Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 24-январы N 8

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2005-жылдын 5-августундагы N 120, 2006-жылдын 27-январындагы N 31, 2006-жылдын 24-февралындагы N 63, 2006-жылдын 12-майындагы N 85, 2006-жылдын 12-майындагы N 86, 2006-жылдын 8-августундагы N 162, 2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 8-июлундагы N 86, 2011-жылдын 8-июлундагы N 87, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 29, 2012-жылдын 8-августундагы N 156, 2012-жылдын 8-августундагы N 157, 2015-жылдын 13-февралындагы N 32, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2015-жылдын 3-августундагы N 212, 2016-жылдын 25-июлундагы N 139, 2016-жылдын 17-ноябрындагы N 178, 2016-жылдын 18-ноябрындагы N 181, 2017-жылдын 5-январындагы N 2, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2017-жылдын 15-июлундагы N 125, 2019-жылдын 23-декабрындагы N 145, 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 33, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр төмөндөгүлөр болуп саналат:

а) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр);

б) дыйкан (фермердик) чарбалары;

в) жеке ишкерлер жана жеке жактар.

(КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:

1. Иш берүүчүлөр үчүн:

а) жалданган кызматкерлердин, туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан аткарууга кабыл алынгандардын анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

в) (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлеринин пайдасына кошуп эсептелген төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн, - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Кызматкерлер үчүн:

а) туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан жалданган кызматкерлер, анын ичинде пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

а-1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;

б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(Абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлерине - ушул пункттун "а", "а-1" жана "б" пунктчаларына ылайык.

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн кызматкерлерге жана кызматчыларга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2006-жылдын 24-февралындагы N 63, 2006-жылдын 8-августундагы N 162,  2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2007-жылдын 10-августундагы N 144,  2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2016-жылдын 25-июлундагы N 139, 2017-жылдын 15-июлундагы N 125, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-1-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;

б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы N 145, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-2-статья. Чакан жана орто ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Чакан жана орто ишкердик субъекттери, анын ичинде өз ишин юридикалык жакты түзүү менен жүргүзүүчү дыйкан (фермердик) чарбалар, катары менен келген акыркы 12 айда түшкөн каражатынын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган, ага барабар же андан ашкан, бирок 30000000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери, каржылоо булагына карабастан, ай сайын төмөнкүдөй белгиленет:

1) саны 5 жана андан көп жалданма кызматкерлери бар болгон - туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн:

а) иш берүүчүлөр үчүн:

- I жана II топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлердин пайдасына - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 12 пайыз өлчөмүндө:

Пенсиялык фондго - 10 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

- I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

б) кызматкерлер үчүн:

- I жана II топтогу майып кызматкерлерди, пенсионер кызматкерлерди, ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана ага теңештирилген адамдарды кошпогондо - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 10 пайыз өлчөмүндө:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

- I жана II топтогу майып кызматкерлер - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

- пенсионер кызматкерлер - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

- ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

2) саны 15 жана андан көп жалданма кызматкерлери бар болгон - туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген республика боюнча орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнө барабар же андан ашкан төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн:

а) иш берүүчүлөр үчүн:

- I жана II топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлердин пайдасына - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 4 пайыз өлчөмүндө:

Пенсиялык фондго - 2 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

- I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

б) кызматкерлер үчүн:

- I жана II топтогу майып кызматкерлерди, пенсионер кызматкерлерди, ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана ага теңештирилген адамдарды кошпогондо - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 10 пайыз өлчөмүндө:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

- I жана II топтогу майып кызматкерлер - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

- пенсионер кызматкерлер - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

- ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө.

2. Календардык жылдын ичинде түшкөн каражат ушул статьяда белгиленген көлөмдөн ашып кеткен учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин чакан жана орто ишкердик субъекти катары каралат.

3. Ушул статьянын шарттарына жооп бербеген чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөө тартиби ушул Мыйзамдын 2, 5 жана 6-статьяларына ылайык белгиленет.

4. Ушул статьянын колдонулушу мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.

(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

3-статья. Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр - Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн:

- кызматкерлердин, анын ичинде майып - кызматкерлердин жана пенсионерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз пайыз өлчөмүндө;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн - пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 9,5 пайыз өлчөмүндө;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 7,5 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн пенсиялык фондго - 9,5 пайыз өлчөмүндө;

в) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(Абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2006-жылдын 24-февралындагы N 63, 2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

1. Иш берүүчүлөр - коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери жана диний уюмдар үчүн:

а) майыптарды жана пенсионерлерди кошпогондо, жалданган кызматкерлердин, анын ичинде чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

б) майып кызматкерлердин жана пенсионерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 13 пайыз өлчөмүндө.

2. Коммерциялык эмес кооперативдердин, коомдук фонддордун, коомдук бирикмелердин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин жана диний уюмдардын кызматкерлери, анын ичинде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн:

а) майып кызматкерлер жана пенсионерлерди, ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерди, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана аларга теңештирилген адамдарды кошпогондо - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен 10 пайыз өлчөмүндө:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б) ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

в) майып кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкасы) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

5-статья. Дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзүү менен жүзөгө ашырып жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык белгиленет.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин жылдык базалык ставкасынын өлчөмүндө белгиленет:

Областтардын жана райондордун аталыштары

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн базалык ставкалары (сом/га)

сугат жерлер

кайрак жерлер

көп жылдык өсүмдүктөр

чөп чабындылар, жайыттар

1

2

3

4

5

Баткен областы

 

 

 

 

Баткен району

268

41,3

149

7

Лейлек району

268

41,3

149

15

Кадамжай району

275

41,3

150

17

Жалал-Абад областы

 

 

 

 

Аксы району

306

56,7

193

15

Ала-Бука району

306

41,3

204

15

Базар-Коргон району

414

41,3

220

20

Ноокен району

453

41,3

193

18

Сузак району

414

41,3

220

20

Тогуз-Торо району

223

62,3

-

20

Токтогул району

239

62,3

201

20

Чаткал району

194

62,3

-

20

Ысык-Көл областы

 

 

 

 

Ак-Суу району

373

87,5

173

20

Жети-Өгүз району

305

74,9

168

15

Ысык-Көл району

280

68,6

155

15

Тоң району

236

39,2

119

15

Түп району

379

87,5

174

20

Нарын областы

 

 

 

 

Ак-Талаа району

205

37

-

10

Ат-Башы району

191

54,3

-

10

Жумгал району

196

37

-

10

Кочкор району

215

37

-

10

Нарын району

196

54,3

-

10

Ош областы

 

 

 

 

Алай району

232

62,3

-

10

Араван району

436

41,3

226

8

Кара-Кулжа району

232

62,3

117

10

Кара-Суу району

453

41,3

246

15

Ноокат району

413

62,3

233

15

Өзгөн району

413

62,3

235

20

Чоң-Алай району

183

-

-

15

Талас областы

 

 

 

 

Бакай-Ата району

318

52,5

164

7

Кара-Буура району

350

36,4

165

7

Манас району

331

36,4

166

7

Талас району

297

52,5

164

7

Чүй областы

 

 

 

 

Аламүдүн району

400

56,5

209

15

Жайыл району

 

 

 

 

а) Чүй зонасы

329

67,9

213

15

б) Суусамыр зонасы

189

34,5

-

7

Ысык-Ата району

400

74,2

213

15

Кемин району

354

80,5

211

15

Москва району

392

67,2

215

15

Панфилов району

362

67,2

215

15

Сокулук району

407

67,2

211

7

Чүй району

400

74,9

211

15

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери шаарларда жана калктуу конуштарда ушул пунктта каралган, жакын турган администрациялык райондор үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.

Юридикалык жакты түзбөгөн фермердик дыйкан чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жер үлүшүнүн иш жүзүндөгү аянтына жараша, ушул пунктта каралган ставкаларга карата пропорциялуу төлөйт.

Көлмөлөрдүн ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун сугат айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.

Насостук станциялар менен сугарылуучу жерлердин ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун кайрак айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.

Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда жайгашкан юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларына жана мүчөлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төлөөдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жеңилдиктер берилет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырат.

3. Табигый кырсыктары (суу каптоо, сел, жер титирөө, жер көчкү, мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурунда дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү түрдө комиссиялап бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

4. Дыйкан (фермердик) чарбалар өз жерлерин ижарага бергенде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жерди ижарага берүүчү тарабынан ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте төлөнөт.

5. (КР 2015-жылдын 19-мартындагы N 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2005-жылдын 5-августундагы N 120, 2006-жылдын 12-майындагы N 85, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2015-жылдын 3-августундагы N 212, 2017-жылдын 5-январындагы N 2, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-1-статья. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы

(Статьянын аталышы КР 2017-жылдын 29-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

а) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, жалданган кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөп берүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2 пайыз өлчөмүндө;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1,75 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлер, жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер, анын ичинде чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөп берүүлөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.

в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) айыл чарба кооперативине ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде алардын кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир негиз боюнча төлөөнү тандоо укугуна ээ болушат.

Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин бирдей үлүштөр менен төлөнөт.

Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнөт.

(КР 2012-жылдын 8-августундагы N 156, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары

1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлерди жана патенттин негизинде жеке эмгек ишин же жекече ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактарды кошпогондо) салыктарды төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алуучу, лотоктордон, соода орундарынан товар сатуу жолу менен базарларда ишин жүзөгө ашыруучу, эл аралык долбоорлорго жана программаларга кызмат көрсөтүүчү жеке жактарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер жана патенттин негизинде жеке эмгек ишин же жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

2-1. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат:

Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн, пенсионер-кызматкерлерди жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 4 пайыз өлчөмүндө;

I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын, -  Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 8-июлундагы N 86, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы

1. Кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган же өзүнүн жер үлүшүн жана/же участогун же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлеринин ижарачылары - жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

3. Жеке жактарга Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт. Мында токой фондусунун участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөргө каралган жер салыгынын базалык ченине теңештирилет.

Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

4. Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорарынын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

(КР 2017-жылдын 29-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-1-статья. Жогорку технологиялар паркынын резидентинин жеке жактары жана кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары

Жогорку технологиялар паркынын резидентинин кызматкерлери жана анын дирекциясы, Жогорку технологиялар паркынын резидентинин, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, - жеке жактары (имараттарды, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган кызматкерлерден башкасы) орточо айлык акыдан 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондуга - 10 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз.

I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

Пенсионер-кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.

Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы N 87, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары

Бул статьядагы түшүнүктөрдүн маанилери:

жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн заказ берүүчүлөрү - эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн, жеке жак же жеке ишкер менен жумуштарды аткарууга же болбосо кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн уюм;

жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу - жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн заказ берүүчүлөрү менен түзүлгөн жарандык-укуктук келишим боюнча жеке өзү (жалданма эмгекти пайдаланбастан) жумуштарды аткаруучу же кызматтарды көрсөтүүчү жеке жак же жеке ишкер;

жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык акы төлөнүү менен аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар, анын ичинде бир жолу аткарылган жумуштар же көрсөтүлгөн кызматтар;

жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп берүү - түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды эсепке албастан туруп, аткарылган жумуштар жана (же) көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акчалай акы төлөө.

Эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдарда жана эл аралык долбоорлордо иштеген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

1) иш берүүчүлөр жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү заказ берүүчүлөр үчүн:

а) эгерде эл аралык макулдашууларда камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн башка эрежелери каралбаса, кызматкерлердин жана жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн - ай сайын 17,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) I жана II топтордогу майып-кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

2) кызматкерлер жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары үчүн:

а) пенсионер-кызматкерлерди жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн пенсионер-аткаруучуларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, алардын пайдасына чегерилген эмгек акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн - 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б) пенсионер-кызматкерлер үчүн алардын пайдасына чегерилген эмгекке акы төлөөнүн, жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн бардык түрлөрүнөн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

в) ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер жана жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

г) I жана II топтордогу майыптар үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү

Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:

1. Иш берүүчүдөн:

а) 2-статьянын 1-пунктуна, 3-статьянын "а" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнун кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;

б) 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3,75 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз;

г) 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз.

д) 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр:

- камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 2 пайыз;

е) 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр:

- камсыздандырылган адамдын өздүк камсыздандыруу эсебине - 1 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз.

2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 5-1-статьянын 1-пункутуна 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо), 8-статьянын 2-пунктуна, 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 8 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;

б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына, 2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 2 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.

3. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 8-статьянын 2-пунктуна, 2-1-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын жетинчи абзацына, 4-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

б) 3-статьянын "б" пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 9,5 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.

4. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 8-статьянын 2-пунктуна, 2-1-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына, 2-2-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына жана 2-пунктунун "б" пунктчасынын алтынчы абзацына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;

б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз.

5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн, жеке жактардан:

- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 89,75 пайыз.

6. Жеке ишкерлерден:

а) 6-статьянын 1-пунктуна, 7-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8,75 пайыз;

б) 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 89,75 пайыз.

в) 7-статьянын 4-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.

7. 5-1-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:

камсыздандырылган жактын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 89,75 пайыз.

(КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2012-жылдын 8-августундагы N 156, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2019-жылдын 23-декабрындагы N 145, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фондго 8 пайыздан кем эмес же орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна - 2 пайыз.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте үстүдөгү ай үчүн жана келерки мезгилге гана жүзөгө ашырылат.

3. 1996-жылдын январынан кийинки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө төлөй алышат.

(КР 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу

1. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана аларга теңештирилген адамдар жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө бошотулат.

Иш берүүчү тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына алардын пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө төлөөчүлөрдүн тиешелүү категориясы боюнча толук көлөмдө жүргүзүлөт.

2. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишин жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер жана жер үлүшүнө жана/же участогу жана/же анын бир бөлүгүнө ээ болгон I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумушка кабыл алынган 16 жашка чейинки өспүрүм - кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрү толук көлөмдө камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүдөн жана төлөөдөн бошотулат.

4. (КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5. Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденттери катары катталган жактар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу, келишим, контракт же макулдашуу менен кабыл алынган, ошондой эле бир гана жумушту кызмат көрсөтүүнү аткарууга келген өзүнүн кызматкерлеринин пайдасы үчүн төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнөн толук көлөмдө Жогорку технологиялар паркы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап 15 жыл аралыгында бошотулат.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда белгилүү мөөнөткө жеке ишкерлерди камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу тууралуу чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2011-жылдын 8-июлундагы N 87, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 33, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-1-статья. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

а) ушул Мыйзамдын 8-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлер, ошондой эле жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар - 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдар:

б) пенсионер-кызматкерлер.

(КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей турган төлөмдөрдүн түрлөрү

Төлөмдөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбейт:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү субсидиялар, компенсациялар, пенсиялар, жөлөкпулдар жана стипендиялар.

2. Санаториялык-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий-профилакторийлерге, балдардын ден соолукту чыңдоо борборлоруна жолдомолордун наркы.

3. Кызматкерлерге табигый кырсыктардын жана өрттүн, оорунун натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле кызматкердин же анын жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүлгөн материалдык жардамдын суммасы.

4. Кан бергендиги үчүн, донорлуктун башка түрлөрүнөн, эмчектин сүтүн бергендиги үчүн алынган суммалар, ошондой эле медициналык мекемелердин кызматкерлери кан чогултуу үчүн алган суммалар.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдар үчүн алынуучу алименттер.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге эмгектик мертинүүдөн, кесиптик дартка чалдыгуудан, болбосо ден соолугуна башка зыян келүүдөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнгөн суммалар.

7. Майыптарга, пенсионерлерге, жетим балдарга, көп балалуу энелерге кайрымдуулук максатында көрсөтүлгөн бир жолку материалдык жардам.

8. Кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде мыйзамга ылайык өкүлчүлүк ишти жүзөгө ашыруу учурунда, кызматтык иш сапарына, башка жерге ишке которууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөнгөн компенсациялар.

9. N 1, 2-тизме боюнча жумуштарда иштегендер үчүн белгиленген ченемдердин чектеринде берилүүчү атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуунун башка каражаттарынын, самындын, жууп кетирүүчү жана зыянсыздандыруучу каражаттардын, сүттүн жана дарылоо-профилактикалык тамак-аштын наркы (акысыз же жарым-жартылай акы төлөө менен берилүүчү жана жеке пайдаланууда калуучу фирмалык кийимдин, кийим-кечектин наркынан башка).

10. Өндүрүштөн ажыратуу менен окууга жиберилген студенттерге (аспиранттарга) уюмдун каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, мекемелер жана фонддор тарабынан кайрымдуулук максаттарында белгиленүүчү жана төлөнүүчү стипендиялар.

11. Иш менен камсыз кылуу кызматынын органдары тарабынан уюштурулган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга катышкан жумушсуз жарандардын эмгек акысы.

12. Жарандардын ишкананын менчигин башкарууга катышуудан алган кирешелери (дивиденддер, пайыздар, үлүштүк пайлар боюнча төлөмдөр).

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондунан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин резервдик фондунан төлөмдөр.

(КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 29, 2015-жылдын 3-августундагы N 212, 2016-жылдын 18-ноябрындагы N 181, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн жарандардын эмгек акысы (кирешеси)

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн эмгек акы (киреше) ар бир жумуш оруну боюнча өзүнчө эсепке алынат.

2. Бир эле мезгилде төлөөчүлөрдүн бир нече категориясына таандык болгон камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ар бир негиз боюнча жүргүзүшөт.

3. Жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн өлчөмү ушул Мыйзамдын 2-статьясында, 2-2-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 8-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо бир айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш. Мында кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана чегерүү анын иш жүзүндө эсептелген эмгек акысынан жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу үчүн ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана чегерүү жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө иш жүзүндө төлөнгөн өлчөмдөн жумушка/кызматка заказ берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.

Ушул пункттун күч-аракети уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын тейлөөчү кенже персоналына, ошондой эле төмөндөгү ишканалар менен уюмдарга колдонулбайт:

каржылоонун көлөмүнө карабастан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;

мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мекемелер;

мамлекеттик окуу жайлары жана алар тарабынан уюштурулган, юридикалык жактын статусуна ээ болгон өз алдынча окуу бөлүмдөрү жана филиалдар;

социалдык камсыздандыруунун каражаттарынан каржылануучу уюмдар;

Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары;

коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жайдын менчик ээлеринин шериктиги (анын ичинде үй башкармалары), диний уюмдар;

камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү эмгек акы фондусунан жүзөгө ашырган айылдык товар өндүрүүчүлөр.

(КР 2006-жылдын 27-январындагы N 31, 2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2019-жылдын 23-декабрындагы N 145, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, төлөө тартиби жана мөөнөтү

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө мөөнөтү төлөөчүнүн тиешелүү категориясы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ичинен камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат.

3. Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.

(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-1-статья. Бир айлык орточо эмгек акыдан камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү (6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарында каралган төлөөчүлөрдү кошпогондо) - бул өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн бир айлык орточо эмгек акынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген өлчөмү.

2. 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарында каралган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрүнө карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү - бул орточо бир айлык эмгек акынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайыздан жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген Кыргыз Республикасынын райондорундагы жана шаарларындагы бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматтарынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалыматты үстүдөгү жылдын 1-ноябрына чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

Тарифтик ставканы эсептөө жыл сайын келерки жылдын 1-январынан тартып жүзөгө ашырылат.

(КР 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 101 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-2-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өзгөрүүлөрүнүн күчүнө кириши

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өлчөмүнүн көбөйүшүн караган ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

(КР 2015-жылдын 13-февралындагы N 32, 2021-жылдын 15-ноябрындагы N 132 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Ушул Мыйзам 2004-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2003-жылдын 16-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган