Жарыяланган 19.12.2016

ЕЭК өкүлдөрүнүн жана ЕАЭС мүчө-мамлекеттеринин пенсиялык камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын кеңешмеси болуп өттү

ЕЭК өкүлдөрүнүн жана ЕАЭС мүчө-мамлекеттеринин пенсиялык камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын кеңешмеси болуп өттү

ЕЭК өкүлдөрүнүн жана ЕАЭС мүчө-мамлекеттеринин пенсиялык камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын кеңешмеси болуп өттү

 

2016-жылдын 13-декабрында москва убактысы боюнча саат 10.00дө ЕЭК өкүлдөрүнүн жана ЕАЭС мүчө-мамлекеттеринин пенсиялык камсыздоо жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын кеңешмеси болуп өттү. Бул видеоконференция Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө келип чыккан кайчы пикирлерди жөнгө салууга багытталды. Кеңешмеге ЕЭК өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Казахстан Республикасынын Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Кеңешме 2 сааттан ашык убакытка созулду, талкуулоо  учурунда КР Социалдык фондунун өкүлдөрү келишимдин долбоорунун талаш беренелери боюнча сунуштарын жана сын пикирлерин айтышты.

Негизги сын пикирлер Россия тараптын пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө туруктуу төлөмдү экспорттоо, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында ЕАЭС мүчө-мамлекеттеринин  жарандарына пенсия тариздөө үчүн баллдарды (жекече пенсиялык коэфициенттерди)  эсептөө тартиби боюнча айтылды.

Кыргыз тарап өз позициясында турууда, ага ылайык ЕАЭС мүчө-мамлекеттеринин эмгекчилери жумуш менен камсыз кылган мамлекеттин жарандары менен бирдей пенсиялык укуктарга ээ болушу керек. Талкуулоонун жыйынтыгында ЕАКтен Төрагалык кылуучу мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн негизинде талашкан тараптарды бирдей пикирге келүүсүнө чакырды.