Жарыяланган 4.11.2016

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» долбооруна

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Негиздеме-маалымкат

Мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери.

Дыйкан фермердик чарбалар (мындан ары - ДФЧ) жана жеке эмгек ишмердиги  менен алектенген (мындан ары - ЖЭИ) адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин белгилөөдө төлөм жүгүнүн адилеттүү бөлүштүрүлүшүн эске алып социалдык камсыздандыруу принциптерин ишке ашыруу мыйзам долбоорунун максаты болуп эсептелет.

Мурда (2015-жылдын 19-мартындагы № 60 редакциясында) төлөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери туруктуу белгиленген өлчөмдө эмес (ДФЧ үчүн жер салыгынын базалык ченинин өлчөмүндө жана ЖЭИ үчүн патенттин наркынан), орточо бир айлык эмгек акыдан (мындан ары – ОАЭ) коюлган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү киргизилип жаткан мыйзам долбоорунун милдети болуп эсептелет.

ОАЭден камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендеринин системасы жер участогу азыраак, мүчөлөрүнүн саны көп эмес ДФЧ кызыкчылыктарын толук кандуу эске албайт деген айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пикирин эске алып, Социалдык фонд тарабынан аталган мыйзам долбоору иштелип чыкты.  Мыйзам долбоору менен юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери индексациянын коэффициентин (учурдагы жылга алып келген өткөн календардык жылда анык түзүлгөн керектөө бааларынын индекстерин жүргүзүү) эске алып жер салыгынын базалык ченинин 1,5 эселенген өлчөмүндө каралууда.  

Индексациянын коэффициенти Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеште каралат жана бекитилет. Инфляциянын деңгээлинде индексация – өлкөдө болуп жаткан инфляциялык процесстерге байланыштуу пенсияларды эсептөө үчүн камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн азайышын компенсациясы.

Жер салыгын төлөө боюнча жеңилдиктер камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүнө таралбайт. ДФЧ жана ЖЭИ менен алектенген пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чарбанын же жеке адамдын жалпы жер аянтына эмес, чарбанын ар бир мүчөсүнүн жана жеке адамдын жер үлүшүнө эсептелет.   

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү жана айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөмдөрү жер салыгынын базалык ченинен эсептөөнүн бирдиктүү базасына теңелүүдө. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык) камсыздандыруу төгүмдөрүн юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан фермердик чарбалардын мүчөлөрүнүкүндөй жер салыгынын базалык ченинин 1,5 эселенген өлчөмүндө төлөй турган ченем киргизилип жатат.  

Алсак, сунушталып жаткан тарифте камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү 2016-ж. 1 га эсептегенде 50 сомду (Сокулук районунун мисалында), 2017-ж. - 51 сомду, 2018-ж. - 54 сомду түзөт, ал эми колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык 67 сом, 71 сом, 101 сом.  б.а. орточо айлык эмгек акыдан белгиленген тариф чендери ОАЭ жыл сайын өзгөрүшүнүн эсебинен өсүү тенденциясына ээ.

Ошону менен бирге 2021-жылдын 31-декабрына чейин жер участокторун ижарага берген жана ошол эле маалда айыл чарба кооперативдеринин кызматкерлери болуп эсептелген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн бир эле негиз боюнча же жер салыгынын базалык ченинен же ОАЭ 12 % төлөөнү тандоо укугу берилет.

Жер участогу (үлүшү) жок айыл чарба кооперативдеринин кызматкерлери камсыздандыруу төгүмдөрүн 12 % чен боюнча орточо айлык эмгек акыдан төлөшөт, анткени ал пенсиялык системага катышуу үчүн жападан жалгыз негиз болуп эсептелет. 

Алдын ала болжолдуу эсептер боюнча мыйзам долбоору кабыл алынган учурда юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан фермердик чарбалардан жана айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы түшүшү
2017-жылы 356,5 млн. сомду, 2018-жылы 382,2 млн. сомду, 2019-жылы 436  млн. сомду түзөт.

ЖЭИ менен алектенген адамдар үчүн мыйзам долбоору менен камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин төмөнкүдөй чендерин белгилөө сунушталууда:  

- ыктыярдуу патент сатып алып, атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн жеке ишкерлер үчүн өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайызынан кем эмес өлчөмдө белгилөө. Республика боюнча орточо төлөнө турганы 2016-жылга айына 669 сомду, 2017-жылга – 708 сомду жана 2018-жылга – 754 сомду түзөт (колдонулуп жаткан мыйзамдарга салыштырмалуу 1,6 эсе аз). Колдонулуп жаткан мыйзамдарда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин 2018-жылга этап этабы менен ОАЭ 10 % чейин жогорулатуу каралган, бул 1257 сомду түзөт.   

- базарларда лотоктордон, соода орундарынан товар сатып жеке ишкердик кылган жеке ишкерлер үчүн өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайызынан кем эмес өлчөмүндө. Республика боюнча орточо төлөнө турганы 2016-жылга айына  334 сомду, 2017-жылга – 354 сомду жана 2018-жылга – 377 сомду түзөт (колдонулуп жаткан мыйзамдарга салыштырмалуу 1,6 эсе аз). Колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин 2018-жылга ОАЭ 5 % чейин этап этабы менен жогорулатуу каралууда, бул 628 сомду түзөт.

Мындан сырткары, колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык берилген лицензиялардын негизинде иштеген жана гонорар (сыйакы) алган жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн ОАЭ 10 пайызы өлчөмүндө тариф чени боюнча төлөшөт. Ал гонорардын (сыйакынын) суммасынан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн, мисалга Бишкек ш. боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 2016-жылы 1487 сомду түзөт (Бишкек ш. ОАЭ 10 %). Мында эркин кесиптин ээлери болгон жазуучулардын, журналисттердин, сүрөтчүлөрдүн, артисттердин, философтордун эмгеги үчүн төлөнгөн гонорардын өлчөмү 100-200 сомду түзөт. Мыйзам долбоору менен камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин алган гонорардын 10 пайызы өлчөмүндө белгилөө сунушталууда (Пенсиялык фондго - 9 %, ММКФ - 1 %).   

Мыйзам долбоору менен камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ыктыярдуу төлөнүшүн караган колдонулуп жаткан мыйзамдын 10-беренесине тактоо киргизилип жатат. Аталган ченемдин төлөөчүлөрдүн бардык категорияларына а.и. дыйкан фермердик чарбаларга бирдей колдонулушу киргизилип жатат. Мисалы, мыйзам долбоорунда камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандыруу полисин сатып алып Пенсиялык фондго 8 пайыз же 10 пайыз алардын 8 пайызы Пенсиялык фондго жана 2 пайызы МТПФ учурдагы айга жана келерки мезгилге  гана ыктыярдуу төлөнө турган ченем жазылууда.

Алдын ала болжолдуу эсептер боюнча мыйзам долбоору кабыл алынган учурда ЖИ камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 2017-жылы 802,9 млн. сомду, 2018-жылы 849,1 млн. сомду, 2019-жылы 903,2 млн. сомду түзөт.

Сунушталган мыйзам долбоору менен төмөнкүлөргө жетишилет:

  • жер үлүштөрүнүн (участоктордун) аянтын жана категориясын эске алып колдонулуп жаткан ченемдерге салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин азайышы; 
  • жер үлүшү (участоктору)  аз ДФЧ кызыкчылыктарынын эске алынышы;
  • ДФЧ жана ЖИ үчүн бир кыйла мүнөздүү жана түшүнүктүү ченемдер (ушундай эле ченемдер 2015-ж. 19-мартындагы № 60 КРМ кабыл алынган чейин колдонулган – жер салыгынын базалык чендери, камсыздандыруу төгүмдөрүн патенттен эсептөө боюнча);
  • камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн индексациянын коэффициентинин колдонулушу алардын нарксыздануусун (сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жоготушун) болтурбоого мүмкүндүк берет;
  • камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктарды эсептөөнү бирдиктүү базага келтирүү;
  • камсыздандыруу төгүмдөрүнүн алгылыктуу тариф чендерин белгилөө аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү ачыкка чыгаруу.  

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы №278 токтому менен бекитилген Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек болот.

Мыйзам долбоорунун иш аракетинде мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, коррупциялык, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжалар.

Мыйзам долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, коррупциялык, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.

Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун расмий сайттарына жайгаштырылат.

Мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктыгы.

Мыйзам долбоорунда Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келген ченемдер жок. 

Каржылоо булактары.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, анын ишке ашырылышы республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Жөндөө таасирин талдоо.

Аталган долбоор ишкердик ишин жөнгө салууга багытталгандыктан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген Жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын  

Социалдык фондунун төрагасы                                                        Т.Абжапаров