Жарыяланган 21.12.2018
КР Соцфонду 2018-ж. 11-ай ичинде 24671 кайрылууну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 13134 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 11537 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.