Жарыяланган 11.07.2024

Соцфондго 2024-жылдын январь-июнь айларында 11847 кайрылуулар келип түшкөн

Соцфондго 2024-жылдын январь-июнь айларында 11847 кайрылуулар келип түшкөн

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-июнь айларында 11847 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 255;
  • ооз эки кайрылуулар – 668;
  • КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 79 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 2375;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1675;
  • Call-центр СФ КР – 6795.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өлчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.