Жарыяланган 12.05.2021

Баардыгыңыздарды ыйык айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Баардыгыңыздарды ыйык айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Айт маарек болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!

Орозо тутуу – бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө үндөгөн, элибиздин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам. Миңдеген жылдар бою орозо айында элибиз келечекке ниет кылып, Жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган.

Орозо айтта тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон асыл ой-максатыңыздар ишке ашсын!

Ылайым тилектердин бардыгы кабыл болсун!

Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!