Чет өлкөлүк жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин колдонуу мөөнөтү жөнүндө ТҮШҮНДҮРМӨ

 

 

2021-жылдын 19-ноябрында чет өлкөлүк жарандар болуп саналган кызматкерлер жана алардын иш берүүчүлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин 3 пайыздан 27,25 пайызга чейин көбөйтүүнү белгилеген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» (2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланды.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-2-статьясына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин өлчөмүнүн көбөйүшүн караган ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кызматкерлер жана иш берүүчүлөр

Ошентип, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Түркия Республикасынын жарандарынан сырткары, чет өлкөлүк жарандар болуп саналган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү 2022-жылдын 19-ноябрына чейин иш берүүчүлөр тарабынан «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 1-пунктунун
«в»-пунктчасына ылайык тарифтер боюнча төмөнкүдөй редакцияда төлөнөт:

Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашаган, бирок Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак менен эмгектик мамиледе болгон чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын – кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фонддун тилектеш бөлүгүнө 3 пайыз (иш берүүчү – 3 пайыз, чет өлкөлүк жаран болуп саналган кызматкер – 0, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Түркия Республикасынын жарандарынан тышкары).

2022-жылдын 19-ноябрынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын – 27,25 пайыз өлчөмүндө чегерилет (17,25 пайыз – иш берүүчү, 10 пайыз – кызматкер).

         ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Түркия Республикасынын жарандары болуп саналган кызматкерлер жана алардын иш берүүчүлөрү эл аралык келишимдерге ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн 27,25 пайыз (17,25 пайыз – иш берүүчү, 10 пайыз – кызматкер) тариф ченинде төлөшөт:

         ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары – 2021-жылдын 1-январынан баштап;

         Түркия Республикасынын жарандары – 2020-жылдын 1-ноябрынан баштап.

Төгүмдөр камсыздандыруу фонддору боюнча «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлүштүрүлөт.

        

Жеке ишкерлер

         Жеке ишкерлер болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары боюнча ошондой деп катталган чет өлкөлүк жарандар жашаган жана ишкердик жүргүзгөн жерине карабастан камсыздандыруу төгүмдөрүн тандап алган салык режиминин түрүнө жараша жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 14-2 -беренелерине ылайык төлөшөт:

         2022-жылдын 19-ноябрына чейин - Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз өлчөмүндө.

2020-жылдын 19-ноябрынан баштап:

жалпы салык режиминин негизинде же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы боюнча - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз;

кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алгандар - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз;

патент алгандар, анын ичинде контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн товар сатып базарларда иш жүргүзгөндөр - орточо айлык эмгек акынын кесилген өлчөмүнөн кеминде 6 пайыз;

патент алгандар жана лотоктордон, соода орундарынан товар сатып базарларда иш жүргүзгөндөр - орточо айлык эмгек акынын кесилген өлчөмүнөн кеминде 3 пайыз.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, камсыздандыруу салымдары эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, түрткү берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөргө (анын ичинде бир жолку сыйлыктарга) ошондой эле подряд, акы төлөп кызмат көрсөтүүлөр,тапшырма келишими боюнча иштер үчүн төлөмдөргө жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарларга карата эсептелет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды эске албаганда камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана кармоо төлөмдөрдүн булактарынан жүргүзүлөт. Демек, аткаруучунун камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана кармоо жоопкерчилигине кардар жооптуу. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Түркия Республикасынын жарандары болуп саналган жеке ишкерлер эл аралык келишимдерге ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык төлөшөт:

Түркия Республикасынын жарандары 2020-жылдын 1-ноябрына  жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары 2021-жылдын 1-январына  чейин Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз өлчөмүндө;

жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө;

ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн, анын ичинде контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн товар сатып базарларда иш жүргүзгөн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу же лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө;

кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучулар - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө;

лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөндөр орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмдө.

Төгүмдөр камсыздандыруу фонддору боюнча «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бөлүштүрүлөт.

Кошумча айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2- декабрындагы ПЖ № 542 «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо (тарифтердин колдонуудагы ставкаларын сактоо менен), реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдоо-кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8,0 млн. сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди бардык салыктарды төлөөдөн бошотууну караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министирлиги тиешелүү мыйзамдын долбоорун макулдашып жатат. Бул мыйзамдын долбооруна ылайык  бирдиктүү салыктын «0» ставкасы негизинде салык төлөп жаткан жеке ишкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын кесилген өлчөмүнөн кеминде 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө төлөшөт.