Жарыяланган 18.06.2024

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан 78 жаранга пенсия чектелди, анын ичинен:
- Россия Федерациясынын 69 жараны (1 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияга өткөн, 1 жаран узак мөөнөткө төлөнбөгөндүктөн пенсиясы токтотулган),
- Казакстан Республикасынын 8 жараны (анын ичинен 2 жаран арызынын негизинде пенсиялары токтотулган),
- 1 Беларусь жараны (Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык пенсияга которулган).

Ошондой эле Россия Федерациясы Кыргызстандын 51 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.