Жарыяланган 18.12.2018

Урматтуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр!

Урматтуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төлөөчүлөрдүн маалыматтар базасын иретке келтирүү максатында 2018-жылдын 1-декабрынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө жаңы каттоо номерлерин ыйгарды.

Жаңы каттоо номерин ыйгаруу Социалдык фонддун маалыматтар базасында (өзгөртүү) ИНН же ОКПО сыяктуу каттоо маалыматтарынын өзгөрүшүнө алып келбейт. Ошону менен бирге жаңы каттоо номерин берүү  төлөөчүгө кошумча жүк болбойт.

төлөөчүлөр отчет берүүгө келгенде жана регионалдык башкармалыкка  кайрылган учурда регионалдык башкармалыктар тарабынан жаңы каттоо номери ыйгарылгандыгы тууралуу төлөөчүгө маалымат  берилет.

Сиздин жаңы каттоо номериңизди кароо үчүн http://socfond.kg/kg/support/payer/   шилтемесине өтүңүз.

Суроолор боюнча  Социалдык фонддун   Call борборуна 1202 номери  жана Борбордук аппаратка 54-72-28 жана 57-64-11 номерлери аркылуу кайрылса болот.