Жарыяланган 28.02.2018

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Биллинг системасы

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Биллинг системасы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан реалдуу мезгилде түшкөн каражаттарга мониторинг жүргүзүү үчүн банк жана төлөм системалары аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча биллинг системасы иштелип чыкты. Ошондой эле төлөм терминалдарынын жардамы менен төлөмдөрдү автоматташтырып кабыл алып, андан соң төлөмдөрдү Социалдык фонддун эсебине которуу, ошондой эле төлөм системаларынын операторлору аркылуу төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгуу жана берүү үчүн ААК «Айыл Банк», ААК «РСК Банк» жана «Росинбанк» банктары менен келишимдер түзүлдү.   

Биллинг системасы – жеке ишкерлер жана дыйкан (фермердик) чарбалар (мындан ары – төлөөчү) тарабынан коммерциялык банктардын төлөм системалары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу жана эсепке алуу боюнча автоматташтырылган маалыматтык система.    

Камсыздандыруу төгүмдөрү төлөм системалары аркылуу төлөнсө, төлөөчү ПИН жеке идентификациялык номерин киргизет, ал эми төлөөчүнүн маалыматтары дароо толтурулуп, андан соң төлөөчү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт, андан кийин төлөм системасы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөнү тууралуу төлөм чегин берет. Төлөм чегинде төлөөчүнүн ПИН, ФАА, төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы жана району көрсөтүлөт.    

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төлөнгөн сумма тандаган району боюнча төлөөчүнүн балансына түшөт жана автоматташтырылган маалымат системасында (система) чагылдырылат.

Төлөөчү төлөм чеги менен камсыздандыруу полистеринин жана дүмүрчүктөрдүн жазылышына жооптуу региондук органдын кызматкерине кайрылат. Региондук органдын кызматкери ПИН боюнча системадан төлөөчүнү издейт, бар болсо жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү анык болсо региондук органдын кызматкери камсыздандыруу полисин же дүмүрчөктү Системада каттайт жана камсыздандыруу полисинин бланкын же дүмүрчөк жазып берет.    

 

Төлөөчүлөр үчүн колдонмо

"Мобильник" Төлөмдөрдү кабыл алуу терминалынын алдынкы экраны

тандаңыз Налоги, Сборы, Штрафы   Социалдык фондду тандаңыз