Жарыяланган 11.05.2024

Журналист Улукбек Карыбек уулунун журналисттик иликтөөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү билдирет

Журналист Улукбек Карыбек уулунун журналисттик иликтөөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду төмөнкүлөрдү билдирет

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Абдисултан Саттаров аттуу жаранга пенсия чектелген. Аталган жаран пенсиясын өзүнүн арызынын негизинде “Кыргыз Почтасы” ААКнын Кадамжай районундагы 720220 ОС-18 Фрунзе байланыш бөлүмү тарабынан алып келген. Бирок Абдисултан Саттаров 2023-жылдын 9-июнунда каза болгон. Бул тууралуу Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгына эч кандай маалымат берилген эмес. 2024-жылдын 5-апрелинде Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгына анын уулу Саттаров Нурбек кайрылып, атасы Абдисултан Саттаров 2023-жылдын 9-июнунда каза болгонун, ошого байланыштуу мыйзамда каралган сөөк коюу жөлөкпулун алуу өтүнүчүн келтирген.
Ушундан улам атайын кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын  жыйынтыгында 720220 ОС-18 Фрунзе байланыш бөлүмүнүн башчысы А.Матраимова жалпы 33084 сом акча каражатын мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды. Тагыраагы, 720220 ОС-18 Фрунзе байланыш бөлүмүнүн башчысы А.Матраимова маркум Абдисултан Саттаровдун каза тапканын билип туруп, аны тиешелүү жактарга кабарлабастан, 2023-жылдын  июнь айы үчүн 8271 сом, 2023-жылдын июль айы үчүн 8271 сом, 2023-жылдын август айы үчүн 8271 сом, 2023-жылдын сентябрь айы үчүн 8271 сом акча каражатын Абдисултан Саттаровдун ордуна өзү кол коюп, акчасын алып жүргөн.

А.Матраимованын бул мыйзамсыз иши ачыкталган соң, 2024-жылдын 8-апрелинде Социалдык фондунун эсебине 33084 сом акча каражатын которуп берген. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен “Кыргыз Почтасы” ААКнын ортосунда түзүлгөн Келишимдин 5.2.3 беренесин бузгандыгы үчүн “Кыргыз Почтасы” ААКнын 720220 ОС-18 Фрунзе байланыш бөлүмүнө ар бир күн үчүн 0,2%, бардыгы болуп 16956 сом айып пул салынган. Мындан тышкары, Социалдык фондунун Кадамжай райондук башкармалыгы тарабынан пенсия төлөмдөрү боюнча келишимдин шарттарын так аткаруу, жогорудагыдай кемчиликтердин алдын алуу максатында 720220 ОС-18 Фрунзе байланыш бөлүмү тарабынан пенсия алган пенсионерлер арасында сурамжылоо жүргүзүлдү.

Ал эми, Нурбек Саттаровдун кайрылуусунун негизинде 2024-жылдын 22-апрелинде № 0-РВБ-00000202 номерлуу реестр менен ОАО “Айыл Банк” банкы аркылуу 31700  сом сөөк коюу жөлөкпулу төлөнүп берилди.