Жарыяланган 10.06.2024

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-май айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-май айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын январь-май айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 4 596,1 млн.сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 3 338,8 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,3-17,2% болгон.

2024-жылдын январь-май айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 868,0 млн.сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 312,0 млн.сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 4,4 млн.сом.
- башка кирешелер - 2,4 млн.сом.

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-май айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 186,8 млн.сом киреше алынган.