Жарыяланган 8.04.2021
КР Премьер-министри Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жаңы курамын бекитти
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 1-апрелиндеги буйругу менен Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңешинин курамы бекитилди.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Бишкек шаары, 2021-жылдын 1-апрели № 318
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык:
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин:
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 29-мартындагы № 363 буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 10-февралындагы № 29 буйругу;
3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 1-февралындагы № 61 буйругу;
4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-августундагы № 488 буйругу;
5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19-февралындагы № 114 буйругу;
6) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 23-июлундагы № 491 буйругу.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
|
У.Марипов |
|
|
Тиркеме |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун төрагасы, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун кызматкери, Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы;
Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Л.М.Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоочу коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).