Жарыяланган 29.07.2016
Социалдык фонд 6 айдын ичинде 12,5 млрд.сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады
Социалдык фонд 6 айдын ичинде 12,5 млрд.сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады
2016-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 12,5 млрд. сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, Бул көрсөткүч 2015 - жылдын 1- жарым жылына салыштырганда 1262,4 млн. сомго көп же 111 %ды түзөт. Бул жөнүндө КРнын 1-вице премьер-министри М.Д.Абулгазиев катышкан “2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгын” чыгарган Социалдык фонддун башкармалыгынын кеңейтилген отурумунда айтылды.
2016-жылдын 6 айы үчүн пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө 17388,0 млн. сом өлчөмүндө керектүү сумма толугу менен каржыланды. 2016-жылдын 1-июлуна карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок.
2016-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 605,3 миң адамды түздү, анын ичинен: 355,7 миң адам же жалпы санынын 59 % «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 249,6 миң адам же 41,% республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсияларын алышат.
Аскер кызматкерлерине пенсия төлөп берүүгө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2016-жылдын 6 айы үчүн 8233,7 млн. сом суммасында түштү.
2016-жылдын 6 айы үчүн жалпы киреше алдын ала маалыматтар боюнча 22669,4 млн. сомду түздү.
Алдын ала маалыматтар боюнча Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна (МПТФ) түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү 2016-жылдын 6 айы үчүн – 551,2 млн. сомду түздү.
2016-жылдын 6 айында МПТФ каражаттары 2 588,4 млн. сом суммасында төмөнкү активдерге инвестицияланды:
Мамлекеттик баалуу кагаздарга (ГКО, ГКВ) - 1 764,4 млн. сом;
Комбанктардын депозиттик салымдарына - 824,0 млн. сом.
Жалпысынан МПТФ каражаттары боюнча 2016-жылдын 6 айы үчүн 633,8 млн. сом суммасында киреше аланды.
Ошондой эле, Социалдык фонд акционердик коомдордун акцияларынан дивиденддер боюнча 5,3 млн. сом суммасында киреше алды.