Жарыяланган 18.04.2024
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,30% жылдык кирешелүүлүгү менен 2 595,3 млн.сом инвестициялаган.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 1 830,0 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,3-17,2% болгон
Ошентип, өткөн мезгил ичинде жалпысынан МТПФнын каражаттарынан 4 425,3 млн.сом инвестицияланган.
2024-жылдын январь-март айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 007,1 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 166,5 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 2,5 млн.сом;
• Башка кирешелер – 2,4 млн.сом.
Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-март айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 178,5 млн.сом киреше алынган.