматтык агенттиктерине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору 2019-жылдын январь-октябрь айларында 19 630 кайрылуу кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат даярдалып, жайгаштырылды (13.11.2019-ж., 14.11.2019-ж.);

- Социалдык фонддун электрондук жүгүртмө сабында “Пенсия төлөөдө банктар менен Социалдык фонддун кызматташтыгы”, “Социалдык фонддун Колл-борбору жөнүндө”, “Жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу”, “Электрондук отчеттуулук системасы” темалары боюнча маалымат күнүгө, иш убактысында тынымсыз берилип турат;

- Социалдык фонддун кызматкерлери катышкан интервьюлардын, телекөрсөтүүлөрдүн, видеороликтердин көчүрмөлөрүн, Социалдык фонддун расмий сайтындагы жана маалымат агенттиктериндеги маалыматтарды интернет булактарында дайыма жайгаштыруу: “фейсбук”, “youtube”, “одноклассники”, “twitter” социалдык баракчаларында, жарандардын он-лайн кайрылууларына маалымат, түшүндүрмөлөрдү берүү.