Жарыяланган 4.11.2016

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү

долбоор

 

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица

 

 

 

Колдонуудагы  редакция

Сунушталган  редакция

5-статья. Дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

 

1. Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзүү менен жүзөгө ашырып жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык белгиленет.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн төмөндөгүдөй белгиленет:

а) 2 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор - өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2024-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 0,5 пайыз өлчөмүндө:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 0,5 пайыз;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1 пайыз;

- 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1,5 пайыз;

- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;

- 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2,5 пайыз;

- 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;

- 2024-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;

б) 2 гектардан 10 гектарга чейинки жер үлүшүнө ээ болгондор - өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2019-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 1 пайыз өлчөмүндө:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1 пайыз;

- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 1,5 пайыз;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;

- 2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;

- 2019-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;

в) 10 гектарга жана андан көп жер үлүшүнө ээ болгондор - өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2017-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын 4 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 2 пайыз өлчөмүндө:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;

- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Табигый кырсыктары (суу каптоо, сел, жер титирөө, жер көчкү, мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурунда дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү түрдө комиссиялап бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

4. Дыйкан (фермердик) чарбалар өз жерлерин ижарага бергенде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жерди ижарага берүүчү тарабынан ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте төлөнөт.

5-1-статья. Айыл чарба продукцияларын өңдүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы

1. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

а) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, жалданган кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөп берүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2 пайыз өлчөмүндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;

б) туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлер, жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөп берүүлөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.

в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

2. Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2018-жылга этап менен тарифтин ставкасын 8 пайыздык деңгээлге чейин жеткирүү менен, өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында калыптанган орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет:

- 2013-жылы орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө;

- 2014-жылы орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 4 пайыз өлчөмүндө;

- 2016-жылы орточо айлык-эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 6 пайыз өлчөмүндө;

- 2018-жылы орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынан чегерилген 8 пайыз өлчөмүндө.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:

Пенсиялык фондго - 92,6 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 7,4 пайыз.

Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрү бир жолу үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин же бирдей үлүштөр менен 25-июлга чейин жана 25-декабрга чейин төлөнүп берилет.

Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жер участокторуна (үлүштөрүнө) төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнүп берилет.

Айыл чарба кооперативине ижарага берилген жер участокторуна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы белгиленген укукту ырастоочу документ менен же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) тийиштүү макулдашуусу менен жер участогунун үлүштөрүнө пропоционалдуу бөлүштүрүлөт.

 

5-статья. Дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн жана айыл чарба продукцияларын өңдүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдери үчүн камсы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

 1. Юридикалык жакты түзүү менен өз ишин жүзөгө ашырган дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык белгиленет.

2. Юридикалык жакты түзбөй өз ишин жүзөгө ашырган жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участкасына же анын бир бөлүгүнө ээ дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери индексация коэфициентин эске алуу менен үстүдөгү жылга жер салыгынын базалык ченинин 1,5 эселенген өлчөмүндө белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:

Вn =1,5 х С х П х Кn,

мында:

Вn – үстүдөгү жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы,

С – Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесине ылайык жер салыгынын чени,

П – жер участогунун аянты, га/кв.м,

Кnүстүдөгү жылга индексация коэффициенти,

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Үстүдөгү жылга «Кn» коэффициенти мурдагы календардык жылдар үчүн иш жүзүндө түзүлгөн  керектөө бааларынын индекстерин жүргүзүү катары эсептелет. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматтарынын негизинде Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет.

 Үстүдөгү жылга индексация коэфициенти белгиленбеген учурларда ал мурдагы жылдын коэфициентине тең кабыл алынат.

3. Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар өз жерлерин ижарага бергенде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жерди ижарага берүүчү тарабынан ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте төлөнөт.

4. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери төмөнкүдөй белгиленет:

а) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, жалданган кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2 пайыз өлчөмүндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;

б) туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлер, жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.

в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

5. Жер үлүшүнө  жана/же айыл чарба багытындагы жер участкасына же анын бир бөлүгүнө  ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул статьянын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

6. Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде айыл чарба кооперативдеринин кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү 2021-жылдын 31-декабрына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн бир негиз боюнча төлөөнү тандоо укугуна ээ.

7. Камсыздандыруу төгүмдөрү үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же бирдей үлүштөр менен 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин төлөнөт.

Жер салыгын төлөө боюнча жеңилдиктер камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүнө таркатылбайт.

Табигый кырсыктары (суу каптоо, сел, жер титирөө, жер көчкү, мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурунда үстүбүздөгү жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү түрдө комиссиялап бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

.

 

6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары

1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 9 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз.

2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо), ошондой эле, контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө товар сатуу жолу менен рыноктордо ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2018-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;

- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 пайыз;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыз;

- 2018-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

2-1. Лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен рыноктордо ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2018-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет:

- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;

- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;

- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;

- 2018-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары - орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн, пенсионер-кызматкерлерди жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 4 пайыз өлчөмүндө;

I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын, - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 6 пайыз өлчөмүндө.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.

4. Жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде рыноктордо иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө белгиленет.

6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары

1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 9 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз.

2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу же лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен рыноктордо ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери мурдакы календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-1. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен рыноктордо ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери мурдакы календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2 же 2-1-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн, пенсионер-кызматкерлерди жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 4 пайыз өлчөмүндө;

I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын, - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде рыноктордо иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө белгиленет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Кыймылдуу мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмдө ар ай сайын төлөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 9 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

 

2. Жер үлүшүнө же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган, же өзүнүн жер үлүшүн же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларынын жерлерин ижарага алган жеке жактар-ижарачылар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

3. Юридикалык жана жеке жактарга (айыл чарба продукцияларын өңдүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдерин кошпогондо) Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

Юридикалык жана жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

4. Өз ишин юридикалык жакты түзбөй иштеген жеке жактар, берилген лицензиянын негизинде иштегендер жана гонорар (сыйакы) алгандар орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Кыймылдуу мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмдө ар ай сайын төлөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 9 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган, же өзүнүн жер үлүшүн жана/же жер участогун же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларынын жерлеринин жеке жактар-ижарачылары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

Жеке жактарга Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт. Бул статьяны ишке ашыруу максатында токой фондусунун участоктору айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөргө каралган жер салыгынын базалык ченине теңештирилет.

Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

3. Өз ишин юридикалык жакты түзбөй иштеген жеке жактар, берилген лицензиянын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорардын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 90 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

9-статья. Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү

Пенсиялык жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонддоруна төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:

1. Иш берүүчүдөн:

а) 2-статьянын 1-пунктуна, 3-статьянын "а" пунктуна, 5-статьянын 1-пунктуна, 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнун кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 1-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;

б) 4-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 3 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 3,75 пайыз;

- Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө - 1 пайыз.

2. Кызматкерден (ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында көрсөтүлгөн кызматкерлерди кошпогондо):

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна, 5-1-статьянын 1-пункутуна 6-статьянын 3-пунктуна (текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн кызматкерлерин кошпогондо) жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 8 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;

б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине 2 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнө - 2 пайыз.

3. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз;

б) 3-статьянын "б" пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 9,5 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 6 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 12 пайыз.

4. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "б" пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерден:

а) 2-статьянын 2-пунктунун "а" пунктчасына, 5-статьянын 1-пунктуна жана 8-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;

б) 2-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасына, 3-статьянын "в" пунктуна, 4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 2 пайыз;

в) 6-статьянын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 4 пайыз;

г) 7-1-статьяга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 10 пайыз.

5. 5-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларынан жана мүчөлөрүнөн, жеке жактардан:

- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.

6. Жеке ишкерлерден:

а) 6-статьянын 1-пунктуна, 7-статьянын 1 жана 4-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 8 пайыз;

б) 6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 90 пайыз.

7. 5-1-статьянын 2-пунктуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн:

камсыздандырылган жактын өздүк камсыздандыруу эсебине - эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 92,6 пайыз.

9-статья. Пенсиялык жа