Жарыяланган 28.03.2024

Келечек ээлери жана аларды окуткан мугалимдер пенсиялык система тууралуу лекцияларга активдүү катышып жатышат

Келечек ээлери жана аларды окуткан мугалимдер пенсиялык система тууралуу лекцияларга активдүү катышып жатышат

Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университеттин химия, биология, физика жана география факультеттеринин бүтүрүүчү курстарына жана Кыргыз агрардык Университетинде окуган студенттерге пенсия тууралуу кенен маалыматтык лекциялар өтүлүүдө.

Окуу борбордун адистери жыл сайын жогорку окуу жайлар, орто жана кесиптик окуу жайлар менен тыгыз иштешип келишет. Бул демек мамлекеттик пенсиялык саясатты алдыга жылдырууга болгон өзгөчө аракет десек жаңылбайбыз. Андыктан Университетти бүтүп барып ишке орношуп келишим түзүү учурунда, студенттер үчүн мындай маалыматтар табылбайт.

“Келечек” жаңы конушундагы №87 орто мектебинин мугалимдер жамаатына кезектеги лекциябыз окулду. Мектепте иштеген жаш мугалимдерге пенсияга чыгуунун жолдору, мыйзамдары туурасында убагында кабардар кылуу зарыл. Бул айрым убаракерчиликти четтетет. Билим ачкыч ээлери болгон мугалимдердин дагы айлыктары көбөйгөн сайын пенсия дагы кошула бермекчи. 

Мугалимдер лекция учурунда соцфонддун топтомо фондундагы топтолгон каражат туурасындагы маалыматыбызга өзгөчө кызыкдар болушту. Кантип акчалай алсак болот, ипотекага төгүш үчүн каалаган учурда акчалай алсак болобу, деген суроолорго Окуу борбордун адистери кенен жооп беришти. Муну менен катар Жалил Садыков атындагы №84чү жана №77, №89, №51чи билим берүү мектептеринин бүтүрүүчү класстарына дагы лекциялар окулду.