Жарыяланган 16.09.2020

2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

2020-жылдын 1-октябрынан тартып

пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

 

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат. 

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2020-жылдын
11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2020-жылдын
1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» № 481 жана «2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» № 480, токтомдору кабыл алынды, жана аларга ылайык 2020-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкүлөр каралган:

  • пенсиянын базалык бөлүгүн 105% га өсүшүнө же 100 сомго индексациялоо. Ошону менен бирге эгерде пенсиясынын жалпы өлчөмү 4286,7 сом өлчөмүндөгү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.

- пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,07 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 360 сомдон кем эмес индексациялоону жүргүзүү.

Индексациалоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107%-га өсөт.

Бул иш чаралар эң төмөнкү чекти белгилөөнүн эсебинен аз камсыз болгон ошондой эле пенсиялык системага чоң чегерүүлөрдү төлөгөн жарандардын дагы кызыкчылыктарын коргойт, төгүмдөр канчалык көп болсо, индексациялоо ошончолук жогору болот.

Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз деген 360 сомго жогорулатылат.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6061 сомду түзөт.

689,0 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 миллион сом кошумча керектелет. 

Пенсионерлер 2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алышат.