Жарыяланган 26.08.2021

Социалдык фонддун 2021-жылдын январь-июль айларындагы ишинин жыйынтыктары

Социалдык фонддун 2021-жылдын январь-июль айларындагы ишинин жыйынтыктары

Социалдык фонддун 2021-жылдын январь-июль айларындагы ишинин жыйынтыктары

2021-жылдын январь-июлуна карата алдын ала маалыматтар боюнча Соцфонддун жалпы кирешеси 35454,1 миллион сомду түздү. 2020-жылдын январь-июль айларынын бюджетинин аткарылышына салыштырмалуу 4395,5 млн сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 21738,9 млн. сомду жана бекитилген пландан 638,9 млн сом көп түштү же 103 % туздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3654,6 миллион сомго көп түштү же 120,2% түздү.

Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнгөн каражаттар 2021-жылдын январь-июль айларында 13 562,1 миллион сом суммасында түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча Социалдык фонддун чыгымдары
2021-жылдын январь-июль айларында 34636,3 млн. сомду түздү, бул 2020-жылдын январь-июль айларында 2422,5 млн. сомго көп.  

2021-жылдын январь-июль айларында пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн 29083,3 млн. сом көлөмүндө бардык керектелген сумма толугу менен каржыланды. 2021-жылдын 1-августуна карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 

2021-жылдын январь-июль айларында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 1505,0 млн сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 121,2 млн сом суммасында каржыланды.

2021-жылдын январь-июль айларынын алдын ала жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун бюджети 817,8 миллион сом суммасында профицит менен аткарылды.

2021-жылдын 1-августуна карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 709,3 миң адамды түздү, алардын ичинен 239,5 миң адам же жалпы санынын 34% "Кыргызпочтасы" МИ филиалдары аркылуу, 469,8 миң адам же 66% республиканын банктары аркылуу алышат.

2021-жылдын январь - июль айларында жалпысынан 41 017 пенсиялык иш чектелди жана кайра эсептелди, алардын ичинен 34 537 пенсиялык иш жаңыдан чектелген жана 6 480 иш кайра эсептелген.

Санариптештирүүнүн алкагында ушул тапта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалымат тутумун интеграциялоо боюнча талкуулар жүрүп жатат, анын натыйжасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине пенсия чектөө жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт.

2019-жылы Соцфонд камсыздандырылган адамдын электрондук кабинетин (өздүк кабинет) ишке киргизди. Өздүк кабинет аркылуу төмөнкүлөрдү кылса болот: Өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алууга; Пенсия чектөө үчүн арыз берүүгө; Пенсияны кайра эсептөө үчүн арыз берүүгө; Пенсия чектөө протоколун алууга сурам берүүгө; Төлөм каналын алмаштыруу үчүн арыз берүүгө ж.б.

Иштин жүрүшүндө 171445 колдонуучу катталды, бардык багыттар ​​боюнча 24367 арыз түштү, анын ичинен: 318 пенсия чектелди, 70 пенсия кайра эсептелди, 20242 жаранга өздүк камсыздандыруу эсебинен көчүрмө берилди.

Өздүк кабинет аркылуу камсыздандырылган адамдар жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук бере алышат, андан соң көптөгөн коммерциялык банктар онлайн режиминде насыя бере алышат.

Соцфонддун эл аралык иши тууралуу маалымат

Соцфондго башка өлкөлөрдүн аймагында эмгектенип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн пенсиялык камсыздоо механизмдерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча тапшырма коюлган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында Социалдык фонд Кореянын пенсиялык кызматы менен кызматташууда, анда Кореяда иштеген КР жарандарына Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык каражаттарды төлөө каралган. Кореяда мыйзамдуу эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандары Кореядан чыкканда бир жолку төлөм алууга укуктуу. Ошондой эле бул пенсиялык төлөмдөргө Кореяда иштеген жана Кореядан чыкканда төлөм албаган адамдын мураскорлору дагы укуктуу.

Ушул тапта пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуучулардын саны 54 адамды түзөт.

Мындан сырткары 2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Социалдык камсыздоо келишимине кол коюлган, ал 2020-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирди.

2021-жылдын 1-январынан баштап, 2019-жылдын 20-декабрында кол коюлган ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.

Келишим менен Макулдашуунун негизги максаты болуп - пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө бирдей укуктарды камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин аймагында эмгекчилердин ээ болгон пенсиялык укуктарын коргоо, ошондой эле өлкөлөр ортосунда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү эсептелет.