Жарыяланган 20.06.2024

Окуу борбору менен тыгыз байланышта болуу, сабаттуулукту жогорулатат

Окуу борбору менен тыгыз байланышта болуу, сабаттуулукту жогорулатат

Жайкы өргүүлөргө карабай пенсия тууралуу түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз улантылууда.

Тактап айтсак, Бишкек шаардык мериясынын Биринчи май райондук администрациясынын борбордук аппаратында иштегендерге жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык коргоо департаментинин эмгек жамаатына окуулар өтүлдү.

Окууга катышкан мамлекеттик кызматкерлер, мындай окуу дайыма керек экендигин айтышып, айрым түшүнбөгөн суроолоруна карата ой пикирлерин талкуулашып, туура жоопторун алышты.