Жарыяланган 12.06.2024

Кыргызстан менен Кытай социалдык камсыздоо жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Кытай социалдык камсыздоо жаатында кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Кытай социалдык камсыздоо жаатында кызматташууну талкуулады

2024-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү менен Кытай Эл Республикасынын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министрлигинин делегациясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар социалдык камсыздоо жаатындагы эки тараптуу мамилелерди талкуулап, ага кошумча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б.Дж. Алиев өз сөзүндө, “Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну бекемдеп, ведомстволор аралык өз ара кызматташтыктын динамикалуу өнүгүүсүн улантуу үчүн жакшы кадам болуп калат. Ошондой эле,  мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгө да чоң өбөлгө түзөт” - деп белгиледи.

Ал эми, Кытай Эл Республикасынын Адам ресурстары жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Юй Цзядун мырза бүгүнкү жолугушуу эки ведомствонун өкүлдөрү үчүн маалымат алмашууга  натыйжалуу аянтча болгонуна токтолуп, боюнча мындан аркы максаттарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мындан аркы кызматташууну жакшыртууну  каалашарын билдиришти.